16+
Март Революциясы

Бесплатный фрагмент - Март Революциясы

Коомдук-саясий драма

Объем: 78 бумажных стр.

Формат: epub, fb2, pdfRead, mobi

Подробнее

Диктор:

Катышуучулар:

Даанышман — жашы 70ке барып калган өлкөгө белгилүү адам, акылы терең аксакал. Совет доорунда көп жылдан бери чоң өндүрүштө жетекчи болуп иштеп келген, эркиндик заманында элди тынбай аракеттенүүгө, эмгек кылууга, өнүгүүгө жана такшалууга чакырган партиянын лидери жана идеологу. Прототиби Садыр Назаров, белгилүү коомдук ишмер, илимпоз, анын сүрөтү китебтин сырткы бетинде берилген.

Рухайым — саясий коомдук ишмер, акын жана философ. Мурдагы ажону кызматтан качып кетуусун бир жыл илгери билип, ошондой эле жаңы президенттин такка келишин алдын ала айтып, ошол тууралуу поэма жазып, коомчулукка кеңири таанылып калган аялзат.

Журналист — мурдагы ажону тактан кетирүү, жаны бийликтин, ажонун келишине олуттуу салымы бар инсан, чыгаан журналист.

Куудул — абдан жөндөмдүү, тез кыймылдаган адам.

Революциянын коргоочулары — жылаңач батырлар, укук коргоочулар, коомдук ишмерлер.

Революцияга каршы тарап — ак-шапкечендер, акаевдин идеологдору, ишмерлери, чинолвниктери, журналисттер жана башкалар.

Балитолог — бөтөн улуу өлкөнүн өкүлү, ыңкылапты төңкөрүшкө айландырууга өмүрүн арнаган, ошонун эсебинен жанын баккан политолог.

Саясий желмогуздар — эски бийлик тарабындагы көзү ачыктар, кошокчулар, дуба салуу, көздү боемолоо жана башка магиянын өнөрчүлүгү менен ынтызарланган өлкөбүздөгү кара көчтөр.

Элдин үнү — Ала-Тоо аянтында чогулган адамдардын алыстан угулуп турган сөздөрү, чакырыктары, ураандары.

Диктор — өзү сценага көрүнбөй, трибунага чыккан же экранда пайда болгон адамдарды тааныштырып, алар тууралуу сөз кылып же аларга сөз берип турган актер.

Эпизоддордо катышкандар:

Кыргызстандын бугунку Ажосу

Кыргызстандын экс-Ажосу

Кыргызстандык коомдук жана саясий ишмерлери

Дастан Сарыгулов, Азимбек Бекназаров, Омурбек Текебаев, Феликс Кулов, Мелис Эшимканов жана башкалар.

Диктор:

Ушул күнгө чейин талаш түгөнбөдү:

Бул эмне болду — ыңкылаппы

Же төңкөрүшпү?

Ушул күндү тосуп,

Биз сүйүнүп жыргайлыбы

Же боздоп ыйлайлыбы?

Мурдагы бийликти атадай көргөндөр

Коомдун пикирин ача бөлгөндөр,

Атасыз калгандай өкүрүп,

Катуу эле убайым тартты

Саясатчылардын бир даары.

Бул тарыхый соболго

Эң туура жоопту берет биздин драма.

Асмандын да жердин күчтөрүнүн

Бири-бири менен кармашканын,

Бийик жана пас заттардын мелдешин,

Ортодо өз пайдасын көздөп кычаганын,

Же жөн эле бийлик оорусунан курттаганын,

Трайбализмден айыкпаганын —

Баардыгынын бет ачары башталды.

Кандай болсо да, мекендештерим,

Кудай тарапта дайым болууга аракеттенели.

Биз бул тарыхый драманын

Шекспирге тең келебиз деп жаратпадык,

Өлкөбүздүн атагы менен кадыр-баркы

Англиядан кем эмес болсун деп саамадык,

Президентибиздин түбөлүк түспөлү

Авраам Линкольндун турсун деп катарында.

Эмне болот мунун аягында

Баардыгыбыз күбө болобуз убагында.

А бирок мезгил өтө электе, туугандар,

Улуу тарыхый ролду ойноого далбас уралы,

Кийин баардыгы өтүп, калбайлы арманда,

Бизден кийңки урпак-туягыбыз,

Сыймыктанып өссүн бизди эскерип

Жакшы эле болгон аталар деп,

Март ыңкылабын жаратууга жараган деп,

Кетирбей биз кетирген каталарды.

Биринчи акт

Ак-Үйдүн кулаганы

Көшөгө ачылары менен чоң экранда Ала-Тоо аянты, 2005-жылдын 24-мартындагы тарыхый окуялардын финалдык көрүнүшү чагылдырылат. Ак-Үйдүн чабуулу, кулаганы, кыргыз элинин стихиялуу түрдө, толкун сыяктуу жети кабаттуу өкмөт үйүнө каптап киргени. Элдин революциясы иш-жүзүнө ашты. Акырындык менен экрандан миңдеген элдин, ыңкылаптын үнү басылып, аягында фильм токтоп, экранда Ак-Үй, анын айнектеринен карапайым элдердин сүйүнгөн жүздөрү көрүнгөн сүрөт гана фон катары бул актынын аягына чейин экранда калат.

Сценанын сол тарабында Гайд-парктын трибунасы турат.

Биринчи көрүнүш

Сахнага Журналист менен Рухайым чыгышат.

Журналист: Эч кимдин Ак-Үйдү алам деген ою болгон эмес. Баардыгы өзүнөн өзү эле болуп калбадыбы.

Аянтта топтолгон элдин үндөрү угулат:

Бакиев! Бакиев! Бакиев!

Кулов! Кулов! Кулов!

Рухайым: Өзүнөн өзү болгон жок бул окуя. Асман, улуу Жараткан, ааламдын бийик акыл-эси Акаевди тактан кетирүүгө эң оболу кызыгдар болгон. Алдын ала сен тактан кетүүң керек деп ага көп жолу эскерткен, эгер убагында кетпесең, өз атың жана үй-бүлөң тарыхта кара тамга менен жазылат деп, — ал бийликке мас болуп, андай эскерүүлөрдү укпады. Акыры боло турган иш болду.

Журналист: Эмнеси болсо да, аягы жакшылык менен бүтөт деген ишеним бар. Революция майданы кимде кимди бийликтен кулатып, тууган элинен, жеринен безитсе, башкаларды бириктирген болду. Мына биз дагы ушул жаздын ажайып күндөрүндө, ыңкылапчыл Бишкектин кайнап турган көчөлөрүндө, өлкөбүздүн тарыхы чечилип жатканда, эт менен челдин ортосунда турган өтө кооптуу мезгилде сени менен таанышып калбадыкпы. Мен үчүн бул ынкылаптын эң чоң белеги болду, сени менен Ак-Үйдүн чабуулу мезгилинде таанышып калганым,

Сен биз тарап экениңди көрүп,

Жеңиш биз тарапта болоорун түшүнүп.

Рухайым: Жүр эмесе, кулаган Ак-Үйдүн короосуна кирип, аерде сүйлөгөн ораторлордун сөздөрүнө кулак салып көрөлүчү. Алар эмне жөнүндө сөз кылып, эмнени ойлоп жатышат экен?

Аянтта кайрадан калың элдин үндөрү угулат:

Бакиев! Бакиев! Бакиев!

Кулов! Кулов! Кулов!

Экинчи көрүнүш

Сценага Даанышман менен Эл-аралык эксперт Куудул чыгышат. Даанышман — салабаттуу, оор басырыктуу адам, Эл-аралык эксперт — Батыш өлкөнүн өкүлү. Куудул — элпек, ыкчам кыймылдап, сымаптай ойноп, турган жеринде бийлеп да, машыгып да, энергияга толгон жигит.

Эл-аралык эксперт:

Дал экиге бөлүндү өңдөнөт өлкөнүн электораты,

Жарымы Бакиевди жактырып, башкасы Куловду.

Эми бул эки чыгаан кантип бөлүшөөр экен бир кызматты,

Утулган тарап да козгоп жибербейби кээ бир бүлгүндү?

Даанышман: Кудай сактасын андан. Кан төгүлбөй, баардыгы ушундай аяктаганы дурус эле болду. Эгерде ок атылып кан төгүлгөн болсо, бийлик менен элдин ортосундагы тирешүү мынчалык бат жана күтүлбөгөн жерден оңой басылмак эмес.

Эл-аралык эксперт: Эми аны териштирүүгө кажет жок. Кан төгүлүшү керек элеби же жокпу, ак-шапкечендерби же митингчилер өзүлөрүбү Бишкектин магазин-дүкөндөрүн тоноштубу же шаардын мыңк этпей жүргөн момундары түн ичинде шаарды тозутуштубу — эми бары бир болуп калбадыбы. Ошондой эле бул эмне өзү — ыңкылаппы же төңкөрүшпү же жөн «захватбы», мордобой, мародерчулукпу — мунун баарын эми тарых өзү ырастайт.

Даанышман: Ооба, мунун баарын тарыхка жана кийиңки муундарпыбыздын сынагына, сотуна, көзөмөлүнө кой…

Эл-аралык эксперт: Yes it is, I am wholly agry with you. It is just the Great Kyrgyz Revolution!

Куудул: А балким революция болбой калсачы?

Эл-аралык эксперт: Жок, жок. Бул накта революция. It is just the Great Kyrgyz Revolution! Little late all other states around you will go after yours path.

Даанышман: Бул соболдорго азырынча жооп табылбайт.

Кандай болгондо да Акаев качып кеттиби, бала-чака, күйө-балдары менен кошо, демек Кыргызстанда бийлик алмашты деген кеп да. Ал эми бийлик алмашканда, аны менен кошо бийлер, төрөлөр алмашат бири калбай, коом бир аз болсо да тазарат деген шанс, мүмкүнчүлүк пайда болот эмеспи.

Куудул:

Ооба, болгон дейт ошондой үмүт, кыял,

Эл-аралык деңгээлде тарады ушундай мишмиш,

Тетиги Грузия, Украинадан жуккан ооруу имиш,

Аягы айланса да ботко, кишмишке.

Бул уже биздин эмес маселе, ишибиз —

Баардыгана жооп беришет эртең —

Жыргал турмуш жаралабы же тажаалбы, —

Революциянын самап жараткандар,

Алла-Талаага ыраазылыгыбызды айталы бүгүн,

Мекенибизди өзгөртүүгө жол ачып бергени үчүн.

Мурдагы бийликке өлкөбүздү мүлжүттүрбөй бүтүн,

Жүрөк үшүн алдырып, четке кууп чыкканы үчүн.

Даанышман: Ооба, ырахмат сага, Кудайым, Кыргызстанда ушул күндөрдө болуп жаткан саясий окуялар Сен тууралуу кабарды берип жатпайбы.

Эл-аралык эксперт: Албетте ырахмат. Heaven blesses Kyrgyzstan selectively. For that yours people must to act and behave respectively, because it is Revolution!

Эл үнү: Рахмат сага, Жараткан!

Сценага Журналист менен Рухайым чыгышат.

Рухайым: Асман, Тенир, айкөл Манас баатырыбыз ушуну билишкен, өз батасын беришип. Кыргызстанды асмандагы улуу күч дүйнө-жүзүндөгү ажайып пилоттук проект, долбоор катары кабыл алды. Ушуну унутпайлы. Кыргыз эли, жери улуу экенин, Кудайдын көзү бизге түз болгонун сезбей жатасыңарбы?

Журналист: Эгерде андай болбогондо, кантип Ак-Үй куламак? Курал-жаракка жык толгон плутократ ажонун чээни. Кыргыз элинин алтынын, пахтасын, сууларын, жерин тоногон падыша, Аксы элин аттырган зөөкүр бийлик дагы бир жолу массалык түрдөгү кан төгүүдөн, өз элин автомат менен атуудан баш тартат беле?

Эл үнү: Плутократ деген эмине, туугандар,

Бергилечи анын аныктамасын?

Куудул: Хоп болоду, жан акебайлар. (Эл-аралык экспертине кайрылып). Сиз түшүндүрүп бересизби, мударис акебиз?

Эл-аралык эксперт: Yes, OK

Чөнтөгүнөн блокнотту алып, окуй байштай.

Кечиресиз, мен бул терминдерди мурдатан эле кыргызчалатып алганмын, эмесе кулак салып уккула.

Плутократия деп, өңкөй байлардын бийлигин айтат,

Кыскасы, байлар бийликке келип, кысталактар,

Ого бетер байыйлы деген максатта

Түзөт мыйзамдарын, Конституциясын, тартибин,

Башка балекеттин баарын ойлоп тапканын,

Эптеп эле сиз менен биздин канын сооробуз деп башкарганын,

Жалпы элдин талабын таптакыр унуткарганын —

Мына ушундай башкарууну, кудай урганды,

Плутократия же кыргызча Бүлдөккратия дейт, туугандар.

Ал эми Клептократия деп

бийликке келген кылмышкерлердин өлкөсүн айтат.

Бул бийликтин арам түрү амал дегенде

жатып калган кысталактардын бийлигин чагылдырат.

Эң жаман мыйзамдарды, Конституцияны

өзүнүн бийлигин кармап калуу үчүн

жараткан шүмшүктөрдүн бийлигин айтат.

Куудул:

Кыскасы, мындайдардан үлгү албагыла, туугандар,

Эгерде келечекте кимдир-бирөөңөр президент болуп калсаңар,

Булардын баары саясаттагы ириң-чирик, көтү-баш, гангреналар.

Элди бийликке келип биротоло курутабыз дегендер,

Ушуну эсиңерге бек түйүп эч убакта унутпаңар,

Эл-аралык эксперт:

Эгерде келечекте кимдир-бирөөңөр президент болуп калсанар,

Ушуну эсинерге бек түйүп, эч убакта унутпаңар!

Аскар Салымбеков болобу,

Же Эмиль Умөталиевби,

Же жолдош Ашир Түлөкабыловбу.

Негизи, өз элиңди тонобогун,

Тыгып атса да сага акчана, бурадарың.

Ажолук колдун кири–келет-кетет,

Абийирди жоготсоң — кайра таппайсың.

Бала-чакаң, небере-чөбөрөң толуп ызаага.

Эмнеге мындай жегич болгон деп биздин grand father.

Даанышман:

Анда эмесе, ушул күн кыргыз эли үчүн түбөлүктүү майрам болсун! Кыргыз эли Кудай менен бетме-бет сырдашкан, жүздөшкөн түбөлүктүү күн болсун 24 март күнү, баардыгыбыз ошого колубуздан келген күчүбүздү, акылыбызды кошолу. Оомийн!

Эл үнү (алыстан):

Түбөлүктүү Эл майрамы болсун бул күн!

Бүткүл дүйнө-жүзүн силкинтти катуу толкун,

Бүткүл дүйнө-жүзүндөгү бийлик амалкөйлөрү сокку жеди!

Клептократтар, плутократтар, доңузкраттар титиреди,

Ойлогон максатына, тилеген тилегине жетсин,

байыркы Ала-Тоо эли!

Диктор: Революцияны коргоогондордун бирине сөз берилет!

Гайд-парк трибунасына революциянын коргоочусу чыгат

Ишкер: Албетте, бул күн түбөлүктүү Эл майрамына айланат. Ыңкылаптын душмандары канчалык амалкөйлүк менен ошол 24 марттын түнүндө өзүнүн карамүртөз ыплас акцияларын аткарып койсо да. Акаевдин жактоочулары жөн жаткан жок. Жаңжалды күндүзү эле баштап ак-шапкечендер, өзүлөрү ит болуп калың элдин көзүнчө, түндөсү болгон күч-аракетин жумшашып, революцияны биротоло жок кылууга аракеттенбедиби бул шүмшүктөр. Ачыгын айталы, туугандар, аларга кошулуп калың элдин бир тобу да шаарды тоноо акцияларына аралашып кетпедиби. Бирок негизги уюштуруучулар дал ошо акаевчилер, алар бүгүн да болгон күч аракеттерин ыңкылапты жоктогонго жумшап жатпайбы, эртең да ушул иш менен алек болушат, шүмшүктөр жана суук тумшуктар. Ошондуктан революцияны коргой билели. Күрөш али алдыда.

Элдин үнү: Түбөлүктүү Эл майрамы болсун бул күн!

Диктор: Эми адилеттүүлүк үчүн трибунадан Революцияга каршы тарапка сөз берели.

(Кара костюмчан башына ак кепканы кийген Анти-Ишкер трибунага чыгат).

Анти-Ишкер: Ооба, силерге! Бул эч кандай ыңкылап эмес. Болгону эле төңкөрүш. Ошондуктан, бул күн мародерлордун күнү болуп түбөлүктө сакталып калсын!

Анткени бул ынкылаптын максаты канчалык чапса өргө,

Ошончолук мурдагы бийлик жылган болот көргө

Тарых алдында бөлөнүп чексиз уятка!

Тескерисинче, эгерде революциянын чыкса ашмалтайы

Анда ыңкылапчыларды да Кудай урганы.

Мурдагы бийликтин кайта баштайт кадыр-баркы,

Акырындап — унутулуп уурдаган миллиарды,

Бары бир жакшы болот аягында экс-ажо,

Эгерде жаңы бийлик андан да болсо келесоо,

Тез эле коррупцияга белчесинен матырылып,

Ыңкылаптын идеалын шылдың кылып.

(Сценадан түшүп кетет).

Эл үнү: Ыңкылапты төнкөрүш деп табышкан,

Төңкөрүлсүн баары каргыштан!

Диктор: Негизинен демократиялык өлкөлөр дүйнө жүзү боюнча Бишкекте болуп жаткан тарыхый окуяны революция катары кабыл алышты.

Эл-арадык эксперт: Yes it is. This is the Great Kyrgyz Revolution! The day when Heaven told with people on the Ala-Too.

Диктор:

Ошол эле мезгилде СНГ өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү, Грузия менен Украинадан тышкары, Март ыңкылабын салкын маанайда тосушуп, Россия Кыргызстандагы болгон окуяларда кайра эле Батыш менен Американы айыптагандай сыр көрсөтүп, Кыргызстандан качкан экс-ажоону өзүнүн жылуу берешен кучагына алып коргоду.

Бул жагынан алганда ыңкылаптын душманы болуп аталган, Акаевдин лагеринен чыккан журналист-Балитологдун айткан сөзү өзгөчө маанилуу. Мына мындай ал Москвадан чыккан газетага айтыптыр:

Трибунага Балитолог чыгат.

Балитолог: Разумеется, революцией в Кыргызстане и не пахнет. Произошел банальный переворот и приход к власти южных кланов взамен уступившего северного акаевского рода. Однако у нового руководства Кыргызстана свое мнение по этому поводу, и они уверены, что то что имело место 24 марта является революцией. Тогда как для этого дня больше подходит название — День мародера.

Куудул Балитологду трибунана түртүн, анын ордун ээлейт,

Балитолог «Я протестую» деп, бирок трибунадан кетет.

Куудул: Атаңдын көрү, өзүң мародерсун,

Акаевдин куралын көтөргөн бирөөсүн.

Өлкөнүн уурдалган акчасынан күн көрөсүң,

Чындыкка жамынган жалганды жазып көнгөнсүң!

Буларга ишенбегиле эч качан, калайык,

Акчаны ар тараптан соруу — булардын өнөрү анык.

Ким акчаны көп берсе,

Ошерде тинтип жүрөт мындай балит нерсе.

Эл үнү:

Молодес, эң туура айтасын

Жоголсун Кремлдин куйругу,

Керек болсо Кремлди да талкалайбыз,

Эгерде мындай болсо Асмандын буйругу.

Авторитаризмди сагынгандын баары,

Ыңкылаптын душманы.

Ыңкылапты төнкөрүш деп табышкан,

Төнкөрүлсүн баары каргыштан!

Ыңкылаптын шаңдуу музыкасы угулат.

(Көшөгө).

Үчүнчү көрүнүш

Караңгылаган сахнада Журналист менен Рухайым калышат.

Журналист:

Март ыңкылабы

Маалымат согушун ырбатты,

Журналисттер эки тарапка бөлүнүп,

Чындыктан биротоло баш тартып

Бири-бири менен кармашты.

.

Рухайым:

Аларга теңелип,

Көзү ачык, бакшы, олуя,

Маркумдар менен сырдашканы,

Наркы дүйнөгө тиктегени олурая —

Бөлүнүп эки лагерге алар да

Бири-бири менен кырылышты.

Акаевдин кара күчтөрү

Ак күчтөр менен таймашты.

Баалайбы бул бийлик, түшүнөөр бекен

Эки дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү?

Журналист:

Эки эмес — үч дүйнөдө аны үчүн күрөшкөнүбүздү.

Рухайым: Кандайча?

Журналист: Маалымат чөйрөсүндө — бул бир дегин. Виртуалдык дүйнө — Интернетте. Бул эки дегин. Анан, эң акырында, көзү ачыктар, периштелер, желмогуздар дүйнөсүндө. Сен бул жагында президентибиздин фронтун бекем кармап турбадыңбы.

Рухайым: М-да!

Журналист: Айтмакчы, Акаев президентиктен кетет деген кабарды алгачкы жолу качан алгансың?

Рухайым: Башынан эле бул адам бийликке татыктуу болгон эмес. Асман бул бийликти Чыңгыз Айтматовго буйруган эле, ал болсо бул асмандын буйругун Акаевге тапшырып берген. Улуу жазуучубуз ушул кадамы менен оор катаны кетирген.

Журналист: Бирок башында коомчулук аны жакшы эле кабыл алды го?

Рухайым: Албетте, элдин үмүтү бар болгон, ал турсун Чынгыз Айтматовдун тандаганына да ишенишкен башында. Бирок, Асман, Манас атабыздын руху башынан эле бул кишиге каршы болгон. Ошого карабастан алгачкы жылдары Асман тим болгондой сыяктанган, бул президенти өз эркине коюп, балким оңолуп кетет деген ниетке өзүн өзү алаксытып. А бирок, анын жыйынтыгы жакшы болбоду. Президенттин бийликке татыктуу эместигин, кыргыз элине зыяндан башка эч нерсе алып келбестиги бат эле аныкталды.

Журналист: Качан сен анын тактан шерменде болуп кеткенине көзүң жетти?

Рухайым: 95-жылдары болушу керек. Ал менин түшүмө жылаңач болуп кирген болучу, ошондо мен алгач ирет анын аягы жакшы болбойт деп билгемин. Чынында бул киши ошондо эле президенттиктен кетиши керек эле, бирок ал мезгилде ал күчкө кирип, эсине келе баштаган Чынгыз Айтматовду бийликке келтирбей койбодубу.

Бирок Айматов өзү күнөлү болду. Башынан эле, эл аны сурап жатканда, президенттикке келгенде, Кыргызстан өзүнөн өзү эле оңолмок.

Журналист: Да-аа. Убагында кетпей, акыры он жылдан кийин зордолуп кетти.

Жазуучу болсо убагында такка келбей, кийин арманда калып, бул жарыбаган президенттин азабын бөлүп калды. Кандай татаал драма жана трагедия! Баса (Колундагы саатына карап).

Бир аз кечигип калдым окшойт,

Эмесе мен барайын,

Мындай улуу заман башыбызга түшкөн соң,

Жөн эле жүрө бербейли темселеп,

Заман өзү билбесе да эмне кылаарын,

Бирдеме кылалы, аракеттенели, тыбырчылайлы

Жашоону туура жолго салууга ниеттенели,

Улуу урматтуу март ыңкылабынын айымы.

Журналист кетет.

Диктор: Жалгыз калган Рухайым, креслого барып олтурат, өзүнүн ойлоруна чөмүлүп. Эми уктап кетейин дегенде анын жанына бийлеп үч азгырыктар — мурдагы бийлик тарабында болушкан көз боемочу, каргыш айтууга, дубаны салууга көнүгүшкөн адистер, кара-күчтөр чыгышат. Азгырыктар Рухайымды курчоого алышат.

Биринчи азгырык: Бул бийлик жакын арада эле тактан кетет деп уктук биз. Эмне дейсин буга, өлкөбүздүн чыгаан, атактуу саясий олуясы?

Экинчи азгырык: Ооба, бул президент тактан куулуп келет дейт, бийликке накта кыргызга күйгөн патриот жигит келет дейт.

Үчүнчү азгырык: Чет элде жашап абдан байыган кыргыз экен деп уктук биз.

Үчөө тең (Рухайымды айланып):

Эгерде ал бийликке келсе,

Жыргайт деп уктук кыргыз эли.

Буга эмне демексин,

Бакиевди алып келген кызыбыз?

Рухайым (аларды курчоосунан бошонуп):

Адашып жатасыңар баарыңар,

Ошо бай жигиттин акчасына зарыгып.

Кет десе эле таарынган топ,

Президент кызматынан кетип калабы?

Биринчи азгырык: Сөзүңөн адашпагын өмүрдүн гүлү. Асман айтып жатат, ал келет деп.

Рухайым: Ха-ха-ха. Эгерде билгиңер келсе, асман алып келди учурдагы президентти, мурдагы президентти да кууп кетирди. Асмандын буйругу, Манастын руху менен Ак-Үй алынды, бийлик алмашылды.

Экинчи азгырык:

Абайлагын сулуу кыз. Сени жек көргөн күчтөр абдан арбын жана акча-каражаттуу. Күнү-түн сага каршы дубалай турган болсо эмне кылмаксын, каякка качып кетесин?

Үчүнчү азгырык: Болду эми кызым, бул президентти колдобой эле жүр. Баары бир ал сага эч кандай жакшылык кылбайт. А эгерде сен биз тарапка өтсөң, биз сенден эч нерсени аябайбыз.

Үчөө тең: Ооба, биз билебиз, сен Акаевди тактан кетирдиң.

Эми бул президентти да кетирип берсең, сени биз кечирдик.

Рухайым: Кеткиле нары, караңгы күчтөр.

Силер мени дубаласаңар,

Силерди урган болот Манастын руху.

Кыш… желмогуздар. Силердин убактыңар өттү,

ырдаган ырыңар бүттү.

Акаевди мен эмес — Кудай кетирди!

(Көшөгө).

Экинчи акт

Сахнага Диктор чыга.

Диктор:

Бул акт Конституциялык реформага

Багышталат.

Эки тарап кантип күчкө салып

Утулуп калганын чагылдырат.

Ал эми эгерде бир бүтүмгө келе алганда,

Жылат эле эртеңкиге коомубуз бачым.

Оппозиция да,

Өкмөт түзүлүштөрү да

Өз ээлеген ордун туура табып,

Өзүм баарын ээлейм, башкарам деген

Өлүп тарпы чыккан саясый каада-салт

Албайт эле бизди тузакка кайрадан.

Сахнадан кетет.

(Көшөгө ачылат).

Биринчи көрүнүш

Ала-Тоо аянты.

Сахнада Журналист менен Рухайым.

Журналист (колундагы газетасынын соңку номерин жайып):

Мына мындай жаздым акыркы макаламда. Окуп берейин (гезиттеги макалага үңүлүп окууга даярданып). Президент жана анын жакындары биздин гезитте жарыяланган макалаларды үзбөй окуп жатпайбы. Ошондуктан ага таасир бере алабыз деген оюм бар.

Рухайым: Арийне, сенин жазган макалаларыңды ал окуйт болушу керек. Сенин жазганыңды окуп урматтайт эмеспи. Баса, эмнеге кызматты сурабайсың? Ал кантип сенин талабыңды, ой-максатыңды билип койсун? Өзуң сурабадыңбы — демек, сага кызмат керек эмес экен деп түшүнөт да, башкалардын барысы жан талашып бийликке, жана кызматка илешебиз деп күндүр-түндүр чуркап жатса да.

Журналист: Кандай кызматты сурамак элем?

Рухайым: Сен эмне, түбөлүк журналист бойдон өтөт белең? Ажодон пресс-кызматынын жетекчилигин сурап же ал болбосо, өкмөт гезиттеринин биринин редакторлугун ал. Ал дагы колуңа тийбесе, чет өлкөлүк элчилигинин жетекчилине жет. Кубан Мамбеталиев, Рина Приживойт, Замира Сыдыкова ага-эжекелериңден эмнең кем? Мүмкүн болушунча баарын сурай бериш керек. Бири тийбесе бири тийет. Эл үчүн иштейм дейсиңби жүрөгүңдө, кызматтан көтөрүлгөн сайын мүмкүнчүлүгүң артат. А эгерде кызмат сурабасаң, сенин ордуңду татыксыз бирөө ээлеп, ишти бузуп аягында сен дагы күнөөлүү болосуң.

Журналист (ойлонгон таризде): Бир жолу сураган элем ажонун өзүнөн. Өкмөттүк гезиттин редакторлугун. Оппозициянын толкуну аябай күчөп бараткан чакта, Кыргызстан жарандык согуштун коркунучу астында калганда. Бирок ал максатым иш-жүзүнө ашпады. А сен эмнеге кызмат сурабайсың? Сени дагы ажобуз жакшы тааныйт эмеспи? Илгери эле президент боло электе, сага убадасын бербеди беле?

Рухайым: Ооба, берген. Мен ага сиз келечекте Кыргызстанды башкарасыз дегенимде, ошондо мени унутпайсызбы дегенимде, ал мага унутпаймын деген, эгерде чын эле президент болуп калсам, өзү эртең президент болоруна ишенбей, бирок мындай сөздөрүмө кубанып кеткен.

Журналист: Анда эмне үчүн сага жакшы өкмөттүк кызматты бербей жатат? Деги, сен өзүң анын кенешчилерине, өзүнө кайрылгансыңбы?

Рухайым: Кайрылгам, каттарды да жөнөткөм, аны менен жолугушууга да аракеттенгем.

Журналист: Ии, натыйжасы кандай болду?

Рухайым: Кабыл албай жатат. Жакындары менен байланышып турса да, анын мен туралуу ою жакшы болсо да, жакшы кызматты бизге окшогон адамдарга берүүдөн, негедир, тартынып турат, ишенбей жатат.

Журналист: Себеби, тегерегине суу куйду, кошоматчылар толуп алган…

Рухайым: Кана, эмесе, эмнени жаздың кезектеги саясий макалаңда?

Журналист: Мен сага бир эле үзүндүнү окуп берейин, калганын өзүң түшүнөсүң.

Анда эмесе, көнүлүңдү бур … (колундагы гезитке көз салып)

«Так …Манты жеп эле, кокус, президент болуп калды деген оппозициянын өрдөгүн, наалатын жана каргышын кантип жоготсо болот? Элге берген убадаларды аткаруу зарыл, ошондо эч кандай оппозициянын жаман сөзү жукпайт, келечекке таасир бербейт, Кыргызстанды адилет башкарып турсаңыз эле болду. Саясий жана экономикалык реформаларды кечиктирбей аткарыш керек».

Дал ушул мөөнөттө экран жагылып, Кыргызстандын президентинин фотосүрөтү пайда болот.

Кыргызстандын президенти (Үнү):

Албетте, аткарабыз. Жакшы адамдарды, мыкты адисттерди жакшы жооптуу кызматтарга алабыз. Тууганчылык, жердешчилик дегенди, үй-бүлөлүк башкарууну, трайбализм, регионализм дегендерди бийликтин бир дагы бутагына жана бучкагына жолоттурбайбыз. Ант беремин аны үчүн!

Экранда президенттин карааны кайрадан Ала-Тоо аянтынын сүрөтү менен алмашат.

Экинчи көрүнүш

Сахнага Даанышман менен Куудул чыгышат.

Даанышман кранга кайрылып):

Элдин талабы, революциянын негизги талаптары сөссүз түрдө аткарылышы керек.

Залга кайрылып.

Дагы бир жолу аны Ак-Үйгө кат жазып эскертип коеюн. (Экранга кайрылып). Эң негизги талап — биздин эл өзү бийликке ээ болгусу келип жатат, сизге терең ишенип, урматтуу президент.

Экранда кайрадан президенттин көрүнүшү пайда болот.

Президент (Үнү):

Бийлик калыс, чынчыл, таза жана акыйкат болсо — элдин бийлиги деген ошо. Бийлик элге кызмат кылыш керек –эл бийликке кызмат кылбай.

Куудул:

Ии, байым, баардыгы эле башында, такка чыгаары менен, ушундай бал сөздөрдөн баштайт, балекеттин бары кийин өзүнөн өзү эле мен билем деген балээден чубалжып чыгып, бүт өлкөнү селдей каптап, муунтуп ишти бузуп баарын саңырсытат.

Ал эми бийлик качан элге кызмат кылат деген суроо кайрадан бул турмуштан буйт качып, философиялык мааниге ээ болуп, килтейген китептерде гана абстрактуу идея катары жашап калат, жөн эле ооз көптүрмө сөзгө айланат.

Залга кайрылып.

Чын эле, агалар жана инилер, эжелер жана карындаштар, жалпы кыргызым — айткылачы, кагылайындар, — бийлик качан, кайсы мезгилде жана кандай шарттарда элге чынчыл болуп, дитин коюп кызмат кыла баштайт?

Экрандан кайрадан президенттин түспөлү пайда болот.

Президент: Эгерде бийлик суудай таза болсо, элге кайрымдуу, күйүмдүү болгондо гана элге кызмат кыла алат.

Экранда сүрөтү Ала-Тоонун сүрөтүнө алмашат.

Куудул: Ооба, ажом, суудай таза, айдай ачык болсо. Кептин бары кайдан — айданбы же марстанбы — андай суудай таза бийликти издеп таба алабыз?!

Рухайым: Эгерде бийлик асмандын талабына жана элдин ой-максатына дайым кулак төшөп жүргөн болсо, анда ал элге кызмат кыла баштайт.

Даанышман: Мунун бары эң туура. Бирок эгерде эл бийлигин чындап эле куралы, орнотолу десек, эл бийликти түп тамырынан бери шайлап, жооптуу кызматтарга коюп, андан соң ошол бийликти абдан тыкан көзөмөлдөп турган системаны жаратканыбызда гана накта эл бийлигин түзгөн болобуз. Аны үчүн негизги мыйзамыбыз болуш керек.

(Залга кайрылып).

Мына ушуну бизден Март ыңкылабы талап кылып жатпайбы!

Экранга.

Ушул бийик максаттан түңүлбөңүз, президент мырза!

Элдин үнү: Ушул бийик максаттан түңүлбөңүз, президент мырза!

Экран жанып президенттин сүрөтү пайда болот.

Бесплатный фрагмент закончился.

Купите книгу, чтобы продолжить чтение.