КАРЫШКЫРДЫН КАМКОРДУГУ
Илгери, илгери бир кан болуптур. Анын, үч баласы болуптур. Балдарынын аттары бир бирине уйкаш экен. Улуу баласынын аты- Ормон, ортончу баласыныкы — Коргон, кичүү баласыныкы — Болгон экен. Балдары күн сайын бак-дарактарды кайтарышса да, күн сайын бактан бирден алма жоголо берет.
Бир күнү баягы бак-дарактарды кайтаралы деп Ормон, Коргон, Болгон үчөө тең келсе, бир куш алманы чокуп жеп отуруптур. Балдар тор жайышып кушту кармап алышат, куш көпкө чейин талпынып жатып учуп кетет да, бир канаты калып калат. Балдар үйлөрүнө келип, атасына болгон ишти айтышып, куштун канатын атасына беришет. Канат жөн канат эмес, алтын канат болуп чыгат. Атасы ойлонуп отуруп:
— Эгерде менин балдарым болсоңор, ошол кушту таап кармап келгиле, эгер таба албасаңар кайтып келбегиле, -дейт.
Үч баласы атасынын айтканын эки кылбай, ата-энеси менен коштошуп жолго чыгышат.
Үч бир тууган жүрүп отурушуп, бир кырдын ары жагындагы сайга келип кеңешишет. Ормон улуулук кылып:
— Биз үчөөбүз бир жүрсөк эч нерсе таба албайбыз, үчөөбүз үч жол менен үч багытка: бирибиз батышка, бирибиз чыгышка, үчүнчүбүз кыбылага карап бөлүнүп кетели. Ошондо гана биз ал кушту табабыз, -деп акыл айтат.
Агасынын сөзүн макул көрүшүп, үч бир тууган үч жолго кетишет. Улуу агасы Ормон батышка, ортончусу Коргон кыбылага, кичүүсү Болгон чыгышка карап жол жүрүп кетишет.
Жүрүп отурушуп аз күндөн кийин Ормон менен Коргон кездешип чогуу жол улантышат.
Кичүүсү Болгон күнү-түнү менен жол жүрүп, үч айрык жолго келет.
Жолго көзүн салып караса: «Оң жактагы жолго түшсө өзү өлөт, сол жактагы жолго түшсө аты өлөт, туура жолго түшсө, барса келбес» -деген жазуу бар экен.
Болгон ойлонуп: «Эгер өзү өлөргө түшсөм, өзүм өлүп атым калса, барса келбеске түшсөм, барсам кайра келбесем: ата-энемди, элимди көрбөй каламбы? Аты өлөргө түшсөм, атым өлүп жөө калармын» -деп аты өлөр жолго түшөт.
Болгон жүрүп олтуруп жүрүп олтуруп бир сайга келет, сайдан бир карышкыр чыгып, баланы аттан оодарып салып, атын жара тартып жеп алат. Болгон жөө кайда барарын билбей туруп калат.
Ошентип турганда Карышкыр кайта келип, адамча сүйлөп жай сурайт. Болгон куштун канатын издеп бара жатканын, атсыз калып, эмне кыларын билбей турганын айтат. Анда Карышкыр:
— Сага убал болгон экен, алыс сапарга бара жатканыңды билбей атыңды жеп койбодумбу. Эми сен менин аркама мингин, адаштырбай керегиңди таап берейин, -дейт.
Болгон эмне кыларын билбей турганда:
— Мен сага кантип жамандык кылайын, аркама мингин, -дейт дагы Карышкыр.
Карышкыр күнү-түнү жүрүп отуруп, бир айылдын жанындагы терең сайга келет. Карышкыр Болгонду аркасынан түшүрүп:
— Тетиги турган бийик чоң ак үйгө баргын да, эшигинен кирип барсаң, үйдүн капшытында жабышып турган бир куш бар. Бирок сен кызыгып аны колуң менен сылап жүрбөгүн, оң жагыңды карасаң бурчта конуп турган кушту көрөсүң, кушту алып чыгып тез келгин. Мен сени ушул жерден күтүп турамын — дейт.
Болгон айылга барып, баягы ак үйгө кирет. Кирсе, оң жак бурчта бир куш конуп отуруптур. Болгон кушту алайын деп бара жатып үйдүн капшытында жабышып турган кушка кызыгып сылап коёт. Ошол замат карышкыр «каңк» эте түшөт. Жан жактан кайтарып тургандар жүгүрүп келишип Болгонду кармап алышат да:
— Сен мында эмне үчүн келдиң? -деп сурашат. Болгон:
— Ушул алтын кушту атам алып кел деп жиберген, -дейт. Анда кайтаруучулар:
— Сен биздин айтканыбызды алып келсең, сага бул кушту беребиз, -дешет. Болгон:
— Эмне иш тапшырсаңар да орундатамын, -дейт.
— Ушул жерден жүрүп отурсаң бир сарайга кез келесиң, ошол сарайдын ичинде күмүш жалдуу, алтын куйруктуу бир айгыр бар. Ошону бизге алып келип берсең, биз сага кушту беребиз, -дешти кайтаруучулар.
Болгон сарайдан чыгып, башынан өткөн окуяны Карышкырга келип айтат.
Карышкыр Болгонду үстүнө мингизип күнү-түнү жүрүп отуруп баягы сарайга келет. Дем алып отурушуп, Карышкыр баланы баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып келүүгө жиберет. Жиберерде ал:
— Сарайга кирсең, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөсүң. Жан-жагыңа бурулбай, айгырды чечип алып, кирген жерден кайра ошол изиң менен чыккын, -дейт.
Болгон сарайга кирип, байлануу турган күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды көрөт. Айгырдын жанына барып сырдалган казыкка кызыгып сылап коёт. Коңгуроо шыңгырап, кароолчулар келип Болгонду кармап алышат. Кароолчулар:
— Эмне кылып жүргөн жансың? -деп сурашат. Болгон аны кароолчулар жумшаганын, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып барса, алтын кушту аларын айтат.
Кароолчулар:
— Көк-Дарыянын жакасындагы, Көкчө Тоонун арасында тоо менен теңдешкен, сырты күмүш менен жалатылган чоң бир үй турат. Ошол үйдүн төбөсүндө жашаган бир сулуу кыз бар. Эгерде сен бизге ошол кызды алып келип берсең, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды сага беребиз, -дешет.
Болгон кайтып келип, карышкырга кароолчулардын айтканын айтып берет. Карышкыр ачууланып:
— Айткан тилди албайсың, аркама мингин! -деп баланы аркасына мингизип жүрүп кетет.
Күнү-түнү жүрүп олтурушуп, жүрүп олтурушуп Болгон менен карышкыр, Көк-Дарыянын жакасына, Көкчө Тоонун арасына келип жетет. Карышкыр Болгонго карап:
— Сен ушул дарыянын жанындагы тоонун этегинде күтүп тургун. Эки жолу барып, эч нерсе алып келе албадың, эми мен өзүм барам, -дейт.
Ошентип кызды алып келүүгө карышкырдын өзү кетет. Карышкыр баягы жерге барса, кароолчулар айткан үй турат. Үйдүн төбөсүнө чыкса, кыз уктап жатыптыр. Эч нерсе сездирбестен кызды сандыгы менен көтөрүп, жерге түшөт дагы Болгонго келет. Карышкыр кыз менен баланы аркасына мингизип, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр турган сарайга келишет. Карышкыр Болгонго:
— Мен азыр кыз болоюн, ээрчитип баргын, -дейт.
Болгон макул болуп, баягы күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бар жерге келишет. Жолдо келе жатканда карышкыр: «Сен мени таштап, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып кете бергин. Эгерде чайга отур дешсе, отурбагын. Мен силерди кууп жетем», -дейт.
Болгон баягы Карышкыр айткандай кылып, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алып, кыздын жанына келет.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин карышкыр келет. Күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды алып, куш отурган сарайга келишет.
Ошондо карышкыр:
— Мен азыр күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгыр бөлоюн, мени минип бар дагы берип, кушту алгын, -дейт.
Болгон баягы карышкыр айткандай күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, алтын канаттуу кушту алып кыздын жанына келет. Андан бир аз өткөндөн кийин Карышкыр жүгөнүн шыпырып, билдирбестен сарайдан чыгат да, кыз менен Болгонго келет.
Экөөнү бир топ жерге узатып келип:
— Мен эми бул жерде каламын, менин айткан сөзүмдү уксаң үйүңө аман барасың. Сага жолдон эки коркунуч кездешет. Биринчиси күн абдан ысык болгондо суусарсың. Баратканда алдыңдан бир өзөн суу жолугат, канчалык суусасаң да суудан ичпегин. Андан өтүп уктагың келет, түбү чөп, салкын, бир ак терек бар, ал актеректин түбүнө уктабагын. Уктасаң соо болбойсуң. Менин ушул эки сөзүмдү аткарсаң, үйүңө аман барасың, -деп акылын айтат. Карышкыр аларды жолго салып коштошуп, өз жайына кетет.
Болгон кыз менен бир күн, бир түн жүргөндөн кийин күн аябай ысык тиет. Болгон аябай суусайт. Ошондо «сууну кайдан из-деп табамын» -деп ойлоп келатканда алдынан өзөн суу агып жатканын көрөт. Болгон атын сугарып, өзү да ичмекчи болот. Бирок, кыз Болгонго суу ичирбей коет. Ал өзөндөн өтүп жүрүп кетишет.
Андан кийин Болгондун суусаганы басылып, чарчап уктагысы келет. Ошентип келе жатканда алдынан бир чоң ак терек кездешет. Болгон ошол теректин түбүнө эс алып жаткысы келет. Кыз каршы болот, бирок кыздын сөзүнө кулак салбай, Болгон атын тушап, жамбаштап жатып, көзү илинип кеткенин билбей калат.
Болгон чочуп ойгонсо, эки көзү жок, үңүрөйгөн орду гана калган. Эки жагын сыласа кызы да, аты да жок. Эмне кылар айласын таппай отуруп калат.
Бир аздан кийин баягы карышкыры келип:
— Менин айткан тилимди албай көзүңдөн айрылдың, -деп бир ууч топурак менен көзүнүн ордун укалап, айыктырып коёт. Болгон окуяны карышкыр угуп мындай дейт:
— Ашыгыңды, кушуңду, атыңды табабыз, кел, аркама мингин — деп баланы аркасына мингизип алып, желмогуз кемпирди издеп жолго чыгат.
Кырлардан, белестерден, ашуулардан, токойлордон, чоң суулардан өтүп, бир кошко кирип келет. Болгондун көзүн ойгон желмогуз кемпирди ошол жерден карышкыр таап берип:
— Кыз менен күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды, кушту тапкын же сени азыр жеймин, -деп кемпирди коркутат. Ошондо кемпир калтырап:
— Карышкыр, Карышкыр, менин жанымды калтыргын. Кушту дагы, кызды дагы, күмүш жалдуу, алтын куйруктуу айгырды дагы тиги суунун жакасындагы калың камыштын арасына барсаңар табасыңар, -дейт.
Кемпирди эки бүктөп отко салып өрттөшүп, кемпирдин баласын издеп жөнөшөт.
Бир нече күн жол жүрүп, суунун жакасына барып карашса, асман тиреген бир үй турат. Үйгө киришип, кызды табышат. Кыздан желмогуз кемпирдин баласын сурашат. Ошондо кыз:
— Энесин өлтүргөндү угуп, желмогуз кемпирдин баласы жумуртка болуп кубулуп, алтын куштун астында, камыштын арасындагы уясына кирип коркуп жатып калды, -дейт.
Карышкыр менен Болгон камыштын арасынан уяны таап, алтын куштун алдын аңтарып жумуртканы көрүшөт. Болгон жумуртканы алып, колу менен кыса баштаса, желмогуз кемпирдин баласы:
— Өлтүрө көрбө, коломтодогу күлүң болуп берейин, -деп жалынат.
Анда карышкыр:
— Калп эле жалына бербегин, желмогуз, тукумуна жана элге кайрымы жок, -деп катуу кармап жиберсе, ошол жерде жаны экен, сулап жатып калат. Кушту, кызды, күмүш куйруктуу айгырды алып, андан кийин Карышкыр Болгонду адашпай тургандай кылып жолго салып жиберет. Коштошордо Болгон Карышкырга мындай дейт:
Сен мага аябай кайрылышып, жакшылык кылдың. Адашканда жолго салдың, жүр мени менен конок болуп кеткин. Үйдөн эмне кааласаң ошону алгын, -дейт. Бирок, Карышкыр макул болбой:
— Кысылган жерде керек болор, -деп жүнүнөн жулуп, -керек болсом ушунун бир кылын жулуп түтөтсөң, мен даяр боломун, -деп убадасын берет.
Андан кийин кош айтышып, Болгон элине жүрүп, Карышкырда өз жайына кетти.
Ата-энеси баласынын келгенине кубанып, алып келген кызына үйлөндүрүп, элиндеги жаш, карынын бардыгын чакырышып, отуз күн оюн, кырк күн той өткөрөт.
Бир күнү бала аң уулап, куш салып талаада жүрүп, күндүн өткөнүн, кечтин киргенин билбей калат. Караңгыд адашып, жол таба албай жүрсө, бир желмогуз кемпир жолугуп:
— Издегеним сен элең, сиңдимдин баласын өлтүрүп мага кылган кордугуң аз эмес. Мына азыр мен да сага кордукту көрсөтөмүн, -деп тишин шакылдатып, Болгонго умтулат. Болгон атын сабап качып жөнөйт. Нечен кырларды басып, тоолорду ашып, «Эми кутулдум го» деп артын караса, кемпир жетип калыптыр.
Болгон дагы чу коюп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп астындагы аты жүрбөй эмне кыларын билбей, шаштысы кетип, эси ооп турганда баягы Карышкырдын жүнү эсине түшөт.
Болгон карышкырдын жүнүн күйгүзөт, ошо замат Карышкыр пайда болот. Аңгыча тишин кайрап баягы желмогуз кемпир да жетип келет.
Болгон Карышкырга:
Жанымды жакама келтирип, мени кысып коркуткан ушул, -деп желмогуз кемпирди көрсөтөт.
Карышкыр кемпирди өлтүрүп, Болгонду ажалдан аман алып калат. Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат. Карышкыр конокко барбай, башыңа кыйынчылык иш түшсө чакыр деп, коштошуп жолуна түшөт. Ошентип Брлгон ажалдан кутулуп эли кашында, бак-дөөлөтү башында болуп муратына жетиптир.
АРМАН АЙ
Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле «арман ай» деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:
— Сен дайыма эле «арман ай» деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай, — деген экен.
Ошондо карыя:
— Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам, — дейт.
Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:
— Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.
Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип келин аябай убара болду. Көч узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.
Мен эми: «Жырткычтар жеп кетеби?» — деп аябай коркуп, калтырап жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам, аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире качтым.
Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:
— Үңкүрдөгү адам бери чык! — деди.
— Жылаңачмын, уялып турам, баатыр, — дедим мен.
— Жылаңач болсоң ушул үңкүрдөн чыкпай тургун, мен сага кийим алып келип берем, — деп ал чапкан бойдон кайра кетти.
Күн чыгаарда бир таңгак кийим алып келип берди. Кийимди кийип үңкүрдөн чыксам бир жаш, сулуу жигит турат. Ал:
— Сен эмне болуп жүргөн адамсын? — деп ал-жайымды сурады. Мен төкпөй-чачпай бардыгын айтып бердим. Мени жоргосуна учкаштырып алып, бир байдыкына алып барды да, байга:
— Бул сенин үйүңдө он күн турат, он күндөн кийин алып кетемин, — деп чу коюп жөнөп кетти.
Баягы жигит он күндөн кийин, келип, мени учкаштырып бир жерге алып келди. Келсек, бир кара кашка аттын жанында эки көзү толтура жык толгон бир куржун турат. Ал куржунду экөөлөп атка салдык, анан:
— Атка мин! — деди. Атка миндим.
— Эй, жигит, мен кызмын, кыз «экенимди ата- энемден башка эч ким билбейт. Ушул элге болушмун, элди мен бийлеп, мен башкарамын, менин никемди сага буюрган экен, жүр кеттик элиңе. — деди.
Жүрүп кеттик. «Бул кантип эле кыз болсун, кыз да болуш болуп эл башкармак беле. Эми мунун кыз экенин кантип билемин?» — деп кете бердим.
Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп бир дарыяга туш келдик. Ушул жигиттин кыз экенин анык билейин деген максат менен:
— Мен ысып кеттим, мына бул дарыяга киринип алалы, — дедим.
Жигит:
— Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет, — деди. Мен болбой:
— Киринели дей бердим.
— Мейли, мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде жаян чыкса ат, — деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди.
Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу! Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Кыздын куржундагы алтыны жана боз жоргосу менен төрт жагым кыбыла болуп, ушул даражага жетип, кадырлуу болдум.
Азап-тозоктон ажыраткан ошол кыз менен бирге олтуруп чай ичпегениме, бир сырдашып сүйлөшпөгөнүмө армандуумун, бул арманбы, жокпу? Арман, ай! — деп сөзүн аяктады.
УУРУ
Үч жерден үч ууру аттанып, бир жерден үчөө тең кезигишет. Бул уурулар сөзгө келип, бири- бири менен таанышышат. Биринчи ууру:
— Мен жанда жок уурумун- дейт.
Экинчи ууру:
— Мен жанда жок баатырмын- дейт.
Үчүнчү ууру:
— Мен жанда жок ченчимин. Мен отун бар деген жерде отун, суу бар деген жерде суу, эл бар деген жерде — эл бар, кыскасы бар деп айткандарымдын баары бар, баарын караңгы, жарыкта болсун жазбай табам, — дейт.
Ошентип узак жол жүрүшөт. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде ченчи жолдошторуна:
— Менин шакегимди алып атымдын басып кеткен изине көөмп кеткиле, кайта келиште жазбай табам, — дейт.
Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир оокумда баатыр менен ченчи жанда жок ууруга:
— Сен уурулугум ашык дейсиң, эмесе өнөрүңдү көрсөтүп, хандын казнасынан аттын башындай алтын уурдап кел, — дешет.
Бир күнү ууру түн жарымында хандын казынасына кирмек болуп келе жатса, шаардын четинде бир кыз отуруптур. Көрсө, ал хандын кызы экен. Ат башындай алтынды алып бир жигит менен качмак болуптур. Ууру келер замат кыз:
— Жүр, кеттик, — деп атка минип жөнөшөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп ууру кыз менен баягы баатыр ченчиге келип:
— Ээ, баатырлар, ата казынасы кызбы, же алтынбы?
— Ата казынасы кыз, — деп жооп беришет.
Баягы үчөө кызды ээрчитип жүрүп олтуруп бир жерге келгенде ченчи:
— Ой, баатыр, баягы шакекти менин атым басып калды, ала кой! — дейт.
— Калп айтпасаңчы, атыңдын бутунун астындагы шакекти кантип эле биле койдуң? — дейт.
Ченчи:
— Атыңдан түшүп, батыраак кара, — дейт. Баатыр түшүп, изин караса, шакек жатат.
Баягылар бир жерге келгенде жаан жаайт. Ченчи менен ашкан ууру баатырга:
— Сен баатыр эмессиңби, мүрзөдөгү жыгачтарды алып кел, — дейт.
Ошентип коюп ууру дароо барып жыпжылаңач болуп, баткакка оонап, төбөсү ачык көргө кирип кетет. Баатыр болсо бир бейиттин жанына барып муштагылап жыгачты алып, бир тең отунга жеткирип, бутун үзөңгүгө саларда, ууру кыйкырыкты салып:
— Сен малды айдап, майды чайнап жүрөсүң, биздин үстүбүзгө көлөкө кылган жыгачты да аласыңбы?! — деп жакадан алат.
Ошондо да баатыр кабагым кашым дебей:
— Сен эрте өлүп кудайга бардың, сага теңелип биз да ачка өлөлүбү, — деп ууруну жыга муштап, отунду арта салып жайбаракат кете берет.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп кыз үчөө бир айылга келип: «Кимибиздин өнөрүбүз күчтүү» — деп казыга калыстыкка барышты. Ар кимиси өз өнөрүн төкпөй-чачпай айтып берет.
Ошондо казы булардын өнөрлөрүн угуп отуруп:
— Баарыңдан баатырдын өнөрү ашык экен, — деп кызды баатырга берет.
АК БУЛУТТУ АТПАГЫЛА
Түн жаңыдан кирген кезде таенем экөөбүз үйдүн алдында отурганбыз.
Жаркырап тийген айдын аянычтуу жарыгына чагылышып, томуктай болгон апапак булут тоонун боору менен акырын жылып, таенем экөөбүздүн жаныбыздагы булакты көздөй сүйрөлүп келатты. Табияттын мындай сулуу көрүнүшү мага аябай жакчу. Чуркасаң эле жетип барчудай болуп аппак булут бизге өтө жакын келди.
Тиги булутту кармап келейинби, таене?
Шүк отур, чочутасың,дейт таенем да булутту суктана карап, –булактан суу ичкени келген го, жаныбар.
Ой таене, кызыксыз го. Ал деген бууланган эле аба да.
Жок, дейт таенем. Бул булуттардын ыйыгы, күмүш булут экен, эгер сен муну үркүтчү болсоң, табияттын каарына калабыз, деп анан таенем адатынча мага табият жөнүндө жомогун айта баштады.
Илгери кайсы бир замандарда хан ууга чыгыптыр. Уудан келе жатканда ушул булактан суу ичип турган күмүш булутту карап туруп хандын бир жигити:
Ханым, тетиги ак булутту көрдүңүзбү? Муну “күмүш булут” дейт, эгер ким атып түшүрүп жуунса, денеси аппак сулуу болот имиш,деп калат. Муну уккан хан жигитин шылдыңдап күлөт да, бул жигитти “экинчи жалган айтпас кылайын” деп мээлеп туруп булутка жаасын кере тартат. Булуттан шыңгыраган үн чыгат. Таң калган хан чаап жетип барса уча качкан булуттун бир үзүмү жерде жаткан болот. Хан атынан түшүп, кебездей болгон муздак булутту алып, бети, колун жууп көрөт. Өңү капкара кара хан аппак жүздүү болуп, сергип чыга келет. Ушундан баштап хандын ак булутка кызыгып уучулугу башталат. Эми күмүш булутту атып түшүрүшүп, хан сарайынын айымдары сулуулана башташат.
Хан баш болуп жигиттери менен булутту койбой атып тамашага батышат.
Жыл айланбай хан уучулук кылган жерлерге кургакчылык башталат. Хандын жерине булут тургай куштар да конбой калат. Кайберендер баш болуп, жан –жаныбарлар жер которуп ооп кетет. Табияттын куну учуп, эгин болбой, жер саргаят.
Жыл сайын жаз келет, бирок булуттар келбейт, жамгыр жаабайт.
Ошондой күндөрдүн биринде хан ойлуу отурса, үстүнөн каркыралар жаз келген жакка учуп өтө баштайт.
Оо, каркыралар!дейт хан, аларга карап аянычтуу биздин жерге да конуп өтсөңөр боло, бизге да жамгыр жаап, жаз келсин,деп жалбарат.
Ошондо хандын кулагына каркыралар тараптан “ак булутту атпагыла!”, “ак булутту атпагыла!” деген кыйкуулаган үн угулат. Эми хан өз айыбын түшүнүп, ушундан кийин ак булутка аңчылыгын токтотот. Кийинки жылы булуттар көчүп келип, жамгыр төгүп, жер жашарып, мурдагыдай табият көркүнө келет.
Таенемдин жомогунда чындык бардай эле. Анткени кечээ күнү каркыралар кыйкуулап учуп өтүшкөн. Ошондон кийин жамгыр төктү. Көрсө, алар жазды чакырып, ак булуттарды чакырган тура. Эми менин да ак булутту чочуткум келбей, айдын жарыгында ак булутту аяп аянычтуу тиктейм, булуттар болсо булактан суу ичип алып, Айды көздөй жылып баратты.
УСТА МЕНЕН ИТЕЛГИ
Илгери өткөн заманда колунан көөрү төгүлгөн зергер уста Дөөтү жашаптыр. Ал кызыл чокко колун салса да күйүүчү эмес экен. Темирди камырдай жууруп, түркүн буюм жасачу, алтын күмүштөн оймо-чийме чегүүчү. Баатырларга соот-чопкут, жоо-жарак жасаса, элге алтындан баалуу буюмдар жасады, шаарга чеп курду, желге жел тегирмен, сууга суу тегирмен чуркатты.
Калкы кадырлап, атагы алыска жайыла баштады. Миңдеген шакирттер өнөрүн үйрөндү. Алыскы өлкөдөн да келип үйрөнүп кетип жатты. Дөөтү алардан өнөрүн эч аянган жок, баарына бирдей үйрөттү. «Бирок, — деди ал шакирттерине, — эч убакта мактанбагыла. Эгер мактансаңар усталык өнөрдүн сыры ачылып калат да, оттогу темирди колуңар менен кармай албай каласыңар». Шакирттеринин баары устатынын айтканын эске тутушту. Ошентсе да алардын ичинде бирөө бар экен.
Бир күнү бир кары адам: «Балам, усталыгың кандай, бардыгын үйрөнүп калдыңбы?» — дептир. Анда алакөөдөн: «Дөөтүдөн да өтүп калдым», — деди устанын айтканын эстен чыгарып. Дүкөнүн ачып, отко темир салып көрүгүн басып, темир кызыганда кармайын десе, колуна ысык темир шыр этип жабыша түштү. Алакөөдөн ошондо гана мактанып койгонун билди. «Аттиң», — деп эрдин тиштенди. Жолоочулап кетимиш болуп, колун айыктырып алды, бирок дүкөнүнө кирип алып миң аракет кылса да эч нерсе чыкпады. Ошол кезде Дөөтү уста бут ааламды кыдырып, шакирттерин көрүп жүргөн кези эле. Ал бул шакиртине да кезикти, бирок дүкөнүнө барган жок, жөн гана: «Балам, иш кандай» деп сурамыш болду. Бала уялып эч нерсе айткан жок.
Дөөтү уста билди да: «Ит сөөктү кантип кармап жегенин да билбейсиңби?» — деди да, артына кылчайбай жок болду. Бала эми түшүндү. Дүкөнүнө келип эптеп бир кычкач жасады. Ошондон баштап иши кайра илгери жүрө баштады. Экинчи мактанганды койду.
Бир күнү Дөөтү уста тегирменин жүргүзөйүн деп ташын чегип болуп, суу жыгайын деп жатса, тегирмендин чатырында бир ителги отурган экен. Дөөтүгө салам берип, өзүнүн эмнеге келгенин айтты: «Мен сиз менен мелдешейин деп келдим эле. Эгерде мен сиздин тегирмендин ташын жара тээп, жүргүзбөй койсом, мага алтындан текөөр салып бересизби?» — деп сурады. Дөөтү уста: «Кой, антип бекер убара болбо. Эгер жара тебе албасаң уят болосуң». Ителги болбоду. Ошентип мелдеш башталды. Ителги асманга атып чыгып, типтик куушурулуп келип тегирмендин ташын жара тээп, кайра асманга атып чыкты. Дөөтү уста ителги кайра имерилгенче ташка кадоо салып сууну жыгып, тегирменди жүргүзүп жиберди. Ителги кайрылып келип караса, тегирмен кадимкидей эле жүгүрүп жатат. Өз көзүнө ишенбей көпкө таңыркап карап турду. Качан гана устанын айлакерлигине жана амалына түшүнгөндө, ыза болгон ителги ыйлап жиберет. Ошондон ителгинин көзүнө жаш тоңуп калган. Көзүнүн жашын ушул кезге чейин аарчыбастан, ителги ички ызасын чыгаруу үчүн түркүн кушка кас болуп, алдынан чыкканын жара тээп кете берет экен.
Ал эми Дөөтү устага ителги кайрылып келген жок. Эгер келсе тегирменин токтотуп, чын эле анын эрдигин көрсөтмөк, ызасын басмак. Дөөтү уста да ушул кезге чейин ителгини келип калабы деп күтүп жүргөнүн айтышат.
АЛДАНГАН БҮРКҮТ
Куу түлкү жойлоп жүрүп, акыры бир айылдын четиндеги дөбөгө туш келет. Ал дөбөнүн күн батыш тарабында момолой чычкандардын бир нече ийини бар экен, аны көрүп түлкү кубанычка батып, ылайыктуу жер таап ошого жашынып жатат.
Бир маалда күнгө кактанганы чыккан чычкандар бири бирине кабар бергенсип чыйылдашып жатып сыртка чыгышат. Ушуну эле күтүп турган куу түлкү бир-эки секирүү менен эки чычканды кармап жеп курсагын кампайтып эми өзү күнгө кактанып жатканда аркы дөңгө чыга келген бүркүтчү дароо түлкүнү көрүп, колундагы бүркүтүн коё берет.
Кылактап дөңдү айлана качкан кызыл түлкүнү көргөн бүркүт анын артынан түшөт. Бүркүттү көргөн түлкүнүн да айласы кетип, кайда качарын билбей, туш келди чуркап отуруп эски конуштун ордуна туш келет. Ары чуркап, бери чуркап, баары бир бүркүттөн кутула албасына көзү жетип, айласын таппай турганда, эски журттун четиндеги казыкты көрө коюп сүйүнүп кетип, ажалдан арачалап кала турган нерсе табылды дегендей дароо казыкты эки бутунун ортосуна кыпчый чокчойуп отуруп берет.
Куу түлкүнүн оюн түшүнбөгөн эр көкүрөк бүркүт бир аз бийиктей түшүп, анан түлкүнү карай шукшурулуп жөнөйт. Түлкү эч кыймылсыз бүркүттүн зуулдап келе жаткан кебетесинен көз албай тура берет. Бүркүт мына чапчып аларда булт этип казыктан чыга берет. Күү менен келген алгыр бүркүт кайра кайкып кетерде казыктын учу ичин жарып, ошол жерде мүрт өлүмгө туш болот.
Бүркүттүн артынан чаап келе жаткан мүнүшкөрдү шылдыңдагандай куу түлкү чокчойуп тура калып, анан ылдыйкы токойду көздөй зымылдап жөнөй берди. Ошентип куу түлкүнүн оюна түшүнбөй бүркүт бөөдө өлгөн экен
СУЛУУ КЕЛИН
Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: «Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып:
— Экөөбүз баш кошсок кандай болот? -деп сулуу келинге кеп салса, ал макул болот. Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат.
Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай баштайт. Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап:
— Ай, сенин өңүң эмне саргарат? -дейт. Аңда берки жигит:
— Билбейм! -деп жооп берет. Анда дос житити:
— Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың, -дейт. Сулууну алган жигит ишенбейт: «Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын», -деген ойго келет. Анда берки дос жигити:
— Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз, -дейт. — Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин убалына калба, -дейт.
Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз. Шек алдырбай эртең менен эрте туруп:
— Сенин айтканың чын экен, -деп досуна баягы сөздү жашырбай айтат. Анда досу:
— Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт иш чындык болду. Бирок аялыңдын эки айлык боюнда бар. Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Тогуз ай, тогуз күндү болжоп үйгө кел. Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Ошо менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип досуна учурайт.
— Эми бүгүн аялың толготуп жатат. Бала жуп төрөлүп түшүп баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап! -деп колуна кылыч берет. Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Бир өлтүрсөң ошондо өлтүрөсүң. Бирок баланы ылдам ал, -дейт.
Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт. Баягы аял эркек төрөйт. Баланы антип-минтип энесинин алдынан алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө таамп калат. Баланы ороп:
— Эмне кылам, -деп баягы досуна барат. Ошондо досу:
— Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин! -деп колуна бир куура кестик берет. Кара кестик менен ажыдаардын терисин тилсе, ажыдаардын терисинин калыңдыгы үч карыш болот. Терисин сыйрып алып, денесин отко өрттөйт. Ушуну менен бала чоңоет. Он сегиз жашка чыккан учурунда бир көтөрүп келген отуну бир шаардагы элге бир кышка жарайт. Бир ичкенде бир шаардын тамагын бир ичкен, ушунчалык алп, күчтүү бала болот. Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт.
— Ии, досум, баягында мага ишенбей, аялымдын сулуусуна ичи тарып жатат деп ойлодуң эле. Бул чындык болду. Эми балаң кандай? -деп сурады. Аңда сулуу аял алган жигит:
— Таң, билбейм, баланын бир көтөрүп келгенин бир шаар бир жыл оокат кылат. Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет. Аңда досу айтат:
— Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө келип, конок болуп кет, -дейт.
Берки жигит макул болуп, алты күндөн кийин барса, берки досу бир темирден үй жасайт. «Темир үйдүн ичин кызыл-тазыл кооз кылат. Өзү ачылып, өзү жабылган эки жагынан эшик жасайт. Досуна жакшылап тамак берет. Баягы баласы экөөн ээрчитип темир үйгө астына өзү, ортосуна досу, артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат. Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол үйдө калат. Эки дос ээрчишип эшикке чыгышат. Бала элең-булаң эки жакты карагыча, үйдүн ичиндеги эшик тарс жабылып, бекилип калат. Бала бакырганда деминен темир көккө үч тийип, жерге үч түшөт. Досу эл-журтту жыйдырып, темирден казык кылдырып, чынжыр менен чырматып, темир үйдү жерге кагат. Бир сындырым нан, суу менен жети күнү баланы багат. Жети күндөн кийин өзөгү карарып, бала жыгылат. Жети күнгө чейин берки досу жетимиш кулач ор каздырып, бир бээни жардырып, жылкынын эки казысын катар койдуруп, жети нан үстүнө, жети кетмен астына коюп, казган оруна таштайт. Жетимиш балбанга жетелетип баланы ордун үстүнө алып барат. Ачыгып калган бала оп тартып, нанды, этти караганда баланын оозунан эки жылан атып түшүп, нан менен баягы жылкынын казысына барып сайылып, бала чалкасынан кетет. Ошондон кийин бала куландан соо таптаза болуп тамак ичип, адам болуп калган экен.
ҮЧ КЫЗ
Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт.
Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегиси келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калат. Күн батканын акыры байкашып, кыздар үйүн көздөй жол тартат. Бир аз баскан соң караңгы кирип, үй кайда экени билинбей калат. Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт. Ошол жарыкка бет алып үчөө жүрө берет, жүрө берет. Чарчап-чаалыкканда акыры жарык күйгөн жерге да келип жетишет. Жыртык-тешиги көп жаман үйгө кирип келишсе, босогонун бир жагында турган соку, экинчи жагында турган сок-билектен башка эч нерсе көрүнбөйт. Коломтодо жылтырап от күйүп турат, оттун жанында саксайган бир кемпир отурат. Ал кыздарды көрө коюп:
— Ырас келбедиңерби, отургула. Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, -дейт.
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Анда баягы кемпир: «Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат», -деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. «Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт», -деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Кыздардын кичүүсүнө: «Сен кичинекей экенсиң, мен өз койнума алып жатайын, чачыңдан жыттап, көңүлүмдү ачайын», -деп айтат.
Кичүү кызды койнуна алып жатып баягы жез кемпир чачын жыттамыш болуп кыздын канын соро баштайт. Ошентип жатып баягы кыз да, кемпир да уктап калат. Чамгаракта жаткан улуу кыз эки жакты карап көрүп, башка жакка адашып келгенин, саксайган неме жөн кемпир эмес, жез кемпир экенин билет. Акырын түшүп келип туурдук менен чийдин ортосундагы сиңдисин бошотот. Анан кичүү сиңдисине келишип, акырын караса, жез кемпир канын соруп жатып уктап калганын көрүшөт. Жерде жаткан талпактын бир учун жез кемпирдин оозуна салып, сиңдисин бошотуп алып үчөө качып жөнөйт.
Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, бир маалда канын сордуруп койгон эң кичүү кыз чарчап, жүрбөй калат. Кыздар бир аз дем алып олтурат. Ошол мезгилде таң атып, айланага жарык кирет. Бир аз дем алып олтурганча жерди жарган дабыш чыгат. Кыздар ары-бери караса баягы жез кемпир чачын саксайтып, көзүн ыкшыйтып сокусун минип, сок билегин камчыланын келе жатат. Кыздар коркуп эмне кыларын билбей, дал болуп калат. Аңгыча жез кемпир ат чабым жерге жакын келип калат. Ошондо кыздардын улуусу күзгүсүн ала коюп: «Сени далай карадым, Бир керекке жарагын», -деп ыргытын жиберет. Күзгү жез кемпирге жакын барып түшөт. Анын түшкөн жерине көз ачып-жумгуча баш-аягына көз жетпеген деңиз пайда болуп, жез кемпир аркы өйүздө, кыздар берки өйүздө калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жол тартышат.
Жез кемпир сокусун кайык кылып минип, сок-билегин калак кылып деңизден сүзүп жөнөйт. Кыздар жол жүрүп отуруп курсагы ачып, өздөрү чарчап бир жерге түнөп чыгат. Эртең менен күрүлдөгөн дабыштан кыздар ойгонуп кетип, эки жагын караса, баягы жез кемпир жакын келип калганын көрүшөт. Эмне кыларын билбей, шашып турганда жез кемпир бута атымдай жакындап калат. Ошондо ортончу кыз: «Тарагым, тарагым, Бир керекке жарагын», -деп жез кемпирди көздөй тарагын ыргытып жиберет. Анын тарагы жез кемпирге барып түшөт. Тарак түшкөн жердин айланасына чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой пайда болот. Жез кемпир аркы жакта, кыздар берки жакта бөлүнүп калат. Кыздар сүйүнүп, үйлөрүн көздөй жолун улантат.
Ал мезгилде жез кемпир сокусун араа кылып, сокбилегин балта кылып, түнт токойдун жоон жыгачын аралап, ичкесин балталап кесип, алдыга жыла берет. Аз жол жүрдүбү, көп жол жүрдүбү, кыздар курсагы ачып, кубаты качып, бир жерге түнөп жатат. Таң агарып аткан кезде жерди жарган үн чыгып, баягы жез кемпир келе жатканын көрүшөт. Кыздар коркуп, эмне кыларын билбей дал болуп туруп калат. Аңгыча жез кемпир чукул кирип келет. Ошондо кыздардын эң кичүүсү: «Ийнем-ийнем, ийип кет, Жер түбүнө кирип кет» -деп ийнесин жез кемпирди көздөй ыргытып жиберет. Ийне жез кемпирдин жанына барып түшөт. Ийне түшкөн жер көз ачып-жумгуча оюлуп, түбү жок чуңкур ор жаралат, ага сокусун минип, сокбилегин камчыланып жез кемпир кирип кетип, ошо бойдон жок болот. Кыздар сүйүнүп, бир аз дем алып, эки жагын карайт. Караса, жакын эле жерде өздөрүнүн үйү көрүнөт. Сүйүнүчү койнуна батпай кыздар үйлөрүнө чуркап келишет. Эмне көрүп, эмне кылгандарын биринен бири талашып айтып беришет.
МҮНҮШКӨР
Илгери-илгери он жети жашар мүнүшкөр бир байдын үйүнө келип консо бир бүркүт турат. Эртең менен бай байбичеси экөө желеге бээ байлайлы деп кетишет. Бала бүркүткө карап:
— Кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийипсиң, -деп сүйлөнөт.
Анын сөзүн угуп калган бир бала байга барып:
— Үйдөгү конок бала бүркүттү «кайран асыл, билген кишинин колуна тийбей, билбес кишинин колуна тийип калыпсың» -деп жатат, -дейт.
Балага келип бай:
— Бүркүттү таптап бергин, -дейт.
— Бүркүттү таптоону билбеймин, -дейт бала.
— Балам, ушул бүркүттү таптап берсең, кызымды сага беремин, -дейт бай.
Ошондо бала макул болуп:
— Эки жыл туу калган бээ тап, бир боз үй тиктирип коюңуз, ал үйдүн ичинде эч нерсе болбосун, ага бүркүттү коёмун жана бээни союп этин киргиземин, -дейт. Бай эки жыл туу калган бээни алып келет жана бир үйдү тиктирип даярдайт, үйдүн ичине эч нерсе койдурбайт.
Бала бээни сойдурат, аны бүтүн үйгө киргиздирет. Бүркүттү да кийирип байлабай бош коет. Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү жылчыгы жок бекитет. Ошентип бүркүттү камап коет да, кээде гана суу берип коюп жүрөт. Бүркүт бээнин этин жеп бүтүп, семизинен басалбай калат. Бала: «Басалбай калган бүркүт таптоого оңой болот» деп, таптай баштайт. Бир ай таптагандан кийин аны түлкүгө салуу үчүн алып чыгат. Бир топ киши менен бала кыдырып жүрсө, бир кара түлкү чыга качат да, бүркүттү көрө салып тиктеп туруп калат, ал жөн түлкү эмес калтар экен. Бала бүркүттүн томогосун башынан алат да, бирок бүркүттө калтарга салбай томогосун кайра кийгизип коет. Бала менен бирге жүргөн кишилер: «Бүркүттү эмне салбайт?» деп таң калышат.
Бала бүркүттү томогосун дагы башынан шыпырып алып, бүркүттү салбай томогосун кайра кийгизип коет. Баланын жолдоштору «бул бала бүркүтүн эмне салбайт, калтарды бизге ыраа көрбөй турат го» дешип наалышат.
Бала томогону алып бүркүттү шилтейт. Бүркүт калтарга карабай асманга кетет. Калтар болсо алдыңкы эки бутун көтөрүп асманды тиктеп калат. Бүркүт өтө бийик көтөрүлүп, карааны көзгө көрүнбөй үлбүлдөп калган кезде шукшурулуп тик сайылып келип калтарды башынан мыкчый кармап көккө көтөрүлдү да, жерге таштап жиберди. Калтарды алышкандан кийин жолдоштору: — Эки жолу бүркүттүн томогосун алдың, бирок салбадың, үчүнчү жолу гана салдың, мунун себеби кандай? -деп баладан сурашат.
— Биринчи жолу асыл менен асыл кантип беттешет деп бүркүттү калтарга салууга колум барбады. Экинчи жолу асылды асыл кантип кыят деп салууга колум барбады, үчүнчүсүндө тобокел деп чымырканып туруп бүркүтүмдү кое бердим, бүркүттүн асманга бийик чыкканынын себеби, ал канчалык бийик көтөрүлсө, ошончолук тиктей берип түлкүнүн көзүнө жаш толот, качырып келе жаткан бүркүттү көрбөй калат. Акчекир деген бүркүт ушул, -деди бала.
Эл: «Чынында байдын кызы балага ылайык экен» дешип, баланы үйлөндүрүп-жайландырып коюшат.
ЖЫЛАН МЕНЕН КИШИ
Илгери- илгери бир дыйкан болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат. «Эмне болду экен?» — деп карай калса, бет маңдайында эки- үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура берет.
Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип, бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Жылан менен арбашып турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: «Мар», «Могой», «Мокочо», «Кайыш», «Айнек», «Айнеккөз», «Уу», «Заар», «Чаар»!
Бирок жылан эч кыймылдабай тикесинен катып турат. Дыйкан жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап улантат. Бирок таба албайт. Жылан анда- санда ышкырып коюп, тилин соймоңдотуп, дыйкандан көзүн албай кыймылсыз. Булардын арбашуусу созула берип, бир топ убакыт өтөт.
Түш ченде дыйкандын кызы атасына тамак алып келет. Келсе, атасы жылан менен тиктешип турат. Атасы күндүн ысыгына какталып тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп бара жаткан экен. Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам жасай албай каккан казыктай туруп калат.
Кызыын келгенин билген дыйкан: «Топчумду чеч!» — деп айтууга гана араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты «Топчу» экен. Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.
Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи көөп, жарылып өлөт экен.
Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала- бакырасы менен аман- эсен оокатын кылып жатып калган экен.
ОТУНЧУ ПАДЫША
Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп «эки бакыр, бир тукур» болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен жылаңач- жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.
Султаналы үй- бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн «өлбөс оокат, чыкпас жан» дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен.
Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду карата көп ойлорду ойлоп баш катырды. «Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык. Демек экөөбүз тең картайдык. Артыбызда керки, чотту жыйнап, атыбызды өчүрбөй турган тукумум Мырза бар. Жалгызымдын колун адалдап коюуга кудуретим келбеди. Атаганат!» — деп далай жерге келип калганын да өзү билбей калыптыр.
Отун алуучу жеринде эмне кыларын билбей, «урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай» жолдун боюнда сары сан болуп терең ойго батып отуруп калат. Бир убакта ордунан ыргып туруп артын көздөй жөнөйт. Баратып кантип уулунун тоюн берүүнү ойлонду: «Кой, аздан акча жыйнайын, катып койгон акчамды таптакыр унутуп калбайын, күрүч, кой алып туруп, уулума той берип, элден бата алайын» деп кызык кыялга батты.
Жолдо келе жатып көздүн жоосун алган сонун куурайларга көзү түшөт. Ана- мына деп карап турбай Султаналы жол боюндагы шуудурап турган куурайларды оро баштады. Күндөгүсүнөн алда канча көп куурай жыйнап, бекемдеп таңып, көтөрүүгө көп аракеттенип, кара терге түштү. Бир маалда эптеп дөңгө сүйрөп жеткирип, чарчап алы кеткендиктенби, аны ордунан кайра жылдыра албады.
Бүткөн бою суу болуп, өзү кара терге түштү. Көтөрө албайт, көтөрүп тура калайын дегенде, башынан ашып көмөлөнүп кетет. Бир туруп ызаланып, бир туруп капаланды. Кандай жеткирүүнүн амалын таппай, казыктай болуй жолду карап туруп калды.
Жолдон өтүп бараткан жолоочу көрүп- билип тургансып Султаналынын кыжырын кайнатып суроо берди. Ал жини келип:
— Көзүң көр, кулагың кереңби? Бооруң ачыса жеткирип бер, болбосо эмнеге куру сүйлөйсүң, — деп кыйкырып үнүн катуу чыгарды.
— Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды, балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын. Сен куу жаныңды кууратып эмне кыласың. Ыракаттан жүзүн көргөн жериң жок, дүйнөгө келгениңден кийин жыргайм деп ойлосоң боло. Отунчум куу жанынды кууратпай менин акылыма көн. Тетиги чоң ташты көтөргүн, астындагы чуңкурга колуңду салсаң бир тасторкон, бир бешмант, бир сака бар. Ошолорду алгын, көктөн тилегениң жерден табылат.
— Аларды шаарга сатамбы? — деп Султаналы сураганда, жолоочу:
— Кокуй, андай кыла көрбө, кайсы тамакты көңүлүңө түшүрсөң ошол замат даяр болот, каалаганча жеп, тасторконду кайра катып коюп жүргүн. Бешмантты кийип алсаң, эл көзүнө көрүнбөй каалаган жерге жетесиң! Саканы болсо, башыңа кыйын иш түшкөндө курал кыл. Саканы тамдын төбөсүнө коюп туруп анын артынан өзүң чуркап бар. Сака түшкөн жерде эшик ачылып калат. Ичине кирип ылдый түшсөң адамдын көңүлүн чайыткан бак пайда болот. Ортосунда чоң жолу бар, жол менен басып бараткаңда оң жагыңды карасаң бышып жетилген мөмөлөрдү көрөсүң. Бирок сол жакка карабай, ар убак оң жактын мөмөлөрүн же. Сол жактагы мөмөнү сага мурда ким жамандык кылса ошолорго берип жедир. Аны жегенден кийин алар таш болуп катып калат. Каргап туруп берсең, сен жаман санагандай болот. Кыскасы кандай ойлосоң ошондой болот, — деди дагы жолоочу көздөн кайым болду.
Султаналы: «өңүмбү, түшүмбү», деп бир топко дал болуп туруп калып, араң- араң эсине келди.
Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп, дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге коркту. «Колумду улам салам деп отуруп, өзүмдү сордурбайын, кой кемпиримди жардам бергенге алып келейин» деди. Үйүнө барып кемпирине сүйүнчүлөп, «жүр, кемпирим» деп, алып келди.
Султаналы чөк түшүп отурду да, артынан кемпирине этегин карматып:
— Сак бол, кокус мени ары карай тартса, сен бери карай тарт, андай кылбасаң мен өлдүм, — деди.
Кемпири ээгин тиштеп, Султаналыны бекем тартып, кыйналып кысталып туруп тасторкон, бешмант, саканы сууруп алып чыкты. Кубанычтары койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.
— Кемпирим эмне жегиң келет? — деп жалт карады. Умсунай:
— Сары майга бышырылган каттама болсо!
— Мен да ошону каалаймын, — дей салды Султаналы. Ичинен сары майга бышырылган каттама чык, — деп тасторконду ачты эле, тасторкон толду, өлгөнчө жеп тоюшту.
Баягы жолоочу айткандай жеп бүтүп, кайра жаап коюшту. Айт тамактар болуп, береке жайнап ырахаттын жүзүн көрө башташты.
Анан бешмантты кийип, Султаналы шаарга чыкмакчы болду. Бешмантты алып, жолоочу айткандай эч кимге көрүнбөй шаарга кирип барды. Султаналы шаарды аралап, бир жерди караса набайчы нан чыгарып жатыптыр, «ушундан бирди алып көрөйүн, билинер бекен, билинбес бекен», деп нанды алды дагы, тыяк- быякка карап көрдү. Бир аз басып, кайра турду, набайчы аны менен иши да болбоду.
Султаналы дагы сынап, бир киши алма сатып отурган жерден алмасын алды эле, эч ким көрбөдү. Андан ары бал саткан жерге келип, оюндагысын алып, керек дегенин колуна кармады. Бирок такыр адамдын көзү чалбады.
Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: «Бул адамдын акчасын алайын» деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала берди. Бул дагы көргөн жок.
Анан Султаналы келатса, базарда чөнтөкчү уурдаган акчасын санап туруптур. «Мейли бул дагы бирөөлөрдү какшаткан акча», деп анын дагы акчасын, алды.
Ары барса, кай бирөө какшап, кай бирөө боздоп жүрүшөт. Султаналы абайлап канча жоготсо, ошончо акчаны орундарына салат.
Андан ары сыйкырдуу бешмант менен жүрүп отуруп кайыр — тилеген пенделердин арасына келип баягы акчаларды берип отуруп, аны дагы апың- упуң кылды.
Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды. Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.
Сыйкырдуу бешмант менен аман- эсен Султаналы үйүнө келип болгон иштердин чыпчыргасын коротпой аялына айтып берди.
Арадан көп убакыт өтпөй Султаналы: «Эми саканы сынайынчы», деп үйүнүн үстүнө чыгып, жолоочу айткандай саканы атып жиберип, анын артынан өзү келди. Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү. Мөмөлөрдү көрүп, айран таң калып, оң тарабындагы жемиштерди татып көрдү.
Жолдун сол жагындагы ашпурт, анжыр, алмаларга көзү түштү. Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: «Умсунай муну жакшы көрүүчү эле», — деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып келди.
Умсунай «жеп коеюн» деп, оозуна салаары менен мышык болуп мыялап калды.
Султаналы аргасы кетип, айласы түгөндү. Умсунай дубалга чыгып, эмне кыларды билбей жалдырап турду.
«Бир анжырдын азабынан кемпиримден айрылдым», деп кокуйду үстөккө- босток айтып, эстен танды. Аргасы кетип көзү карайлап, баягы сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар, жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Анжырды жегенден кийин кемпир өз калыбына келди.
Султаналы сүйүнүп, «Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым», деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди. Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга барат. Арам тамак соодагер, байлардын акчасын алып, кембагалдарга таратып берет. Кембагалдар тоюнуп жыргашты. Кандын казынасын чачты. Короо- короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин жарпы жазыла баштады.
Жердин үстүндөгү жемиштер дагы калганы жок, утурумдук оокат үчүн Султаналы Умсунай экөө алтын саканы ыргытып коюп жер астындагы бактардын мөмөлөрүн сата баштап турмушу оңолду.
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап, аябай тан калтырды.
Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин билип, анын сырын билиш үчүн:
— Мындан ары жакшы жүрөлү, келишип кетишип туралы, балким кудалашып каларбыз, — деп өзөр- мазир сөзүн айтты.
Султаналы кубанычы терисине батпай:
— Кулдук- кулдук, — деп таазим кылды.
Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза көп ойной турган бодду.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай бир жакка кетишип, баягы сыйкырдуу бешмантты үйгө унутуп калтырышат.
Айжамал менен Мырза бышып турган коонго барат да ээси кармап алып, Айжамалды жибербейт. Ошондо Мырза кызга боору ачып, сыйкырдуу бешмантты алып келип, коонду оюнча жеп, каалаганча алып кетишет.
Бешмантты үйүнө коюп, Мырза билмексен болуп калды.
Айжамал болгон ишти төкпөй, чачпай атасына айтып келди.
— Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып берем, — деп падыша кызына убада кылды.
Кыз атасынын айтканын орундатып, сыйкырдуу бешмантты алып келип берди. Падыша сыйкырдуу бешмантты сынап көрүп, бекем катып таштады.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып, түрдүү оокатты жайнатат. Каалаганча жешип, тасторконду кайра ордуна илип коюшат.
Айжамал үйүнө келип атасына сыйкырдуу тасторкон жөнүндө айтып берет. Атасы аябай кубанып кызына:
— Сага алтын шакек берем, ошол тасторконду алып келсең, — деп дагы жумшайт.
Сыйкырдуу тасторкон да алынып келди.
Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон ажыраганына аябай капаланды. Ким колдуу болгонун дароо байкады.
Алтын саканы ыргытып, анан өзү чуркап жердин алдындагы бакка барып, мөмөлөрдү эки- үч чакадай жыйнады. Кыштын кырчылдаган күнү падышага тартуу кылып алып барып берди. Баарысы аң- таң калып, жеп жыргашты.
— Эртең дагы алып келем, — деп убада кылды. Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Султаналы:
— Мен бирден оозуңарга салам, оозуңарды ачып, көзүңөрдү жумуп тургула — дегенине падыша менен вазирлер макул болду.
— Падыша мышык, вазирлери ит болсун, — деп Султаналы шыбырап, колун бир силкип койду.
Ошондон кийин баарысы айткандай болду. Падышанын тактысына өзү олтуруп, адил иш жүргүздү. Жоголгон буюмдарын таап, жаркырап- жайнап жатып калган экен.
СЫЙКЫРДУУ САКА
Илгери- илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.
Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир.
Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Ошондо сакасын колуна алып: «Сакам, сен да жакшы конбой койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим- кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып жүрөр элем», — деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап жатып уктап кетет
Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет. Бирок кечээ болгон окуяны ата- энесине айтпайт.
Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат.
Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: «Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел», — дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр», — деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет.
КАМЫР БАЛБАН
Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир- чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: «Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы» деп арманын айтып, тышка, чыгат. Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир- чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл «жоо келе жатабы» деп качат экен.
Ошентип жүрүп отурса, алдынан Тоотолтоң деген адам чыгат. Андан Камыр балбан:
— Эмне өнөрүң бар? — деп сурайт.
— Балбандыгым бар, — деп жооп берет.
— Эмесе жүр, экөөбүз жоддош бололу, — деп ээрчитип алып жүрүп олтурса, алдынан Суусулпаң деген кездешет. Андан:
— Эмне өнөрүң бар? — деп сурашат.
— Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, — дейт.
Ал үчөө жолдош болуп жүрүп отурса, жолунан Айалпаң чыгат. Андан:
— Эмне өнөрүң бар? — деп сураса:
— Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт, — дейт.
Төртөө биригип алып, өзүлөрүнчө тоого чыгып, аң ууламакчы болушат. Алардын бирөө күндө кошто калып эт бышырып турмакчы болот. Адегенде Айалпаң калат. Беркилер кечинде келишсе, эч кандай тамак жок, бир Жез Тумшук от аламын демиш болуп келип, этин жеп, өзүн аябай сабап кетет
Экинчи күнү Суусулпаң эт бышырганга калат. Анын да Жез Тумшук мурункудай этин жеп кетет. Анда да ачка калышат.
Үчүнчү күнү Камыр балбан калып, эт бышырып отурса, Жез Тумшук келип:
— Эт берчи! — деп Камыр балбанга айтат. Анда Камыр балбан:
— Эт жебей, чок же! — дейт.
Ал экөө ошол жерден кармашып, Камыр балбан баягы темир таягы менен чабаарда, Жез Тумшук качып жөнөйт, тиги кууп жетпей калат. Ал кара үңкүргө кирип кетет.
Кечинде жолдоштору келгенде, Камыр балбан болгон ишти айтып үчөөнү ээрчитип, үңкүргө түшсө, бир ак үй бар экен. Ал үйгө кирсе, үч кыз ыйлап отурат. Баягы Жез Тумшук уктап жатат. Аны Камыр балбан таягы менен бир- эки чаап жиберее, тура калып кармашат. Үч кыз унчукпай отура беришет. Камыр балбан баягы Жез Тумшукту өлтүрүп, үч кыздан сыр сураса, ал үчөө зордуктап алып келген хандын кыздары экен.
Үч кызды Камыр балбан тышка алып чыгып, үч жолдошуна барып үч кыздын бирөөнү өзү алып, экөөнү Тоотолпоң менен Суусулпаңга берет. Айалпаң кур калат. «Үч кызды үчөөбүзгө бербейт», — деп үчөөнүн ичинен нааразылык чыгып, балбанды өлтүрмөк болушат. Аны балбан билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып кетишет. Үч кызды балбан ханга кабар айттырып, шаарга барат.
Барса баягы үч кыз ошол хандын кыздары экен. Хан өзү хандыктан түшүп, балбанды хан көтөрөт. Ошентип, Камыр балбан хан болуп карыган ата- энесин багып калыптыр.
АЙЛАКЕР БАЛА
Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: «Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?» дейт. Анда бала: «Атым — Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет» дейт.
— Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон?
— Менде эч деле айла-амал жок, ата-энемдин койгон аты ушул экен.
— Эмесе, балам, баары бир ата-энең, багар-көрөрүң жок экен, мага бала болгун, — дейт.
Бала: «Жакшы болот, ата, сокурдун тилегени эки көз дегендей, менин тилегеним да ошол эмеспи» деп, ал адамга бала болуп жүрүп калды.
Күнү эшикте ойноп отурса атасы чакырып: «Ээ, Айлакер, сен мына бул бактын башында эмне бар экенин билесиңби?» дейт. Бала: «Билем, ата, анда ак сары деген куштун уясы бар» деди. «Эмесе, куш азыр уясында жатат, сен кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келет.
Чал: «Эми кайра алып барып, жумуртканы уясына салып келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей жумуртканы уяга салып кайра келди эле, атасы: «Колуң эптүү, өзүң тири карак экенсиң, ишке жарай турган кебетең бар көрүнөт» дейт. Кечке маал болгондо атасы: «Мына бу жердеги абышка-кемпирдин үйүн билесиңби?» дейт. «Ошол кемпир-чалдын бир карын сарын майы бар. Аны же өздөрү жебейт, же кишиге бербейт. Түн ичинде уурудан коркуп, экөө ортосуна алып жатат, баргын да, ошону уурдап келгин» дейт.
Бесплатный фрагмент закончился.
Купите книгу, чтобы продолжить чтение.