12+
Келечекке умтулуу

Бесплатный фрагмент - Келечекке умтулуу

Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг.

Объем: 132 бумажных стр.

Формат: epub, fb2, pdfRead, mobi

Подробнее

Автордун эмгек жолу

Арзымбек Өсөров 1928-жылынын аягында Кыргызстандын түштүгүндөгү Ленин районундагы (азыр Дж-Абад обл. Ноокен р-ну) Ноокент сельсоветинин Бирке айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз. Кушчу уруусунан болот.

Эмгек жолун согуш мелгилинде 14-жашынан Ноокент сельсоветинде эсепчи, учетчик кызматынан баштайт.

1950-жылы Жалал-Абаддагы мугалимдер институтун бүтүргөндөн кийин Жалал-Абад областтык «Большевик жолу» гезитинде бөлүм башчы болуп иштейт, андан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1951-жылы КПССтин катарына кабыл алынган.

Демобилизациядан кийин Ленин райондук «Жеңиш жолунда» гезитинин редактору болуп иштеген.

1953-жылдан партиялык иште: Ленин-Жол МТСинин зонасы боюнча Кыргызстан Компартиясынын Ленин райкомунун уюштуруу белумунун башчысы, секретары.

1959-ж. ыргызстандын Борбордук Компартиясынын партиялык органдарынын жооптуу уюштуруучусу тарабынан бекитилди.

1961-ж. КПСС тын Жогорку Партиялык мектебин бутурген.

1962-ж. эмгекчилер депутаттарынын Ош райондук Советинин аткаруу комитетинин председатели, Кыргызстан Компартиясынын Ош райкомунун биринчи секретары болуп иштеген.

1962-1967-жж. эмгекчилер депутаттарынын Кара-Суу райондук Советинин аткаруу комитетинин председатели.

1967-1970-жж. Кыргызстан КП Ош обкомунун бөлүм башчысы болуп иштеген.

1970- 1975-жж. — Кыргызстан Компартиясынын Ош областынын Ноокат райондук комитетинин биринчи секретары.

1975-1985-жж. — Нарын облусунун Тянь-Шань райондук партия комитетинин биринчи катчысы.

1985-1989-ж. — Кыргыз ССР КП БКнын Ош облусу боюнча партиялык көзөмөл комиссиясынын төрагасы.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мучелугуне кандидат,

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6-10-чакырылышынын депутаты,

Уч жолу «Ардак Белгиси» ордени, эки жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Каарман эмгеги үчүн» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

06.11.2001 дүйнөдөн кайткан.

Трудовая биография на фото

В 1950 годах Арзымбек Осоров служил в рядах Советской Армии, в воинской части Красноярского края. После демобилизации работал в редакции районной и областной газет, после чего был выдвинут на руководящую хозяйственную работу такими видными деятелями страны, как Торогул Балтагулов и Исхак Раззаков.

«Каждый творит свою судьбу сам, но и окружающая обстановка и люди, вносят свои коррективы. Но в какой бы ситуации ни оказывался человек, он должен стремиться к самореализации. А насколько это удастся ему, об этом уже будут судить и давать оценки потомки…» А. Осоров.

Выпуск Дж-Абадского Учительского института, 1950 г. Осоров — третий во втором ряду слева. Пятый в первом ряду — Ж. Мавлянов, шестая — В Калашникова, ставшие позже известными людьми в стране.
На полевом стане. В середине на заднем плане — Юрий Беляк, известный хозяйственный руководитель страны.

На отдыхе вместе с семьей А. Суюмбаева.
Встреча с передовиками труда. В середине Т Кулатов, председатель Верх. Совета Кирг ССР.
С коллегами по Ошскому обкому партии. (Внизу) С деятелями культуры из России.
В 5-раз Арзымбек Осоров был избран депутатом Верховного совета Кирг. ССР по Он-Арчинскому избирательному округу Нарынской области.

Келечекке умтулуу

КИРИШ СОЗ

Биздин өлкөбүз күндөн-күнгө, жылдан-жылга өркүндөп бара жатат. СССРдин бардык элдери бир туугандык улуу биримдикте ийнине ийин тирешип, жер жүзүндөгү эң адилеттүү, эң гумандуу коомго коммунизмди көздөй бара жатышат. Ата Мекенибиздин жеңиштери — бузулгус монолиттүү дос туктун бир туугандык түйүнү менен бекемделиши Советтер Союзунун бардык элдеринин күчтөрү менен таланттарынын гүлдөшүнүн айкын-ачык күбосу болот. Совет бийлигинин жылдарында Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрдү, ал жогорку өнүккөн, экономикалык жактан кубаттуу социалисттик республикага айланды. Совет бийлигинин жылдарында кыргыз эли башка советтик элдердей эле алдынкы, социалисттик улут болуп түзүлүп, экономикалык жана маданий турмушунда зор социалдык өзгөрүүлөрду турмушка ашырды, өзүнүн улуттук мамлекетине ээ болду.

Мурда упурап жок болуу алдында турган, падышалык Россиянын колониалдык элети болгон кыргыз эли өзүнүн бүгүнкү күндөгү эбегейсиз зор жетишкендиктери менен Коммунисттик партияга, анын Лениндик Борбордук Комитетине, өлкөбүздүн бүткүл элдеринин достугуна, өзгөчө, бир туугандык жардамын дайыма жоомарттык менен көрсөтүп жаткан улуу орус элинин достугуна милдеттүү.

Формасы улуттук, мазмуну социалисттик, духу жана багыты боюнча интернационалисттик маданияттын гүлдөп өсүшү, жумушчулар менен колхозчу дыйкандардын союзунун бекемделиши, революцияга чейин дээрлик болбогон улуттук интеллигенциянын түзүлүшү партиябыздын Лениндик улут саясатынын жана элдердин бузулбас достугунун эбегейсиз зор жетишкендиги болуп саналат.

Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын программасында мындай деп айтылган: «Социализм социалдык улуу проблеманы чечти эксплуататордук таптарды жана адамды адам эксплуатациялоону туудуруучу себептерди жок кылды. СССРде достош эки тап жумушчу табы менен дыйкандар табы калды. Ошону менен бирге бул таптардын өздөрү да өзгөрдү. Социалисттик менчиктин эки формасынын жалпылыгы жумушчу табын жана колхозчу дыйкандарды жакындатты, алардын союзун чындады, алардын достугун бузулбас кылды. Эл арасынан чыккан жана социализмге берилген жаны интеллигенция өсүп чыкты. Шаар менен айыл-кыштактын ортосундагы, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы мурдагы карама-каршылык жоюлду. Жумушчулардын, дыйкандардын, интеллиген- циянын түпкү таламдарынын жалпылыгынын базасында совет элинин социалдык-саясий жана идеялык бузулбас биримдиги түзүлдү»

Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын экономикалык саясатынын эң башкы максаты -элдин турмуш жыргалчылыгын жогорулатуу. Коммунизмди куруу доорундагы чечиле турган социалдык башкы проблемаларга бардык таптардын жана социалдык топтордун өз ара жакындашы, шаар менен айыл-кыштактын, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы айырмачылыктарды бара-бара жоюу, калктын ар кандай катмарынын эмгек жана турмуш тиричилик шартын, маданиятын тендештирүү сыяктуу маселелер кирет.

Марксизм-ленинизм ар тараптан өсүп жетилген жеке адамды калыптандыруу алардын материалдык жана рухий талаптарын канааттандыруу менен ишке ашырылат деп үйрөтөт. Буларды толук аткаруу албетте, белгилүү материалдык шарттарга байланыштуу.

Совет элинин дайыма өсүп жаткан материалдык жана рухий керектөөлөрүн канааттандыруу, күндөлук жүрүш-туруштары, жашап жаткан экономикалык өнүгүүгө, жалаң эле материалдык шарттарга таасир этпестен, социалисттик коомдун маданияты- нын бардык спецификалык өзгөчөлүгүнө, өткөндүн, учурдун жана келечектин диалектикалык байланышы катары каралат.

Социалисттик коом, — деп көрсөткөн В. И. Ленин коомдун бардык мүчөлөрүнүн толук жыргалчылыгын жана алардын эркин өнүгүшүн камсыз кылат. Социализмдин тушунда керектөө байлыктарын өстүрүү, мунун ичинде материалдык байлыкты өстүрүү эч бир максатсыз эле ишке ашырыла бербейт.

Өнүккөн социалисттик коомго, жалаң гана эко- номиканын жогору болушу эмес, анда жетилген социалдык-саясий мамилелер, аң-сезимдүүлүктүн жогорку деңгээли, илимдин, маданияттын, турмуш-тиричиликтин ар тараптан гүлдөп өсүшү да мүнөздүү. Ошондуктан Совет адамдарынын аң-сезиминдеги, турмуш-тиричилигиндеги өткөндүн калдыктары, саркындылары менен келишпес күрөш жүргүзүү партиялык, советтик, чарбалык жана коомдук уюмдардын биринчи баскычтагы маанилүү милдеттери болуп саналат. Бул өтө маанилүү, актуалдуу проблемалык милдеттерди учурунда чечүү коммунисттердин, комсомол жаштардын, активисттердин, интеллигенттердин күчтөрүн бириктирүү менен гана жүзөгө ашырууга болот.

Айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилик маданиятын жогорулатууда, калк жашаган пункттарды бүгүнкү күндөгү тейлөөнүн талабына карата ынңгайлаштырууда, жашоонун шартын жакшыртууда, эмгекчилердин эмгектенүүсүн, эс алуусун уюштурууда, адамдардын аң-сезиминдеги жана жүрүш- турушундагы өткөндүн калдыктарын, саркындыларын жоюуда Тянь-Шань районунда бир кыйла тажрыйбалар топтолгон.

Бул китепчеде деңиз деңгээлинен 2000 метрден бийик турган тоо арасындагы райондун эмгекчилеринин социалдык турмушунда, маданиятында болуп өткөн ири өзгөрүүлөр жөнүндө, турмуштун социалисттик образынын орношу жөнүндө сөз болот.

Бул брошюрада айылдык турмуштун бардык чөйрөсүн кайра куруунун негизги факторлору: эко- номиканы өнүктүрүү, соода, медициналык жактан айылдык эмгекчилерди тейлөөнүн, маданий агартуу мекемелеринин иштеринин деңгээлин жогорулатуу, калктын турмушуна жаңы салттарды киргизүү, айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилик маданиятын көтөрүү боюнча партиялык, коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери баяндалат.

Совет коомунун өнүгүшүнүн азыркы этабында коммунисттик партиянын жетекчи ролу өсүп жаткандыгы мүнөздүү. Ошондуктан жергиликтүү партиялык иштин күндөлүк практикасын үйрөнүү, жыйынтыктоо, илимий анализ берүү менен алдынкы, пайдалуу тажрыйбаларды жайылтуу объективдүү зарылчылык болуп саналат. КПСС Борбордук Комитетинин Генеральный секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели жолдош Л. И. Брежневдин тарыхый зор мааниси бар «Кичи жер», «Кайра жаралуу», «Дын жер» деген эмгектери, айыл-кыштактагы социалдык өзгерүүлөрдү, партиялык иштин негизги участогу болгон райондун экономикасын, эмгекчилердин турмуш-тиричилигин, маданиятын жогорулатууда жүргүзүлгөн жумуштарды изилдеп үйрөнүүдө, авторго эбегейсиз зор жардам көрсөттү.

Райондун жана областтын масштабында жүргүзүлүп жаткан иштерди жана тажрыйбаларды жалпылап-жыйынтыктаган эмгектер республиканын китеп басмасынан кийинки мезгилдерде көбүрөөк чыга баштады. Бул эмгектер район аралык тажрыйба алмашууда өтө маанилүү экени белгилүү. Алардын ичинен 1974-жылы жарык көргөн Т. К. Кошоевдин «Социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылуу боюнча эмгекчилер депутаттарынын Советтеринин иши» аттуу китебинде социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылууда советтик уюмдардын жургузгөн иштери жөнүндө окурмандар менен кенири пикир алмашат. Шаар менен айыл-кыштактын, акыл

эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы журуп жаткан жакындашуу жагынан, советтик адамдардын турмушунун маданий деңгээлин көтөрүү жагынан областтагы топтолгон тажрыйбалар жөнүндө баяндалат.

Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Акназаровдун 1976-жылы басылып чыккан «Биздин башкы камкордук деген китеби жерди сарамжалдуу пайдалануу, интенсификациялоо менен жалпы эле Дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуудагы жетишкен ийгиликтери жана аны камсыз кылууда партиялык, советтик уюмдардын жүргүзгөн иштери кеңири баяндалган.

Бул эмгектерде баяндалган өрнөктүү иштер, алдынкы тажрыйбаларды эске алуу менен ушул китепчении автору Тянь-Шань районунун өзгөчөлүгүнө байланышкан проблемаларды чечүү тажрый баларынан, тоолуу райондун өзүнүн өнүгүү жолундагы үлгүлүү эмгектеринен, жетишкен ийгиликтеринен жана келечекке карата умтулууларынан баян берүүгө аракет жасалды.

Ал эми Тянь-Шань районунун айрым алдынкы чарбаларынан экономикалык, талдоого алынган, б. а. колхоздук маданий өсүштөрү жыйынтыкталып-жалпыланган бир катар эмгектер масштабда республикабыздын басмасынан жарык көрдү. Тянь- Шань районунун Октябрь революциясы ордендүү «Жаны-Талап» колхозунун председатели Э. Дайракуновдун 1972-жылы жарык көргөн «Өсүү жолунда», деген китепчелери 1976-жылы басмадан чыккан «Колхоздогу эмгекчилердин авангардында» колхоздун экономикалык өсүшүндөгү жетишилген ийгиликтер тууралу, аны жүзөгө ашыруунун башында турган коммунисттердин иштери жөнүндө баяндалган. Ы. Турсунов 1970-жылы «Өнүгүү жолунда» деген китепчеси аркылуу ушул райондун Куйбышев атындагы колхозунун экономикалык өсүшу жөнүндө сөз козгогон. Ушул жогорку эки колхоз жөнүндөгү эмгектерде райондун калган чарбалары тууралу, жалпы эле Тянь-Шань районунун буткул экономикалык өнүгүшү, социалдык өнүгүүдогу шарттар, айрыкча маданий-тиричилик жагындагы күрдөөлдүү өзгөрүүлөр жөнүндө сөз болгон эмес.

Ошондуктан бул китепчеде социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылууга, селолук калктын турмуш-тиричилик маданиятын көтөрүүдөгү жаратылган ийгиликтерге жана райондун алдында турган милдеттерге токтолуу, бул багытта эмгекчилерди тарбиялоодо саясий-идеялык иштердин жолго коюлушу жөнүндө белгилүү өлчөмдө талдоо жүргүзүүгө аракет жасалды.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары жолдош Т. У. Усубалиев «Ленинизм элдердин достугунун жана туугандаштыгынын улуу булагы» деген эмгегинде мындай деп жазат. «Кыргызстандын эмгекчилери закондуу түрдө даңктуу жеңиштердин жана жетишкендиктердин басып өткөн жолуна сыймыктануу менен көз чаптырышат. Социалдык экономикалык жана рухий турмуш жактан 50 жыл ичинде алардын жеңип алгандары чынында да укмуштуудай чоң.

Биздин республикабыздын ар биринин коомдук өндүрүштүн жана маданияттын белгилүү бир жагынан жетишкен көрүнүктүү ийгиликтери ушул республиканын жумушчуларынын, колхозчуларынын, интеллигенциясынын күжүрмөн эмгегинин гана натыйжасы болбостон, ошону менен бирге бүткул совет элинин биргелешкен эмгегинин да натыйжасы болгонун абдан баса белгилеп кетүү керек. Биздин жалпы ийгиликтерибиз бардык улуттардын жана элдердин эмгекчилеринин социалисттик өз ара жардамдашуусунун аркасында, алардын бузулбас саясий, социалдык-экономикалык жана идеялык жалпылыгынын аркасында мүмкүн болуп олтурат».

Тоо койнунда жайланышкан Тянь-Шань району нун айыл-кыштактарында Совет бийлигинин жыларында болуп өткөн социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жана маданий жагындагы түп-тамырынан берки кайра куруулар биздин Родинабыздын бардык райондорунда эле кездешүүчү жетишкендиктерден экендиги талашсыз.

ТОО КОЙНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА МАДАНИЙ КАЙРА КУРУУЛАР

Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиши, адамдарга чыныгы эркиндикти берүү менен ошол эле убакта коомдук мамилелердин бардык системаларын түп-тамырынан бери өзгөртүүнүн башталышы болду.

Революцияга чейинки Кыргызстандын социалдык түзүлүшү жагынан көп укладдуулугу революциячыл кайра түзүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар татаал проблемаларды койду жана аларды чечүү айыгышкан тап күрөштөрдүн кырдаалында өттү. Кыргызстандагы эксплуататордук таптын басымдуу бөлүгүн түзгөн феодалдар жердин Октябрдын алдында, өндүрүш каражаттарынын дээрлик бут баарын ээлешип, дыйкандар массасы аөосуз эзилип келген. Бул коомдук-социалдык мезгилдеги феодалдык-патриархалдык, структура ар түрдүү урук-туугандык сыяктуу татаал, ар кандай чиелешкен мамилелер революциячыл кайра түзүүлөрдүн өзгөчө кырдаалда өтүшүн шарттаган.

Совет бийлигинин биринчи жылдары Кыргызстанда турмуш-тиричилик укладынын өзгөчөлүгү, революциячыл кайра куруулардын тереңдеши, экономикалык, социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик проблемаларын чечүүнүн жүрүшүндө таптык күчтөрдү терең дифференциялоо жана поляризациялоо зарылдыгын талап кылды.

Социалисттик кайра куруулардын темпи жана революциянын андан аркы салтанаттары кыргыз элинин экономикалык жана маданий жактан артта калуучулугун тарыхый кыска мөөнөттүн ичинде жоюуга алып келди.

Бул багытта В. И. Лениндин коомду маданий жактан кайра курууга арналган чыгармалары зор роль ойногон. Маданий революция жөнүндөгү лениндик окуу бүтүндөй идеялардын, акыл-ойдун, теориялык корутундулардын системасы болуп, массанын арасындагы агартуу иштеринин методдоруна жана принциптерине чейин камтыган.

Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын бул багыттагы революциялык кайра куруу иштеринин натыйжасы өнүккөн социалисттик коомдун толук ишке ашырылышы болду.

Советтик коом — бул бүгүн кубаттуу социалисттик индустриянын жана өнүккөн айыл чарбасынын, жумушчулардын, колхозчулардын, интеллигенциянын моралдык-саясий улуттар менен элдердин бир туугандык достугунун, биримдүүлүгүнүн, бардык эмгекчилерди жалпы элдик мамлекетти башкарууга катыштырган социалисттик демократиянын, советтик илимдин жана маданияттын, пролетардык жана социалисттик гуманизмдин идеяларынын салтанат курушу.

Ал эми бүгүнкү Кыргызстан жогорку өнүккөн өнөр жайлуу, ири механизацияланган айыл чарбасы бар, гүлдөгөн маданиятка ээ болгон Советтик социалисттик республика болуп эсептелет.

«Коммунисттик партиянын жана анын Лениндик Борбордук Комитетинин жетекчилиги астында, орус эли жана биздин өлкөнүн башка элдери менен бир туугандык биримдикте Кыргызстандын эмгекчилери бир муундун өмүрүнүн ичинде кылымдардан бери артта калуусун бирөтөло жойду, экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүдө зор ийгиликтерге жетишти, коммунисттик курулушка татыктуу салымын кошууда».

Революцияга чейин Тянь-Шань районунун территориясында, бирин-серин ылайдан согулган там үйлөрдү (жер кепелер) эсепке албаганда турмуш образы боюнча көчмөн болгон. Бул жерде жашагандар Кыргызстандын башка аймагындагыдай эле революцияга чейин жакырчылык, туташ сабатсыздык өкүм сүргөн, эмгекчи массалар ырайымсыздык эзүүгө дуушар болушкан.

Жергиликтүү эл көчмөндүү болгондуктан мал чарбасы менен кесип кылган. Ошол убакта көчүп жүрүүгө күч унаасы, саап ичүүгө колунда бирин-экин малы, баш калкалоого үйлөрү (боз үй) жок гана кедейлердин айрымдары отурукташкан. Көпчүлүк кедей-кембагалдар бай-манаптарга жалда нып, алардын малын багып, үй оокатын жасап, эптеп күнүмдүк тамак-аш үчүн алар менен бирге көчүп, малай болуп жүрүшкөн.

Отурукташкан кедейлер ыңгайлаштырылган орок, кетмен, айрымдары гана жыгач буурусундун жардамы менен жерди иштетишип, анча-мынча түшум алып турушкан. Алынган түшүм үй-бүлөсүн тамактандырууга, келерки жылдагы түшүмгө жетишчу эмес. Негизги айдоо жана сугат жерлер, жайлоолор жергиликтүү бай-манаптардын колунда болуп, чарба жүргүзүү артта калган.

Эл уруу-уруу болуп отурукташкан. Алсак, Он- Арча суусу менен Нарын суусунун ортосунда «ты- нымсейит», Нарын суусунун чыгыш тарабына «моңолдор ал эми Он-Арча суусунун батыш тарабы- на «сарбагыш» уруулары жайгашкан дешет карыялар. Азыркы областтын жана райондун борбору Нарын шаары да ал кезде өрөөндөрүн байланыштырып турган соодагерлердин Кашкар менен Чүй конуп өтүүчү бекети (жайы) болгон.

Архивдеги материалдарга караганда 1913-жылы Нарында бир жарым миң адам жашаган. Кол өнөрчүлөрдүн беш майда дүкөнү болгон. Бир орус-туземдик мектеп болуп, анда элүүгө жетпеген балдар окушкан. Ал кездеги жергиликтүү эл билим алуу дегенди билишкен эмес. Бул жөнүндө Карл Маркс атындагы колхоздогу карыя коммунист Сарымсаков Абдырай мындай деп эскерет: «1920-жыл. Кеч күз. Жан-Булак айылында бирин-экин саман кепелер Кара-Тоо коктусунун Нарынга чыга беришине жайгашкан. Кепелерге канатташ тигилген кара алачыктар. Алма-Атада окуган «илимпоз» келиптир деген кабар дүң дей түштү. Айылдын четинде бир топ тестиер балдар ойноп жүргөн маңдайдагы дөбөгө чуркадык. Ал дөбөнү «Кеңеш дөбө» деп коө турган эле. Эртең менен кечинде айылдагы «Ак сакалдардын баарысы өткөн-кеткенден кеп салышып ошол дөбөдө отурчу. Мүмкүн ошондон улам «Кеңеш дөбө» аталып калган болуу керек.

Биз ошол дөбөгө чогулган учурда айылдын четиндеги Жутаке деген аксакалдын боз алачыгынан бир киши дөбөнү карай жөнөдү. Жакын келгенде жашы отуздарга барган ак саргыл, орто бойлуу, биз мурда эч качан көрбөгөн кара кемсел кийген жигит экен.

— Балдар! — деди, ал бизге кайрылып: — Мен сиздердин жердешиңер Жутакенин баласы Абылкасым деген боломун. Алма-Атадагы мугалимдик курсту бүтүрүп келдим. Силерди окутамын.

Мына ошондон тартып айылдан обочороок жерде саман менен чопо аралаштыра салынган жалгыз бөлмө тамда 15 баланы чогултуп окуу өткөрө баштады. Абылкасымдын күн сайын биринчи сабагы улуу Ленин жөнүндө, ал түзгөн Большевиктер партиясы жөнүндө, жыргалдуу заман жана бактылуу келечек жөнүндө болор эле. Анын ошол кездеги жомок катарында айткандарын мына бүгүн биз өз көзүбүз менен көрүп олтурабыз. Ошондогу биринчи мугалимибиз Абылкасым Жутакеев кийин «Ленин кошогу», «Үч доор» поэмалары менен элге кеңири белгилүү болгон акын».

Мал чарбачылыгы дагы начар болгон. Тянь- Шандын каардуу суугу, жайкы кургакчылыгы малдын башын өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Тоюттун дээрлик жоктугунан малдын басымдуу бөлүгү жутта кырылууга учурап турган. Тянь-Шань өрөөнүндө аба ырайы улам бат алмашып, айрым учурда суук катуу болуп, жаз эрте келсе, экинчи бир жылы кар калың түшүп, жаз кеч келип, май, июнь айларында кар жааган мезгил болуп турат. Ошондуктан эл арасында «Нарын менен Жанызакка ишенбе» деген макал калган. Уламыштарга караганда бул макалдын пайда болушунун өзүнчө тарыхы болгон. «Нарынга ишенбе» дегени, мезгилдин кайсыл учуруна карабай аба ырайынын улам кескин өзгөрүп, кала берсе май, июнь айларында кар жаап малды жутка учурата тургандыгына байланыштуу болсо, ал эми «Жанызакка ишенбе» дегени илгери бир айылда Жанызак деген бай болуп, ал ары-бери өткөн жолоочуларды кеч курун үйүнө кондуруп, миңген аттарына уу чөп бердиртип коюучу. Ал чөптү жеген ат бир аз жүргөндөн кийин уугуп жатып калуучу. Аны байкап турган Жанызак: «Конокко кыйын болуптур, аты мурт өлүмгө дуушар болгон турбайбы! Кана балдар, тезирээк союп жибербесеңер бөөдө арам өлүм болот» — деп жигиттерине буйрук берип, ал жолоочуну жөө кетирүүчү экен деп айтылат. Демек мында ошол кездеги бай-манаптардын амалкөйлүгү, башкаларга жасаган ач көздүгү баяндалат.

Бардык жерде туташ кайра куруу бүткүл өлкедөгүдөй эле Тянь-Шань районунда да Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңгенден кийин башталды. Бай-манаптар, бийлер талкалангандан кийин райондун айыл-кыштактарында жаңы турмуштун курулушу кеңири кулач жайды. Колхоздук тузүлүш дыйкандардын турмушундагы кылымдардан берки келаткан патриархалдык укладды сүрүп чыгарып социалисттик укладдын орношун камсыз кылды. Ошонун натыйжасында көчмөндүү мал чарбачылыктан жана примитивдүү иштетүүдөн механизациялашкан, жогору өнүккөн чарбага секирик жасап, талаачылыктын жана мал чарбасынын маданияты көтөрүлдү. Социалдык турмуш образы туп тамырынан бери өзгөрүшүнөн улам социалисттик коомдун бардык мүчөлөрү толук эмансипацияга ээ болду.

Социалисттик кайра куруу мезгилинде айылдык турмуштун бүткүл уклады түп-тамырынан бери өз- гөрдү, көп кылымдан бери дыйкандардын майда жеке менчикчил нравалары жана адаттары сакталып калган турмуш-тиричилиги кулады.

Маданий революциянын жүрүшүндө социалисттик, чыныгы элдик маданият түзүлдү. Эмгекчилердин миллиондогон массасынын социалисттик аң-сезиминин түзүлүшү маданий революциянын эң улуу жетишкендиги болду.

Айыл-кыштактын маданиятын жогорулатуудагы жана айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилигин кайра куруудагы негизги факторлор болуп партия менен өкмөттүн акылман жетекчилиги жана күндөлүк камкордугу астында колхоз, совхоздордун экономикасынын тынымсыз өсүшү, коомдук байлыктын барган сайын көбөйүшү, ошонун негизинде эмгекчилердин өздүк доходдорунун кыйшаюусуз өсүшү болуп эсептелет.

Республиканын айыл чарбасын райондоштуруу боюнча Тянь-Шань району мал чарбачылык зонасына кирет. Бул зона өзүнүн климаттык шарты жагынан мал чарбасын, анын ичинен кой чарбасын өстүрүүгө, ал үчүн мол тоют топтоого ынгайлуу. Райондун чарбаларына 804424 гектар жер аянты бекитилген. Структуралык жагынан: 26780 гектары айдоо аянтка, 517256 гектары жайыттарга, 5713 гектары чөп чабындыларга тийиштүү.

Мал чарбачылыгынын ичинен, жогоруда белги ленгендей кой чарбасына басымдуу экономикалык орун таандык. Партиялык, советтик органдардын, коммунисттердин, комсомолдордун, колхозчулардын, совхоздордун жумушчуларынын зор демилгеси менен жетишилген ийгиликтер райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө айрыкча кой чарбасын өстүрүүгө мүмкүндүк түздү.

Азыркы этаптагы айыл чарбасынын өсүшү, партиянын ХХѴ съездинин, КПСС Борбордук Комитетинин андан кийинки Пленумдарынын чечимдерин турмушка ашыруу үчүн жүргүзүлгөн уюштуруучулук жана саясий иштер, ири экономикалык иш-чаралар айыл чарба өндүрүшүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, коомдук өндүрүштүн өсүшү учун чарбалардын, айыл-кыштак эмгекчилеринин кызыкчылыгын, демилгелерин арттырууга көмекчу болду.

Айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн жыл сайын капиталдык салым- дар көп жумшалып жатат. Колхоз-совхоздор тракторлор жана транспорт каражаттары, жер семирткичтер, уу химикаттар, гербидциттер менен талап кылынган өлчөмдө камсыз кылынып жатат.

Район Нарын дарыясынын боюна жайланышканына карабастан суу баскан аянт өтө аз болуп, жаратылыштын «ырайымын» гана күтүүгө туура келген. Жерди сугаруу боюнча кеңири кулач жай ган иштер жүргүзүлүп, боз топурак болуп жаткан жерлер өздөштүрүлүүдө.

Куйбышев атындагы колхоздун ветераны 1921-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 83 жаштагы карыя Борсунбаев Жунус мындайча эскерет: «1930-жылдары колхоздоштуруунун алгачкы мезгили баш- талды. Алды менен ТОЗго биригиштик. Анда биздеги болгон байлык 150гө жакын теше жер, 50 куч ат, 15—20 тѳѳ, миңге чукул кой-эчки болгон. Буурусун менен айдап, ага кол менен үрөн сээп, маласын чычырканак менен тартучубуз. Ырас, ал кезде жерди жөндөп иштетүүнү билбеген, жаратылыштан гана «ырайым» күткөн дыйкандарыбыз азыркы учурда мол түшүм өстүрүүнүн устаттары болуп чыга келишти. Эзели суу көрбөй бозоруп жаткан миңдеген гектар жер аянттары кулпурган бакчага айланат деп ким ойлоптур. Колхоздоштуруунун алгачкы мезгилинде жаан-чачындуу жылдары ар гектар аянттан 3—4 центнерден түшүм алганга сүйүнсөк, эми 40—50 центнерден түшүм алып жатышкан дыйкандарыбыз ондоп саналат.

Бүгүнкү күндө райондун айыл чарбасы көп тармактуу, жогорку өндүрүмдүү, азыркы замандагы техника менен жабдылган чарбалардан болуп калды.

Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин март (1965-жыл) Плену- мунун жана КПССтин ХХII, XXIV, XXV съезддеринин, партиянын Борбордук Комитетинин кийинки Пленумдарынын чечимдеринде белгиленген иш-чараларды, б. а. айыл чарба өндүрүшүн механизациялоонун, электрлештирүүнүн, химиялаштыруунун жана мелиорациялоонун негизинде айыл чарба өндүргүч күчтөрүн андан ары өнүктүрүүнү ишке ашыруу алда канча олуттуу түрдөгү сапаттык жылыштарга алып келди. Бул мезгилдин ичинде райондун чарбасын өнүктүрүүгө каралган капиталдык салымдардын көлөмү да бир кыйлага өстү.

Орто Азияда жер сугартуу: «баарынан көп керек жана крайды баарынан көп кайра түзөт, аны кайра жаралтат, өткөндөгүсүн бирөтөло орду тобу менен жок кылат» деген В. И. Лениндин көрсөт- мөлөрү бүгүнкү күндө да биздин тоолуу край үчүн өзгөчө маанилүү. Улуу көсөмдүн бул көрсөтмөсүнө ылайык суу чарба курулушу районубуздун аймагында тынымсыз кеңейтилип жатат.

Республиканын бардык райондорундай эле Тянь-Шань районунда да сугат аянты көбөйүүдө. Райондун айдоого жарактуу аянттары улуу Нарын дарыясынын боюна жайгашкандыгына карабастан, буга чейин суудан өтө эле кемчил болуп келген. Миң жылдар бою не бир жайык талаа-түзөңдөр шор басып жаткандыктан, азыркы гүлдөп жаткан Куланактын талаасын «Туздун талаасы» деп ата-бабаларыбыз өксүү менен айтып келишкен.

Райондун сугат жерлерин көбөйтүү 1941-жылы чоң Нарын каналын куруу менен башталды. Шаар- ды аралап зоока-таш, жар бойлоп кеткен бул каналдын сыйымдуулугу 2,5 куб. м/сек. суудан ашпагандыгына карабастан, аны куруу өтө татаал болгон. Каналдын курулушуна көпчүлүк эл катышып, кыска мөөнөттө бүткөрүлгөн. Натыйжада азыркы Карл Маркс атындагы колхоздун 1595 гектар аянтын сугарууга мүмкүнчүлүк түздү. Муну менен катар Каптал-Арык, Топон-Арык, Байдулу, Кажырты, Жаңы-Арык, Алыш, Узун-Арык, Он-Арча каналдары биринин артынан бири жалпы элдик кыймылдын негизинде бүткөрүлүп, сугат аянттары көбөйө баштады.

Айрыкча сугат системасындагы бурулуш «Куланак» насостук станциясы менен «Он-Арча» насостук станциясынын биринчи жана экинчи кезектерин бүтүрүүдөн кийин болду. 15 млн. сомдон ашык капиталдык салымдардын жумшалуусу менен бул эки насостук станция райондун «Куланак», Куйбышев атындагы, «Коммунизм», «Эмгекчил» кол хоздорунун бозоруп жаткан талааларын көк жашыл өрөөндөргө айландырды.

Азыркы багыт Соң-Көлдүн суусун пайдаланууга жумшалууда. Ошентип миңдеген жылдар бою какырап жаткан Кара-Талааны өздөштүрүү үчүн 4,664 млн. сомдук каражат жумшалуу менен Кажырты насостук станциясы курулуп жатат. Бул насостук станция миң гектар кара топурактуу Кара-Талааны өздөштүрүп, тажрыйба станциясына Тянь-Шань мал чарба жана «Жаңы-Талап» колхозуна жаны сугат жерлерди кошот.

Кийинки кездерде майда ирригацияны пайдалануу, көчмө насостук станцияларды куруу, табигый булактарды пайдалануу иши кызуу жүргүзүлүп жатат. Азыркы кезде 28 көчмө насостук станция иштеп, «Ленинчил жаш» жана «Тешик» деген суу сактоочу көлмөлөр курулууда.

Райондун сугат аймактарынын кеңейиши менен бирге айыл чарбасынын дүн продукциясы өсүүдө.

Көрүлгөн бардык чаралар колхоздордун жана совхоздордун жумушчуларынын, адистердин берилип иштешкен зор жумуштары, партиялык, советтик уюмдардын уюштуруучулук иштери, партия менен өкмөттүн күн сайын берген жардамы дыйканчылыктын маданиятын көтөрүүгө мүмкүнчүлүкту түзүп, мурда көчмөн болуп келген тоо айылында жерди агротехникалык жетишкендиктердин негизинде иштөөгө, б. а. илимий дыйканчылыкка багыт алынды.

Жогорку таблицадан көрүнүп тургандай айдоо аянтты көбөйтүү менен дандын дүн түшуму жогорулай баштады.

Тармактык жалпы территориялык бөлүштүрүүде Тянь-Шань району республикада мал чарбачылыгын өстүрүү жана анын продукциясын өндүрүүгө багытталган ири район болуп эсептелет. «Ак-Сай», «Арпа», «Соң-Көл», «Кара-Кужур», «Солтон-Сары» сыяктуу атактуу жайыттарга ээ болгон Тянь-Шань районунда 500 миңге жакын койлор, 12 миңден ашык бодо мал, 10 миңден ашык жылкылар өстүрүлөт. Мамлекетке эт, жүн сатуу боюнча республиканын ири райондорунун бири.

Айыл чарбасынын тармактарын адистештирүүну туура айкалыштыруу айыл чарбасынын бардык системасын өнүктүрүүнү күчөтүүнүн негизин түзөт. Райондо айыл чарба өндүрүшүнүн туура адистештирилиши коомдук эмгекти үнөмдүү пайдаланууга, өндүрүлгөн продукциянын бирдигине аз чыгым жумшоого жана продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Мунун өзү, эмгек чыгымдарын жүк ташуудан үнөмдөөнүн, айрыкча айрым айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарбасынын тармактарын туура жайгаштыруунун, райондо бул маселелер үчүн ыңгайлуу жаратылыш жана экономикалык шарттардын болушунун натыйжасында жетишилет. Биздин райондун шартында адистештирүү маселелерин үйрөнүү жана киргизүү бардык чарбалардан мал чарбасын, айрыкча кой чарбасын өстүрүүгө адистештирүүнү туруктуулук менен талап кылды.

Тянь-Шань районунда 1930-40-жылдарга чейин кылчык жүндүү кыргыз кара койлор өстүрүлгөн. Ошол жылдарда азыркы Октябрь революциясы ордендүү «Жаңы-Талап» колхозуна (беш колхоздон ирилештирилген «Тогуз-Булак» колхозуна) бир короо меринос тукумундагы ак койлор алынып келинген. Аны Чөкүтаев Исакка (азыр пенсионер, коммунист) өткөрүп беришкен. Жаңыдан келген койлор жаңы жерден жакшы конуш алды. Кыргыздын кылчык жүндүү койлоруна караганда төлду жана жүндү арбын берди. Исак жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, Москвадагы айыл чарбасынын алдынкыларынын Көргөзмөсүнө катышты. Анын өз аты калып, айылдаштары Чөкүтаевди «Ак-койчу» деп аташкан.

Бесплатный фрагмент закончился.

Купите книгу, чтобы продолжить чтение.