Кыргыз тамгаларынын жаралышы
Араб тамгалары менен он тогузунчу биринчи жарымында кат жазууда кеңири колдонулуп келген.
Кыргыз-казак балдарына арналган «Алифба йаки төте окуу» аттуу окуу китепти атактуу кыргыз агартуучусу Ишенаалы Арабаев Уфада окуп жүргөн кезинде казак студенти Хафис Сарсекеев менен биргеликте даярдаган. Китеп 1911-жылы 15-февралда «Шарк» басмаканасынан кыргыз-казак тилинде араб жазмасында жарык көргөн.
1923 жылы Кыргыз тилинин илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору
Касым Тыныстановдун демилгеси кыргыз тамгасы иштелип чыгат.
1924 жылы арап тамгалары менен XX кылымдын башындагы залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмер, «Алаш Ордо» партиясынын мүчөсү, советтик агартуу системасын түптөөгө зор салым кошкон китеп автору, И. Арабаев кыргыз алипесин жарыка чыгарган.
Апа
Баш тамшасы Аа-болот апанын.
Мен анын билбегендерге капамын.
Ата-энесин сыздаткандарды көрүп мен.
Ич дүйнөмдөн жапаачылык тартамын.
Апа ыйык касиетине далил бар.
Таба албадым кайсы зат ага барабар.
Мээримдиги асылдыгы айда жок.
Кандай зат бар апаларга барабар.
Мен тааныдым апам менен дүйнөнү,
Дайым эсте кыңыр өндүү күлгөнү.
Бир жытыңды таба албадым эч жайдан.
Кыдырсам да издеп аны дүйнөнү.
Апам асыл апам назик сулуусуң.
Маңдайымда жүз жашты сага буйрусун.
Бул жашоомдо тоё албаймын жытыңа,
Теңирим сага жакшылыктарды буйрусун.
Кем кылбасын апалар сенин жашыңды.
Силер үчүн жан соога урам башымды.
Ый көрбөсүн бар болгула апалар.
Урам сага соога кылам жанымды.
Бактылуумун
Бактылуумун арманым жок тагдырга.
Максатым бар койгон оюм алдыга.
Төрт саным аман кудайга шүгүр,
Жарай алам келечекти мен аткарганга.
Бактылуумун ата-энем бир тууган баары эсен.
Мындай шартта башкалардан дүйнөм кенен.
А байлык колдун кири чыны эмеспи,
Журсө болду ата-энем оорубай эсен.
Бактылуумун жолум жарык чайыттай,
Турмуш тизгин алгам ага чабыттай.
Мындан артык не кереги бар чынында,
Бактылумун кадимки жылтыраган сымаптай.
— — — — — — — — — — — — — — — — — — — — — — —
Бакыт берсин тиленгеним ушул жалпыга.
Бакыт тилейм бириң эмес жалпыңа.
Үзүп алган ажал бизге келбейсин.
Аманчылык бакыт берсин баарыңа
Венера
Кошуна кыз жаркылдайсың Венера.
Салам айтып тамашалайсың Венера.
Зериктирбей аркы-берки кеп салып,
Тамашакөйсүң ачык жансың Венера.
Кымча белиң басканың сенин маралдай.
Көз салсаң катып калам кача албай.
Жашым кичүү айыптыгым ушунда,
Аттиң кала берем айта албай.
Жөнөкөйсүң сен башкалардан бөлүнүп.
Сырдашканда сен жамгырсың төгүлүп.
Асмандагы жылдызсыңбы Венера,
Бир жаркырап бир башкача көрүнүп.
Кошуна кыз айдай кызым Венера.
Сыр бербей сырдашам мен жөн гана.
Айырмабыз эки жашка улуусуз.
Айта албай сактап келем жөн гана.
Гүл сундум
Биз кыздарды гүлгө айга теңейбиз.
Гүл сунуп белек берип келебиз.
Оюн кулку шапаар тээп ойлонбой.
Кыз аттуга жүгүрөбүз неге биз.
Гүл алдыңбы апакеңе сен арнап.
Асыл кымбат деп аны баалап.
Кабак кашым дебей бизди өстүргөн,
Гул тердиңби апама деп анык баалап.
Апа кымбат асылдыгын сезбейбиз.
Катуу айтса таарынабыз кектейбиз.
Ал да жан белек алууга татыктуу,
Гүл сунуп татту белек неге бербейбиз.
— — — — — — — — — —
Тур жөнө белек алгын камдагын.
Эртең кеч бүгүндөн эле баштагын.
Убактылуу бул жашоого апаңа,
Сыйлай албай апакеңе калбагын.
Даарыгер
Ах халатчан сыпайы назик дарыгер.
Ден-соолук теңирим буларга бере көр.
Ковид каптап турганында элимди,
Эң барктуу асыл болдуңар дарыгер.
Бутту бүгуп жатып албай куушуруп.
Иштедиңер ооруу менен алпурушуп.
Жеңербиз деп ооруу кургур немени,
Болдуңар силер алдыга карай умтулуп.
Баркыңарды сезбей чыны келгенбиз.
Көрдүк чыны кубатуулугуң эми биз.
Бар болгула тандаган кесип даарыгер.
Чыны баатыр экенинди билдик биз.
Жалал-Абад
Жалал-абад эки башка жазылып.
Баш тамгасына «Ж» тамгасы тагылып.
Башка шаарга алмаштырбасын дегенби,
Жалалдан соң тире турат жазылып.
Базар-коргон Ала-бука Аксы бар,
Тогуз-торо Сузак жана Ноокен бар.
Чар тарабы курчаган көл менен.
Чаткалдан соң Токтогул жерим бар.
Улуттарга бөлүп биз чыны келбейбиз.
Конок келсе чык лебей кел дейбиз.
Өзбек кыргыз менен тажиктер,
Биз кадимки биримдиктүү элдейбиз.
Кет дебей кел демей бар элимде,
Ынтымак бар Жалал-Абад жеримде,
Орус, Түрк Уйгур, Азер, Татарлар,
Жашап келет талашы жок жеримде.
Өссүн алга кемибесин кыргызым.
Жарык болсун асмандагы жылдызың.
Жер талашпай ынтымакта жашайлы,
Тирүү жанга табыла берет сенин ырысың.
Заман
Жакшы болот деген сайын заманың.
Турмуш бизди өтөө эле алдадың.
Ал баягы жокчулук деген балекет.
Сен торуңда чыгарбай эле камадың.
Жакшы заман келеби өзү элиме,
Алакандай улуу кыргыз атту жериме.
Болот десе болбой эле баратат.
Качан келет куунак турмуш элиме.
Жетишпестик ээлеп асыл журтумду,
Бул балээни өзү кимдер бизге жугузду.
Жакырчылык жокчулук бул заманың.
Мени эле эмес элимди да тойгузду.
Жокчулук, ичи-таарлык бизди тоорууду,
Жакшы заман берешендик азыр соолуду.
Ал баягы мейман дос улуу кыргызым.
Бесплатный фрагмент закончился.
Купите книгу, чтобы продолжить чтение.