Артыбызга кылчайганда жашообуз эсте калган айрым көрүнүштөрдөн, көз ирмемдерден турганын байкайбыз. Алар чогулуп келип, кыл калемдин майда-майда сүртүмдөрүнөн жаралгандай жашообуздун полотносун түзөт. Бул китепте мен 30 жылдык жашоомдогу ошондой мага кымбат сүртүмдөр менен бөлүшүп жатам.
Книга публикуется в авторской орфографии и пунктуации
1970-жылы Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган. 1994-жылы КУУнун физика факультетин аяктаган. 1997-жылдан бери журналистика жаатында эмгектенет. Ырлары мезгилдүү басма сөздөрдө, альманах, антологияларда жарыяланып келет.