12+
Жети ата

Бесплатный фрагмент - Жети ата

Жан-дүйнө кайрыктары

Введите сумму не менее null ₽, если хотите поддержать автора, или скачайте книгу бесплатно.Подробнее

Объем: 114 бумажных стр.

Формат: epub, fb2, pdfRead, mobi

Подробнее

Жети ата

Жети ата — кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеалогиялык түшүнүк. Жети атанын элдик генеалогиялык түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Жети ата кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомундагы ар бир адам өзүнүн жети атасын билүүгө тийиш болгон. Жети атасын билбеген адам кул катары кабыл алынган. 19-кылымдын аягында Кыргызстанга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтааныш адам жөнүндө бир нерсе билүү максатында: „Сенин жети атаң ким болгон“, деп сурашат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыргыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери», деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Жети ата өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер менен аталып, элдин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсинде сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түштүк диалектиде эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы барбы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Жети атаны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеалогиялык тазалыгын сактап калуу жана биол. популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», деп айтылат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шартында бири биринен обочолонуп жашагандыктан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат боюнча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук экзогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдерден айырмаланып, кыргыздарда никенин жана урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө мад-ты иштелип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам жети атасын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамиялык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы жети атасын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.

Жети атам

Ата-бабам багыш аттуу элденбиз.

Кең шаар эски кетмен-төбө жерденбиз.

Байырлап ата-бабам өнгөн жерде.

Суусун ичип аба жутуп келгенбиз.

Санжыра бар мурас кылган урпака.

Кээси алат аксакалы улуулары сурака.

Билбегенди жетим дешип элимде,

Дегени бар жети атасын булар унутпака.

Мына бүгүн санжырадан баштадым.

Бул ойдон бул кыялдан кайтпадым.

Жеткирсем деп тең-туш жоролорго,

Жети атамды ыр кырына саптадым.

Биринчи атам Бакыт менин өз атам.

Сен дегенде ич кайышып жан тартам.

Аман жүргүн күүлү-күчтүү мурдагыдай,

Бир өзүңсүң айдан асыл жан атам.

Улуу кесип аркалаган тарыхчын?

Билим берди жалпы муунга мунум чын.

Неберемин мугалим Калдыбайга,

Мактана алам баш көтөрө мунум чын.

Сен үчүнчү сен атамсың Дайрабай.

Куран окуп дуба кылдым багыштай.

Көрбөсөм да билбесем да  өзүңдү.

Ырга салдым ыр мейкинин чабыттай

Кыбырамын бубам баатыр Бешкемпир.

Теңирим бейишиңде бул адамга кезиктир.

Топурагың торкоо болсун!

Аллахым жабрейилге бул адамды кезиктир.

Тыбырамын Курман-кожо молдонун.

Ал баскан ислам дини жолдомун.

Лаа иллааха иллаллоху,

Иншаллах мен дагы ушул жолдомун.

Чүрпөсү мында турат Кожо-Саип.

Дуба кылам мен алакан жайып.

Бейиште орун алып важиб болсун!

Ак сакалы бол жанната Кожо-Саип.

Жетинчи атам Абуталиб мыкты атам.

Ырым жазып санжыраны таратам.

Жанагындай киргиздерге бул ырды,

Санжыра-деп бүт ааламга таратам.

Атама

Атаке арман көп сага айта албаган.

Арман көп өзүңө жаза албаган.

Атаганат жаштыгымда кете бердиң.

Сырым көп ичимде айтылбаган.

Жаңыдан жети жашка толгонумда,

Аң-сезим эми-эми ойгонгонунда,

Кете бердиң азаптарга бизди таштап.

Болоор эле дагы он жыл болгонуңда.

Декабрьдын орто чендин бир түнүндө,

Кабар келди куттуу биздин үйүбүзгө.

Атаңар оо ааламга узап кетти,

Не азап болду экен бул күнүңүздө.

Аттигиң кош айтыштым атакемден.

Оо теңирим эмне күнөө ал пендеңен.

Атаке алыстарга узап кеттиң.

Сөздөрүң кайда эле дүйнө кенен деген.

Сездиң бекен уулуңдун жетилгенин.

Сездиңби бул уулуңдун эмгектерин.

Жазма акын жаралыпмын бул ааламга.

Сездиңби уулуңдун эрезеге жеткенин.

Оо атаке сезген болсоң сен эгерде,

Кубандыңбы? сүйүндүңбү эмгегиме.

Атаке көргүм келет. сагындым..

Оо аллахым ушул беле бул пендеңе.

Эмне дейин айтаар сөзүм бул болсун!

Бейиштен орун алып жайың болсун!

Жаткан жериң жайлуу болсун!

Атаке тилегеним сага ушул болсун

Өзүм

Кээде ыр жазам чындыкты кошуп.

Өткөнүн жазам жашоомдо болуп.

А кээсинде тагдырдан алып коём.

Анча-мынча сөздөрдү мындан кошуп.

Кээде жазам досторумдун тагдырын.

Башынан өткөн болуп өткөн бардыгын.

Окурмандар ойлобосун таңыркап,

Сүйсө керек-деп бул кыздардын бардыгын.

Ырлар арбын сүйүү дастан айтылган.

Ачык сөз сүйөм жаным жазылган.

Мен жашоодо сүйөм жалгыз инсанды,

А бул инсан ата-энем алтындан.

Талп этип

Жүзүң сонун чайга салчуу анык балдай,

Көздөрүң кара кочкул карагаттай.

Кандай адам деги сени жаратты экен.

Бир өзүңөн нур чачырайт шам чырактай.

Эсиңдеби жолуканбыз кан базардан.

Бактылуумун бул өмүрдө оо жараткан.

Мен ыраактан өзүң менен тиктешем,

Оорум бар, тартынам уялчактык жараттан.

Сүйүү бекен денем басты калтырак.

Көпкө турдум бул сезимден жабыркап.

Көзүм албай тартыламын өзүңө,

Карагандар бар не болду-деп таңыркап

Не күч бар бул сезимге кабылткан.

Жүрөгүмдүн соккон добушун угулткан.

Жан-дүйнөмдү башка аалам курчады,

Жер жүзүнө түшкөн сыңар чагылган.

Араң турдум кулачуудай талп этип.

Күйүккөн чуркап аргымактай энтигип.

Не күч бар айтсаң боло кыйнабай,

Азыр түшөм билип турам талп этип.

Арман

Эл катары суйгум келет.

Каралдым колдон келбейт.

Анткени эркектик кыла албайм,

Ой-туюм бирдей сезбейт.

Төрт жыл мурун илгери,

Ат туяктын тебенеги.

Келип бир тийген.

Алсызмын ошондон бери.

Мен дагы суйгум келет.

Жетелеше баскым келет.

А бирок алсызмын.

Тушунгун ушул себеп.

Каламбы жалгыз түбөлүк.

Жүрөмүн эптеп сүйрөлүп.

Ойлонуп ойго жетпедим.

Кыйнады күндөр жүдөтүп.

Жете албай ойдун түбүнө,

Коно албай турмуш түнөөгө.

Тагдырдын берген сыноосун.

Түркүрдүм ушул өмүрдө

Жаштарды көрүп суктанам,

Теңирден жалынып суранам.

Кайтарып берсе өткөндү,

Башка эмес мен ушуну суранам.

Кут болсун!

Кут болсун досум майрамың.

Куттук айтып турамын.

Отузга чыгып жашыңыз,

Толуп турган убагыңыз.

Ден-соолугуң чың болсун!

Узун-өмүр бак консун!

Таалайың сенин ачылып.

Өмүрдө жолуң мол болсун.

Жамандык сени тоорубасын.

Ден-соолугуң оорубасын.

Жакшылык коштоп жаныңда,

Тиккен гулуң соолубасын.

Ачык болсун жолуң.

Көп болсун сенин сомуң.

Жаман атта калбасын.

Сенин астыңдагы жолуң.

Жардамың тийсин элиңе,

Улуу кыргыз жерине.

Атагын чыксын ааламга,

Макталып калсын жериңде.

Майрамың бугун туулганың.

Отузда сенин курагың.

Ата-энеңди кубанткан.

Отуз жыл мурда туулганың.

Белгилеп бугун турасың?

Белиңди бекем буасың.

Кут болсун майрамың.

Туулган кундук курагың.

Майрамды тос далайды,

Жакшы көрөбүз андайды.

Көп жаша досум көп уза,

Өмүрдү сүр далайды.

Эне ыйык

Дүйнөдө эмне улук аял улук.

Келдиң эле сен өзүң кайдан туулуп.

Кээ бир аңкоор сыйлабастан өз энесин,

Калмайы бар шайтан сыңар замат куулуп.

Болбосо энең кайдан келдин жаралып.

Оо адамзат турмуш улап таралып.

Ак сут менен алдейледи бапестеп.

Сен оорусаң кошо ооруп кагылып.

Эненин таман алды бейиш делет.

Балам -деп энекең колдоп келет.

Ак сутун актадыңбы оо адамдар.

Эненин баскан изи бейиш делет.

Энеңдин тирүүсундө алкышын ал.

Үйгө кирсе алдына төшөгүн сал.

Урматта сыйлап алгын көзүндө,

Колдоп дайым эненин мактоосун ал.

Эне ыйык эне кымбат баарынан.

Теңдешсиз зат, жокго барга чыдаган.

Түн уйкуда жатса дагы наалыбай,

Бапестеди кымбат көрдү баарынан.

Эжеке

Толмоч сиз кара тору сулуусуз.

Бир аз мага сегиз жашка улуусуз.

Аттиң деймин нааразымын жашыма.

Ачык айтсам чынында эле сулуусуз.

Жашым чиркин тең болсочу кысталак.

Болоор элем жакын курдаш ынтымак.

Болбогондо ортобузда  жашыбыз.

Ах чиркин менин жашым кысталак.

Калмайыңыз бар иним деп мени тергеп.

Уялып сүрдөп кетем кээде кетээнчиктеп.

Маралдай кара тору сулуу жансыз.

Алгым келет колдон келсе менчиктеп.

Кеп жашта жактырсам күнөө кимде.

Таалайыңыз байланды экен өзү кимге.

Болбосом да жандаган мен жарыңыз.

Кызганыч сүйүү күчөп турат айып кимде.

Жолума бөгөт болуп мага улуулук.

Камырдай болсом дейм сизге жуурулуп.

Аттигиң колдон келбейт келсе эгерде,

Ичкен ашыңыздан чыгаар элем суурулуп.

Тагдырдын жазмышы деген ушул туура.

Нааразымын жашоого чынында буга.

Же көрүнбөй койсоңуз эмне болмок.

Жаш сезимди салбай бул ызы-чууга.

Махабат

Махабат түгөнгүс кенен дайра,

Чеги жок жагымдуу бардык жанга.

Сүйүүнүн баркын билип жашагандар.

Бактылуу чыны алар тагдырында.

Бакытын издеп жүргөн канча жан бар.

Махабат майданынан адашкандар.

Бактысына жетүүгө тилек кылып.

Тообо кылып теңирге жалынгандар.

Кээ бири бар бактысын чанып кеткен.

Бул менин бактым эмес-деп азап чеккен.

Адашуу жаңылуу кездешет бул жалганда,

Кээ бири бар бактысына эми жеткен.

Махабат аруу болот билген жанга.

Тандаган бакытыңды анда чанба,

Бактысын ача албаган кээ бир инсан.

Аттиң деп сыздап өтөт бул жалганда.

Аймира

Көрүнүп көзгө илине,

Чалынып тордун жибине.

Аймира сулуум арбадың?

Сүйдүрүп мени имере.

Ак кардай сенин мүнөзүң.

Билмексен болуп жүрөсүң?

Айтайын дейм тил барбайт.

Тамаша алып күлөсүң.

Ичимден коём жактырып.

Сыртымдан күлүп каткырып.

Билмексен болуп жүрөсүң?

Сүйүүңө мени балкытып.

Сагынба

Мен алыста жүрөм сени сагына,

Баргым келет кусалыктан жаныңа.

Атаганат бөлүп турат аралык.

Жүргөн сонун кандай сонун жаныңда.

Жүрсөң керек күлүп жайнап жайдары,

Ой жаман ойлор чырмайт кайдагы.

Үч жыл мурун коштошконбуз бекеттен.

Сагынды кусалыкта куса тартат жан дагы.

Сапар алып узап кеткем борбордон.

Мигрантар чубап барат ондогон.

Катарында кетип барам кол булгап.

Садагасы кайтып келем күнүң болжогон.

Андан бери далай күндөр алмашты,

Ой-чырмап санаа толуп санатты.

Жүрөсүңбү аман-эсен орубай,

Көргүм келет күнүм-күнгө алмашты.

Жаныңа барам буюруса жакында.

Санаа тартып жаным сагынба.

Аман болгун кездешкенче жамалым.

Мен да жүрөм бир өзүңдү сагына.

Кантип

Кудалап ата-энең башка жанга,

Өз эркиң жок беле өзүң танда.

Тушалган аттай узадың менден.

Суранам сенден алтыным чанба.

Кезинде сүйөм-деп жүрбөдүң беле?

Эркелеп басып жанымда эле.

Түшүмө киргис жорукту кылдын.

Акыры сенин кылаарың ушул беле?

Унчукпай менден узадың жаным.

Же сулуубу менден артыкбы аның.

Байлыгы күчтүү бай-манап болсо,

Кеттиңби узап түбөлүк деп багым.

Бир кезде сен эркелеп мага,

Түбөлүк болом сен менен-деп садага.

Айтчуу эмес белең жалбарып сулуум!

Алтындай сөздөрүң кетти эле кайда.

Авто бекет

Тааныштык күбө болуп авто бекет.

Жайдары жан экенсин аста секет.

Назгүл-деп жайдары саламдаштың.

Ыраазымын жолуктурган бизди авто бекет.

Ошол кун көз алдыма улам келет.

Эстегенде өзүңдү кубат берет.

Байландым кара-кочкул көздөрүңө,

Жан-дүйнөм туйлап чиркин эзилет.

Бир башкача көздөрүң кара-кара.

Нур чачып жүзүңө күйүп-жана.

Көздөрүң чакыргансыйт өзүңө.

Тартылам сырдашуудан бара-бара.

Убакыт мол болду биз сырдашканга,

Мамилени ыктап биз чыңдашканга.

Жөнөкөй жаратылган жан экенсиң.

Ыраазымын сен менен сырдашканга.

Узаттым күбө болуп авто бекет.

Аман бол жакшы жүр сулуу секет.

Аман жүрсөк дагы кездешээрбиз.

Узаттым бизге күбө болду авто бекет.

Аман бар жолуң шыдыр болсун!

Узак жолдо жолдошуң кыдыр болсун.

Салам айт ата-энең үй бүлөөңө,

Үстүңдө колдоочуң Теңир болсун!

Арак

Оору каптап кыргызымдын арасын.

Ыр жаздым ушул сөзүм жарасын.

Эрмек кылды жаштарыбыз аракты,

А кыргызым таппай калды айласын.

Ойлоп көрсөк келечегин ойлонбой.

Көбү жүрөт күндө майрам тойломой.

Арак болду ичкенибиз суусундук.

Тилегени жалаң эле ойномой.

Жаштарыбыз бузбасакчы жаныбыз.

Таза болот ак болот го каныбыз.

Токтотпосок арак деген жаманды,

Кулу болот байкуш болот жаныбыз.

— — +++ — -+++ — -+++ — -+++ — -+++

Араксыз жашоо жоктойбу,

Бир саамда убакыт өзү токтойбу.

Мындан алыс бололуучу туугандар.

Арак эмес кымыз ичсек болбойбу.

Бесплатный фрагмент закончился.

Купите книгу, чтобы продолжить чтение.

Введите сумму не менее null ₽, если хотите поддержать автора, или скачайте книгу бесплатно.Подробнее