18+
Алакандагы жүрөк

Бесплатный фрагмент - Алакандагы жүрөк

Залкар инсандын өмүр баяны

Объем: 224 бумажных стр.

Формат: epub, fb2, pdfRead, mobi

Подробнее

Алакандагы жүрөк

(ЖҮРӨККӨ КАРАЙ КЕТКЕН ЖОЛ)

Акман, Ак-Баш айылдары. Балалыктын эстен кеткис жылдары

Күн батып бара жатса да ысыгы кайтпай үп болуп, адамдын демин буулуктурат. Пешененсинен аккан терлерин жеңи менен аарчый Алишер Акмандагы «Саякбайдын дөңүнө» чыгып, кетменине таяна, кызарып батып бара жаткан күнгө карап ойго батты. «Эх, ошондо апама жакшы түшүндүргөндө, ал мени түшүнүп, учкучтардын окуусуна кете бергенимде, азыркыга окшоп бул жерде пахта сугарбастан, булуттарды аралай учуп жүрмөк элем да».

Тартынбай кирет эмгекке,

Түрүнүп иштеп, билекти.

Абдан бир сулуу деп жүрөм.

Айдарканова Жибекти — деген созолонгон обон анын ойун бузуп жиберди.

Караса дөңдүн алдында кетменин желкесине салган жигит бул аалам менен иши жок өзүнчө бакытка чүмүп келатыптыр.

Анын ырын уккан Алишердин ичи тарып кеткенсиди. Анын көзүнө бөлөсү экиге бөлүнүп өрүлгөн узун чачтарын артына таштап, баскан сайын гүлдүү көйнөгү желбирей талаадагы гүлдөрдү керимсел жел ыргалткандай, ийининдеги баканга суу көтөрүп келе жаткан ботокөз Жибек элестей түштү. Бул сезим ага биринчи жолу сезилди, мурда мындай сезим анда болгон эмес эле.

Кийинки күндөрү кандай өткөнү билинбеди. Колдору кетмендин сабында болгону менен, ойлору асмандап учуп, бирде Жибек менен болсо, бирде бул сезимин бөлөсүнө кантип билдирсем деп жолдорун издейт. Көңүлү чөгүп ишке көңүлү келбейт. Күн ысып, суу коюп жаткан талаанын четиндеги талды көздөй басты. Бир нече күндөн бери түнкүсүн уктай албай, эзилип калган денеси көлөкөгө киргенде уйкуга тартып кетти. Канча уктаганын билбейт, бир маалда «эй, Алишер! Сууң жеп кетиптир го, кечке уктай бересиңби?» — деген үндөн чочуп ойгонду. Ордунан турса, келбети келишкен атты минип, орус шапкени маңдайына түшүрө кийген, Базар-Коргон менен Көк-Арт аймактарына Гажир ууру деген ат менен белгилүү болгон киши атынын жалына өбөктөп аны карап туруптур. Анын аты менен ыйлап жаткан балдарын «Гажир ууру келетат. Азыр сени алып кетет!» — деп сооротушчу экен деп элдин айткандарын эстеди. Жаш балдар эмнеге алып кетерин түшүнүшчү эмес, бирок анын атын укканда ыйлагандары тып басылып калчу.

— Эмне түнү менен пахтага суу коюп чыктыңбы? Кериле уктаганыңа караганда? — деди Гажир.

Алишер көздөрүн укалай, анын суроосуна жооп бербей, анын жанына барып саламдашканы колун сунду.

— Алдыңа төшөнчү салбай эле жатып алыпсың го?

— Күн ысыганынан бир аз жата турайынчы деп кыңкайдым эле, — деди ал анын суроолоруна жооп берип.

— Алдыңа төшөнчү салбай эле жатып алыпсың го? Жердин нымы адамга билинбей өтөт, нары жылаңайлак суу кечип жүрөсүң. Азыр жашсың, күчүң бар. Өзүңдү сыйласаң, эчкинин эски талпагын кошо ала жүр да чарчаганыңда алдыңа салып ал, тери ным өткөрбөйт, — деди Гажир ууру.

— Качанга чейин бойдок жүрөсүң? Үйлөнөйүн деген ойуң барбы? Айылдагы кыздардан карап жатасыңбы? Кимди жактырсаң мага айт. Өзүм куда башчы болуп барам. Мага бирөөсү жок деп көрсүнчү, анан алар менен сүйлөшөм.

— Иштен кол бошобой… — деди Алишер.

— Иштен кол бошобойт деп жүрүп карт бойдок болуп калба. Кийин кыздар чал экен дешип тийбей коюп жүрүшпөсүн, ха-ха! — деп атын моюнга чаап, темине тал-теректерге жамынган айылды көздөй жол тартты.

Гажир уурунун сөздөрү анын ойлоруна дагы бүлүк салды. «Бүгүн кечинде Жибек менен ачык сүйлөшпөсөм болбойт окшойт» — деп ичинен ойго берилип, кетменин ала сугарып жаткан пахта талаасына жөнөдү. Ар күнү талаадан иштен кайтканда «бүгүн айтам» деген ой менен жаткан үйүнө келет. Бир күнү караса гозолордо пахтанын булалары ачылып, жылдын башка мезгили келип калганынан ага кабар бергенсиди. Саратандын ысыгы кетип, кечке маал салкын болуп кандайдыр бир белгисиз кусалык анын жүрөгүн мыжыгылайт. Алишер бөлөсүнө сезимин билдире албай жүргөн күндөрүн ичинен эсептеп көрсө үч айдан ашып кетиптир.

Кечинде иштен келгенде коңшусунун баласы чыбык атын адыраңдата чаап келди.

— Алишер аке, сизди Гажир абам Жумагүл энемдердин үйүнө келсин деп чакырып жатышат. Тез келсин дешти, — деди да чыбык атын камчылай кайра артына чуркап кетти.

«Эмнеге чакырышты экен?» — деп деп ойлоно таза көйнөгүн кийип бөлөсүнүн үйүнө жөнөдү. Эшиктин астындагы супада бейтааныш эки-үч эркек менен аялдар, эжеси, Гажир абасы отуруптур. Ал салам айтып келгенде бардыгы аны карап калышты.

Гажир эч кимге сөз бербей сүйлөп жаткан экен. Сөзүн токтотуп, «аа, келдиңби? Менин жаныма кел,» — деп ордунан копшоло жанынан орун бошотту. «Тойду күздө өткөрөбүз дедиңерби?» — деп тиги адамдарга суроо салды. «Ооба, сиздерден уруксат болсо, уулубуздун башын эки кылып койсокпу дедик эле,» — деди кара сакалчан адам.

— Силер бул кыздын башы бошпу деп бирөө-жарымдан сурадыңарбы? — деди Гажир.

— Элден угуп, башы бош экен дегенинен келгенбиз, — деди тиги киши кайрадан.

— Кимден уктуңар? Атын айткылачы ошол кишинин атын, мен азыр барып сурап келейин, — деп өктөм сүйлөдү Гажир.

Кара сакалчан анын үнүнөн айбыга, үнүн пас чыгарып «элден уктук да» деди.

— Элден уксаңар ошол элдин башы бош кыздарынан алгыла. Биздин кызыбыздын жигити мына бул жигит. Экөө көптөн бери сүйлөшүп жүрүшөт, — деп ал Алишерди көрсөттү. Алишердин эки бети кызарып, жүрөгү дүкүлдөп ордунан тура албай калды.

— Болду, сөз тамам. Келген кадамдарыңарга ыраазы болуп кеткиле, — деп отурган жерине жамбаштап жатып алды. Келген меймандар ордуларынан шаша-буша турушуп, кеткиче шашышты.

— Эй бала, конокторго уят болдук го, кызды сураган жерге бер деген сөз бар го элде? — деди Жумагүл Гажирге карай, коноктор кеткенден кийин анын жанына отуруп.

— Ээ, жеңе, жаштардын көөнүн да караш керек. Мен булардын келерин мурда угуп жүргөм. Алардын баласынын баш терисин байкап көрдүм. Ата-энеси баш болуп терилери тар кишилер экен. Кызың ал жерге барса жыргап кетпейт. Андан көрө мына бу Алишерди эле күйөө бала кылып алалы. Акылы десең акылы, күчү десең күчү, билими десең билими бар. Куулук-шумдугу жок. Нары бизге жат эмес. Туурабы, Алишер? — деп Гажир ага карап койду. Караңгыда эки бети алоолоп күйгөн Алишер анын суроосуна жооп бермек тургай, аба жетпей өзүнчө думугуп бара жатты.

— Пахта терим бүткөндө той кылабыз жеңе, андан көрө бере турган чайыңды бер бизге, Алишер да иштен чарчап келди, чай ичкенден кийин эс алып алсын, — деп Гажир сөздү бүттү дегендей чечим чыгарып койду. Алишер чайды кандай ичкенин деле билбеди. Тезирээк эле кеткиси келип туруп алды.

Дасторконго бата кылып турушкандан кийин Гажир анын чыканагынан кармап, «сен тойдон кам санаба, союшун мен мойнума алам. Андан көрө Жибек экөөң сөздү жакшы бүтүргүлө» -деп, үйүн көздөй кетти.

Алишер Гажир тагасына ичинен ыраазы болду. Эгерде ал болбосо балким Жибектин тагдыры башкача болмокпу, келген жуучуларга тажеңеси макул деп койсо, эмне кылмак эле. «Тез арада Жибек менен сүйлөшүп, тойдун камын эртерээк көрө бериш керек,» -деген таттуу ой менен тагасынын үйүнө келе жатты.

Эртеси дагы көнүмүш адатынча пахта талаасына барды. Катта-Арык тараптан Эрмек бригадир атчан келе жатыптыр.

— Эй, Алишер, бүгүндөн баштап пахтага сууну токтотосуң. Косектер ачыла баштаптыр. Азыр суу койсоң, бул косектер кар жааганга чейин ачылбайт, планды толтура албай калабыз. Андан көрө эртеңден баштап кырманга бар да, эл менен кырманды тегиздеп, шыбайсыңар,» -деди.

Эртеси, күн аркан бою көтөрүлүп калганда эки бөлмөлүү, үстү ылай менен шыбалган шыйпаңга барды. Кетмен менен таза кырылган кырмандын четинде коон-дарыбыздар үйүлүп, Көпай эже чоң самоорго арыктагы суудан алып келип куюп жаткан экен.

— Кел, Алишер. Эрте келипсиң го? — деп койду.

— Биргат кырманды шыбайсыңар дегенинен эрте келдим эже, -деди.

— Кел, чай кайнагыча анча бар, коондун ширининен тандагын. Жеп туралы, — деди Көпай эже.

Алишер үйүлгөн коондорго барганда, коондордун буркураган жыты мурдун өрдөп кетти. Сапсары болгон коонду тандап, мурдуна алып келип жыттап, анын жытын ичине тартты.

— Ушул коон аябай ширин болсо керек, аябай эле жыттуу экен, — деп чайчы эжеге карап, улам-улам жыттап жатты.

— Ме, бычакты ал. Сойчу, көрөлү. Кандай коонду тандаганыңды, — деп Көпай эже аш бычакты ага узатты. — Сойгон коонуң ширин чыкса, үйлөнгөн жарың жакшы чыгып, турмушуңар ушул коондой ширин болот, — деп койду Алишерди сынай карап. Алишердин эки бети алоолоп чыкты. Ичинен ширин чыкса экен деп тиленип жатты. -Коондон алыңыз, эже, — деп узун тилинген коонду ага сунду.

— Биссимилла, — деп Көпай эже коонду бир тиштеп, ой-бой, бул коондун даамы тилиңди ары тартып кетет ко. Шириндигин кара! Абдан ширинин тандаган экенсиң. Колуктуң да сулуу жана турмушуңар да ушул коондой ширин болот экен, — деп коонду ырахаттана жеп кирди.

Көпай эже коондон ооз тийгенден кийин өзүнө тилип, оозуна алып барды. Кыргыздын салтында улуулар тамактан ооз тийгенден кийин гана жаштар ооз тийишиет. Бул атам замандан келе жаткан салт. Чынында мындай ширин коонду көптөн бери биринчи жолу жеп жаткандыктан жана анын «Колуктуң да сулуу жана турмушуңар да ушул коондой ширин болот экен,» дегени коондун даамын дагы ширин кылып жибергенсиди. Ырахаттана жеп кирди. «Азыр Жибек келип ушул коондон жесе, кандай сонун болот эле» деп ойлонуп кетти.

Коонду ортолоп жеп калышканда «Саякбайдын дөңү» жактан бир топ кыздардын шыңкылдаган күлкүлөрү угулду. Баштарына аппак жоолуктарды салынышкан, гүлдүү аппак көйнөктөрдү кийишкен беш-алты кыздын караандары дөңдөн түшүп келе жатышкан экен. Арасында Жибек бар бекен деп аларды карады. Кыздардын ортосунда Жибек келе жатыптыр. Жүрөгү элеп-желеп болуп кетти.

— Эже, дагы тилейинби, коондон? — деп сурады.

— Мен тойдум, үкам, калганын оногу келе жаткан кыздарга калтырып койолу. Алар да коондон жеп бир ырахаттанып алышсын. Оомийин, бактылуу бол айланайын, көптөн бери мындай ширин коон жей элек элем. Жакшы колуктуну насип кылсын, турмушуңар ушул коондой ширин болсун, — деп бата кылды. Алишер да жүзүнө алакандарын тарта бата кылды.

— Айтканыңыз келсин, эже. Бүгүн таңды ширинчилик менен баштадык.

Кыздар шаракташа күлүшүп, тез эле шыйпаңга жетип келишти.

— Охо, коон-дарыбыздар келиптир да, -дедикыздардын бири.

— Коондон жегиле, кыздар, — деди Алишер аларга бир тилимден кесип берип.

— Вах, укмуш ширин го. Нары муздактыгын айтсаңар, — деди экинчиси.

— Коон жесең саар же, саар жебесең заар же дейт беле? — деп коонду жеп жаткан кыздардын бири.- Шириндиги укмуш ко! Коондон дагы сойбойсузбу? Алымсынбай калдык, — деди бою пасыраак кыз тамшана.

Ал коондон узун тилим кылып союп, ар бир кызга узатып жатты. Коондун тилимин Жибекке сунуп жатканда, колдорунун бир аз титирей түшкөнүн өзү байкап калды. Бирөө жарым байкап калбадыбы бекен деп акырын көз кыры менен кыздарды карады. Бардыгы коонду ырахаттана жешип ага көңүл бурбаганын көргөндөн кийин жаны жай алгандай болду. Коонду жеп бүтүшүп, кыздар ага ырахматын айтышып ордуларынан турушту. Алишер ордунан козголуп, «Саякбайдын дөңүн» карады. Дөңдүн үстүндө бешигин башына көтөргөн аял, бешигинин үстүнө кетменин арта салып, бир баласын колунан жетелеп келе жатканын көрдү.

Согуштун бүткөнүнө аз жылдар эле болгон. Жаш баланын кадамы апасынын кадамына жетпей тарткынчактагансыйт. Өзүнүн балалык чагын эстеп кетти. Согуш мезгили, эркектер согушка кетип, айылдарда чал-кемпирлер, аялдар жана балдары менен калышып, талаадагы иштердин баары алардын күчү менен аткарылчу. Апасы менен кошо буудайга суу койгону, пахта чапканы, пахта терген күндөрү көз алдынан элестеп өттү. Буудайды кол орок менен орушуп, боолап, талаанын четиндеги кырманга атка, эшекке кошулган чийнеге жүктөп, боолорун эсепчиге санап өткөрүп берген күндөрү… Чак түштө, күн куйкалап турган учурда моло ташты аттарга, өгүздөргө, эшектерге тарттырып кырманда жайылган буудайларды бастырганы… Чаңкаганда арыктагы сууга баштарын салып жылуу суудан жутуп алышчу. Апасынын шуудураган алакандарын кичинекей алаканы менен кармап алып талааны көздөй жөнөгөнү…

Ассалому алейкум, азаматтар! Силердей азаматтар менен тоону томкорсо болот да, -деген Эрмек биргат согушта ок тийген буту менен чолоңдой басып алардын жанына келди.

— Алишер, ишенген жигитибиз сенсиң. Ылайды чылап, самандан көбүрөөк кошуп, суюгураак кылып бересиң. Кыздар, силер замбар менен ташыйсыңар. Артык менен Кочкор кырманды шыбайсыңар. Ага чейин бардыгыбыз кырманды кетмен менен бир сыйра кырып, тегиздеп чыгабыз. Иштин башы деп ишти шириндик менен баштайлы. Коон-дарыбыздардан алып келгиле. Биринчи дарыбыздан баштайлы, коондон жесек ширин болуп, дарыбызга көңүл чаппай калат. Жашыбыз сен экенсиң, коонду сой, — деп Эрмек биргат Алишерге буйруду.

Кырмандын четине дасторкон салынды. Ошол жерде бирге иштеген кишилердин жашы кичине болгондуктан коонду Алишер союп, дасторкондун четине тилимдерин тизе баштады.

— «Биссимила,» — дешип аксакалдар коондон ала башташты. «Ох, шириндигин. Атаңа баракелде. Кимдин коону?» -дешип, коонду макташа тамшанышып жеп киришти.

— Үтүрдүн коону.

— Коон эгиш боюнча сарттарды артта калтырыптыр го. Биз деле эксек болот экен да коон-дарыбызды. Базарга барып, аларга тапкан пулдарыбызды бергенден көрө,» — деди бою кыдыйган Эргеш.

— –Туугандар, коонду жеп бүттүңөрбү, эми дарыбыздан жейлиби? — деди Эрмек биргат.

— Коонго эле тоюп калдык. Ишти бир жаңсыл кылып бүтүргөндөн кийин, суусаганда жейли, — деди Эргеш. Үтүрдүн дыйканчылыгына «береке берсин» дешип бата кылышты.

Алишер ордунан туруп, багелегин түрүп, кетменди алды да эки күн мурда чыланган ылайды оодара баштады. Самандан кошуп, ылайды бир сыйра тебелеп чыгып, кетмен менен аралаштыра баштады.

— Ылай даяр болду. Замбарларды алып келгиле кыздар, — деп ал кыздарга кайрылды. Кыздар замбарларды эки жагынан кармашып, анын жанына алып келишти. Алишер замбарларды алганда жеңил болсун деп, төрт ташты ар бир замбарга ылайыктап койду да ылайдан замбарларга сала баштады. Иш башталып, кыздардын шаңкылдаган күлкүлөрү, шыйпаңдын айланасын жаңыртып, иш кызуу башталып кетти.

Артык менен Кочкор колдоруна жыгач андабаларди алып, кыздар замбар менен төккөн ылайларды жайып шыбай баштады. Алардын кызуу иштеген иштерин Көпай-чайчынын «чайга келгиле!» -деген үнү токтотту.

Бардыгы ылай болгон колдору менен буттарын жуушуп, өздөрү менен ала келген нандарын жайышып, темир кружкалары менен чоң самоорго барышып, чоргосунан чайды куюп алышып, эркектер өзүнчө, аялдар жана кыздар өзүнчө бөлүнүп отурушуп, бири-бирине азил-тамаша ыргытышып, чай ичип жатышты. Күздүн биринчи күндөрү келсе да жайдын чилдеси өз өкүмүн коё бере элек.

— Чай ичип бүтсөңөр, кырмандын шыбагын бүгүндөн калбай бүтүрө коёлу, үкалар-карындаштар. Күндүн ысыгында кургап калсын. Бир айдан кийин күздүн экинчи айы келет, кандай келерин бир кудай билбесе, эч ким билбейт– деди Эрмек биргат.

Түштөн кийин иш кызуу уланып, кырманды күн кызарып батып баратканда бүтөйүн деп калышты.

— Жигиттер, иштин калганын эркектер бүтүрөбүз, аялдар менен кыздарды үйлөрүнө жөнөтө берели. Нандарын жаап, кир-кокторун жууп алышсын. Аялдар жана кыздар бүгүн жакшы иштедиңер. Ар бириңер бирден коон, бирден дарыбыздан үйлөрүңөргө ала кеткиле, — деди биргат.

Иңир киргенде кырманды шыбап бүтүштү.

— Алишер, дарыбыздардын калгандарын апкел. Үйгө тоюп алып баралы.

Алишер дарыбыздын чоңунан бирди көтөрүп келди. Бычактын учу тийгенде «чарс» этип экиге бөлүнүп калды. «Охо!» дешти баары бир ооздон. Тилимге бөлгөн сайын дарыбыз чартылдап, жыты буркурап чыгып жатты. Дарыбыздан тиштеп, ооздоруна толтурушуп, «бул коондон да ширин экен го» дешип тамшанып жеп жатышты.

— Ар бириң үйлөрүңөргө кетерде бирден коон, бирден дарыбыз алып алгыла. Үйдөгүлөр да ширинчиликтен ооз тийишсин, — деди Эрмек биргат.

— Ырахмат Эрмек ака, -дешти бардыгы. Алишер дагы эл алган коон-дарыбыздан алып, эки колтугуна кысып тагасынын үйүнө жөнөдү. Күн кечтеп караңгы кирди. Ал үйгө кирерде алыстан тамагын кырып үн чыгара, «киши келе жатат» дегендей белги кылды. Тамдын айванына коон менен дарыбызды коюп жатканда апасынын тааныш үнү угулду.

— Айнанайыным, алтыным. Иштен келдиңби? Бери карачы, бетиңден бир жыттап алайынчы, — деп апасы узун бойлуу баласынын башынан тарта, анын эки бетинен, чекесинен жыттап алды. — Кыйла боюң узарып, чоң жигит болуп калыпсың. Түү-түү жамандын көзүнөн, тилдүүнүн сөзүнөн сакта, айнанайын кудай. Балам аман-эсен болсун. Келинчегиң көрүп, неберелеримди этегиме толтуруп, мотураңдатып ээрчитип жүргөнгө кудайым өзүң жеткир. Оомийин, омийин, омийин, — деп алакандарын жая бата кылды.

Алишер апасынын сөздөрүнө жибий, ал да шадылуу колдорун бетине тарта бата кылды.

— Апа, жөө келдиңизби, Ак-Баштан?

— Жок балам, тагаң эшегин токуп берди. «Жол алыс, жөө чарчап каласың» деп болбой жатып эшегин мингизип жөнөттү. Кыдыңдатып бастырып отуруп жетип келдим, түшкө калбай. Тез басат экен.

— Кайсы тарап менен келдиңиз?

— Тескейдин адырын ашып, Караңгы-Колоттон өтө койдум. Биерде минеге турабыз, үйгө кир, — деп апасы ичкериге кирди.

— Тагам менен тажеңем бир жакка кетиштиби? — деди Алишер.

— Коңшулар чайга чакырышты эле. Мени да жүр дешкенинен сени келип калабы деп калып калдым. Дасторконду салып коюп сени күтүп жаттым эле. Курсагың да ачкандыр? — Апасы дасторкондун үстү кайрылган жагын ачып, нан, боорсокторун анын алдына койду.

— Мен чай алып келе койойун, демдеп, чокко койдум эле.

— Апа, мен эле алып келем. Сиз алыс жолдон келдиңиз. Дем алыңыз, — деп Алишер ордунан ыргып туруп, эшикке очокко карай кетти. Очоктун ичинде турган чайнекти сабынан көтөргөндө чайнектин сабынын ысыгы колун күйгузүп жиберди. Жерге коё коюп кармай турган бир нерсени издегенде көзүнө туткуч көрүндү. Туткуч менен көтөрүп, чайнекти үйгө алып кирди.

— Апа, коон, дарыбыз алып келдим эле. Бүгүн кырманды шыбадык. Коонду сойойунбу же дарыбыздыбы?

— Балам, тагаңдар келсин, анан чогуу жейбиз. Алар да сүйүнүп калышсын, сени апкелген коон-дарыбызыңды көрүп.

— Алишер дасторкондун үстүндөгү нанды кармап көрүп, мурдуна алып барды да ырахаттана жыттады. –Апа, сиздин наныңызды сагындым. Аябай ширин бышырасыз. Жыты да укмуш. Канча нан жесем да сиздин жапкан наныңызга окшото албайм.

— Бой жетип калыпсың, уулум, — деп апасы сөздү башка жакка бурду. Үйдү жетинчи чырак үлбүл кылып жарык кылып турат. Алишер улам апасын карап, нандан алып, оозуна салды.

— Каймак да ала келгем. Каймакка малып жесең. Бой жетип калыпсың уулум. Жеңем сен жөнүндө айтты, Жибекти жактырып калыптыр деп. Жуучулар келген экен, Гажир тагаң гапка уста киши эмеспи, куп гана катырыптыр да, аларды жолго салыптыр. Эртең жеңем экөөбүз жуучулукка барып келели.

Атанын кыялдары, ишке аша баштаган ата-баланын кыялдары

Пайгамбарыбыз айтат: Байкагыла, байкагыла адам денесинде бир үзүм эт бар, ошол эт түзөлсө, бүт дене түзөлөт. Ал эт бузулса, бүт дене бузулат. Байкагыла, ал эт адамдын жүрөгү.

Жаздын ортолоп калган учуру. Айылдагы арыктардын боюнда катарынан жыш өскөн жийделердин гүлдөрү ачылып, айлананы буркураган жыты менен «мас» кылып, көңүлдү көтөрөт. Айланада чөптөр жашыл болуп, күндүн жагымдуу табы желкеден өтөт.

— Эне, чай ичели, — деди Жибек бир колуна жаңы жапкан нандарын көтөрүп, билегине дасторконду илип, суу себилип шыпырылган супага дасторконун жайып, үстүнө нандарын коюп кайненесин чайга чакырды. Дасторконду айланта төшөктөрдү кабаттай салып, үйдөн айран куюлган кардим менен пиалага куюлган каймакты койду. Демделген чайды алып келип, үч жолу кайтарып, «эне чайды үч жолу кайтарыш керек, биринчисинде деми чыгат, экинчи кайтарганда чайы чыгат, үчүнчү кайтарганда майы чыгат,» — дешип талаадагы келиндер айтып калышат.

— Нанга караңыз, быйыл кунаажыныбыз тууп берип, акка аралашып калдык. Балдар да сүт, айран ичишип өңдөрү да кызарып калышты. Өткөндө биргат ака, «айылда бала бакча ачылып жатат, ошого тарбиячы болуп иште. Мен күйөөң менен сүйлөштүм» деди. Балаңыз келгенде ишти айтсам иштей бер. Талаа-жумуштарынан бир аз да болсо эс алып каласың деди

— Экөөңө жакса иштей бер. Балдар менен болосүң. Мен болсо Калдарбегимди өзүм эле карайм. Экөөбүз айылчылап, тууган-уруктарды кыдырабыз. Менин жанымдан чыкпайт. Апоо, деп чулдураган тили менен көп нерсени айтып берет адамды зериктирбей, — деди кайэнеси.

— Анда, мен биргат акага, энем макул болду деп айтып койойун, — деди Жибек.

— Сенин иштей ала турганыңа көзү жеткенинен айтты да биргат. Согушту көрүп келди. Адамдардын кандай экенин билет. Иштей бер балам. Үй тирилигин өзүм деле жасап коём. Акыл-эс, ал-күч барында иштегенге эмне жетсин. Согуш болбосун. Тынчтык болуп, элдин курсагы ток болсо, заман оңолсо болду. Жаман күндөр да кетет. Ачка калган күндөр да кудай кааласа кетти. Эл кыйла тоюнуп калды. Ушул күндөрүбүздү кудай кут кылсын. Оомийин! — деп бата кылды. –Бүгүн тайенесиникине барып Калдарбегим экөөбүз конок болуп келели. Көптөн бери барып ал-ахыбалдарыбызды сураша элекпиз. Кудагый да небересин сагынып, жол карап жаткандыр.

— Качан кайтасыздар?

— Сагынычтарыбыз таркаганда кайтабыз. Эки кудагый расса сүйлөшүп черлерибизди жазып келели. Сен да иштериңди бизге алаксыбай жасап аласың. Жүр, Калдарбегим! Тайэнеңдикине барып конок болуп келели. Сагынычтарыбызды бир таркатып келели.

— Апа, тайэнемдикине барабызбы? Мен да барамынбы? — Кичинекей Калдарбек сүйүнгөндөн так секирип, — Кайсы көйнөгүмдү кийейин? — деп ичкериге чуркады. Кызыл чыттан тигилген көйнөгүн башына сала үйдөн чуркап чыкты. –Апа, көйнөгүм кийилбей жатат, кийгизип койчу? — деди чоң энесине. Шашкалактап алган. — Шипагим жок ко? Жыңайлак деле бара берем. Тайэнемдин үйүн билем. Жакын эле. Тез эле барабыз да, аа, апа? — Чоң энеси менен дайыма бирге жүрүп аны «апа» дейт.

— Ой, айнанайын шашкалагым. Кел көйнөгүңдү кийгизейин. Шипагиң каерде экен?

— Таппай койдум, издедим-м, издедим. Эч жерде жок.

Чоң энеси ичкери кирип кетти.

— Чын эле шипагиң көрүнбөйт ко, — деп бир топтон кийин үйдөн чыкты. Колуна көтөргөн түйүнчөгү бар.

— Апа мында эмне бар? — деп сөөмөйү менен түйүнчөктү сайгылап койду.

— Тайэнең үчөөбүз отуруп нават кошулган чайдан ичип, өткөн-кеткенден сүйлөшүп, черлерибизди бир жазып келели уулум, — деп түйүнчөгүн башына коюп, Калдарбекти колунан жетелеп чоң жолго чыкты.

Малдар, ат арабалар каттаган чаң жолдун бышкан топурагы кызыл ашыкты көмөт. Күндүн ысыгынан топурак майдаланып, адамдардын, малдардын издери даана көрүнүп турат.

— Апа, бутум ысып кетти. Жол ысык экен. Ысык болсо да баса берем. Ысык топуракка түшкөн артындагы издерин карап, менин буттарым кичине, сеники чоң экен ээ, апа, — деп божурап сүйлөп келе жатты.

— Айнанайын тилиңден. Тим эле чоң кишилердей сүйлөйсүң. Чоң кишилердин алдында антип көп сүйлөбө. Адамдар ар түрдүү болот. Кээ биринин көзү бар, кээ биринин тилинде мөөрү болот. «Алишердин кичинекей баласы укмуш сүйлөйт» экен деп көздөрү же сөздөрү тийип кетпесин.

— Адамдардын бардыгынын көздөрү бар го? — дейт таң кала Калдарбек.

— Кээ бир адамдар «паланчанын малы жакшы экен» деп карап койсо, малдары өлүп калат же ооруп калат. Андай адамдарды көздүү деп коюшат. Адамдарды да ошентсе алар да ооруп калышат. Сен да адамдардын арасында көп сүйлөбөй жүр, уулум.

— Болуптур апа. Сүйлөбөйм, — Калдарбек топурактын ысыгына чыдабай улам секирип коёт.

— Кел, менин артыма. Көтөрүп алайын, — деп чоң энеси жолдун четин чыгып отура калды.

— Апа, түйүнчөктү мен көтөрүп алайын. Сен мени көтөрүп ал, — деди кыткылыктап.

— Айнанайын, акылыңдан. Мага жардам берейин депсиң да. Бардыгын өзүм эле көтөрөм.

— Түйүнчөктү мен көтөрөм. Мени сен көтөрөсүң.

— Сен кыйналасың да.

— Кыйналбайм. Сенин артыңда кете берем да, апа-оов.

— Кел аркама, канчалык салмагың бар эле сенин, — Калдарбек чоң энесинин аркасына минди.

— Чо-о, деп кичинекей буттары менен чоң энесин теминип койду.

— Туйлабай, жөн отур. Мени кыйнасаң түшүрүп коём.

— Жөн кетем. Сен мени көтөрө аласың да, апа-оов.

Көлмө айылынан чыккан экөө Убакым деген айылга бет алышты. Анча бийик дөндөн чыккандан кийин чоң энеси:

— Кел эми бир аз дем алалы. Күн да ысып кетти. Өх, жаным ай! — деп жерге отуруп,

жонунан Калдарбекти түшүрдү.

— Апа-оов, чарчадыңбы? Мен оор бекемин? Мынабу түйүнчөк оор экен. Мен зорго көтөрүп келдим, — деп түйүнчөктү жанына койду.

— Аз калды, балам. Оногу көрүнгөн бак, таятаңдын үйү.

— Аз калыптыр. Мен өзүм эле басып барам. Кызыл ашыкка жеткен топуракты буту менен жирей Калдарбек чоң энесин ээрчип бара жатты.

Чоң жолдо эшек минген чал келе жатты.

— Арыбаңыз байбиче! Күн ысыкта жолго чыгыпсыңар го? Алыскабы?

— Бар болунуз. Жо-ок, мына бул жерге эле. Кудагыйымдыкына балам экөөбүз айылдап келели деп чыкканбыз.

— Жумагүл байбиченикине баратасыңарбы? Кемпирлер бүгүн сүйлөшүп бир чер жазат экенсиңер да? Эшекчен чал Калдарбекке көз салды.

— Уулум, кимдин баласысың? Атаңдын аты ким?

— Алишердин.

— Кайсы Алишер? Жанагы палвандын баласысыңбы? Бул кемпир сенин кимиң болот?

— Апам.

— Сенин апаң Жибек болот.

— Жибек апам, кичинекей апам. Айтолкун апам, чоң апам.

— Азаматсың уулум. Силерди жолдон кармап койдум окшойт. Хы-хы, — деп эшегин теминди.


— Оо, кудагый! Үйдө барсыңарбы? — деп чоң энеси добуш салды.


— Оо, азиз меймандар келгиле. Чыгыш жактан жагымдуу жел жүрүп жатканынан кымбат адамдардан келип калабы деп жаттым эле. Кымбаттарым келген турбайбы. Келиң, кудагый. Кандай, аман-эсен жатасыңарбы? Эки кудагый билектерин айкалыштыра амандашты.


— Апей, Калдарбегим чоңойуп калган турбайбы?! Келчи бери, бетиңден бир жыттап алайын. Көптөн бери көрүнбөй жаман сагынттың го берекем, — деп тайэненси чоң энесинин көйнөгүнүн этегин кармап эки кудагыйдын учурашкандарын көңүл коюп карап турган Калдарбекти кучактап, эки бетинен жыттап, пешенесинен өптү.

— Аман-эсенсиңерби, кудагый? Тирилик деп жүрүп ушул турган жерде да бири-бирибиз менен учураша албай жатабыз. Күйөө балам менен кызым дени сак жүрүшөбү? Неберелерим чоңойуп жатышабы? Айланайындар, аман-эсен болушсун бардыгы. Эл аман болсун, эл ичинде бардыгыбыз аман бололу. Оомийин, — деп тайэненси бата кылды.

— Бардыгыбыз аман-эсенбиз. Сизди сагынып кетип, Калдарбегим экөөбүз биякка жөнөдүк. Жибек да бала-бакчада иштеп жатат. Тынч иштеп алсын деп сизден кабар алганча, сагынычтарыбызды таркатып алалы деп келдик, — деди чоң энеси.

— Келгениңер жакшы болду. Эч ким жок сүйлөшкөнгө, аябай бук болуп кеттим эле. Апей, ботом силерге сүйлөп жатып, чай койгону эсимден көтөрүлүп кетиптир. Мен чай коёйун, — Дализде турган кара чайнекке челектен суу куюп, эшикке чыгып кетти. Анын артынан Калдарбек кошо чыкты.

— Зериге баштадыңбы? Бактын ичине кирип, өрүктөр аябай эзилип бышкан, алмалардын дагы шириндери, ачкылдары бар. Каалагандарыңды терип жей бер, айнанайын Калдарым. Сени аябай сагындым, балдардан эле башкачасың. Кудайым өмүрүңдү, бактыңды берсин. Силердин жакшылыгыңарды көргөнгө кудагыйым экөөбүзгө насип кылсын. Кел, дагы бир жыттап алайынчы? — тайэнеси аны кучактап, бооруна кысып, эки бетинен жыттап-жыттап алды.

Ал бактын ичине киргенде алма менен өрүктүн жыты өзүнө тартып, жерде эзилип бышкан сары өрүктү оозуна салды. Андан ары кыпкызыл болуп бышкан алмалардын түстөрү өзгөчө көрүнүп, алма үзгөнү дарактын бутагына асылды. Бышкан алмалар бутакка анын колу тиер замат бадырап жерге жайнап калды. Ал жерди карап, алманын сөңгөгүн кармап, жерге жылмышып түштү да көйнөгүнүн этектерин бири-бирине байлап, алмаларды койнуна сала баштады. Андан ары өрүктүн жанына барып, жердеги жайнаган өрүктөрдү салып, чай ичип отурушкан чоң энеси менен тайэнесинин жанына келип, «мен чоңойгондо силерди ширин өрүктөр жана алмалар менен багам. Магазинден нават алып келем, чайга салып ичесиңер», деп койнундагы алма, өрүктөрдү көйнөгүнүн этегин чечип жибергенде дасторкондун үстүнө жайнап калды.

— Ой, айнанайым ай, боорукерим ай. Караңчы кудагый, өрүктөрү кандай ширин, бизди ушул балабыз багат, — дешип эки кемпир анын айткандарына элжирешип, ооздоруна өрүктөн салышып, тамшанып жеп, аны алкыштап жатышты. Алардын мактоолоруна ал компоюп, алардын жанына жамбаштап жатып, ширин өрүктөрдөн оозуна салды.

— Өрүктөн кийин суу ичпегин. Чай ичкин, уулум, — деди чоң энеси.

— Мен чаңкадым, суу ичким келип жатат, — деди чоң энесинин айткандарын угуп.

— Өрүктүн артынан суу ичсең, ичиң өтүп кетет, ооруп каласың. Ооруп калсаң эртең чоң тайатаңдыкына барбай калабыз. Эртең чоң автобуска түшүп, Жалал-Абадга, андан ары Ак-Башка чоң тайатаңдыкына барабыз. Ме, бул набат кошулган чайдан ичип ал. Чаңкооң канат. Эшикке чыкканда арыктан жата калып суу ичип албагын. Ичиң ооруп калса сени таштап, өзүм кете берем. Сен үйдө жалгыз каласың, ичим ооруп атат деп үйдөгүлөрдү кыйнайсың.

— Мен суу ичпейм. Анда мени ала кетесиң да? Апа-оов, — деп чоң энесине жагалдана тигилди.

— Менин балам эстүү, кудагый көрдүнүзбү небереңиздин кандай акылдуу бала экенин, — деп кудагыйына карап койду.

— Эстүү бала да. Апасынын айтканын кылат, — деп тайэнеси аны мактап койду.

— Жүр уулум, чоң корозду кармайлы. Силер келип, кан чыгарбасам болбойт ко, — деп тайэнеси ордунан козголду.

Тайэнеси колуна жыгач табакка салынган жемди алып чыкты да, «тиги чоң кызыл корозду кармайсың» деп койкоңдогон корозду көрсөттү. «Мен жем чачайын, бардыгы келгенде акырын барасың да үстүнөн басып каласың. Бекем карма, колуңдан чыгарбай. Шек алып калса, качып келбей коёт».

— Түү-түү — деп тоокторду жемге чакыра баштады. Кызыл короз бир нерседен шекшигендей четтеги макалардан бирден чокуп, нары-бери басып, улам-улам айланасын карап коёт. Калдарбек короздон көзүн албай, демин ичине алып кыймылдабастан турат. Тайэнеси анын бутунун алдына макаларди чачты. Короз улам бирден чокулап ага карай жакындап келе жатты. Бутунун жанына келгенде ал короздун үстүнө боюн таштап жиберди. Короз кыкылыктаган боюнча анын буттарынын арасынан өтүп, эгилген маканин ичине кирди. Артынан Калдарбек чуркады, кууп жетпейт. Чарчаган короз чырмооктун ичине жашынды. Калдарбек анын үстүнө басып жыгылды. Тыбырчылаган корозду мойнунан кармап,

— Тайэене, корозду кармадым — деп бакырды.

— Кармадыңбы?! Алып кел бери, мергенчим, — тайэнеси сүйүнүп алган. –Азаматым, болор бала ушундай болот. Бекем карма, мен азыр бычакты алып чыгайын, — деп тайэнеси ичкериге жөнөдү. — Эми короздун башын кыбылага каратып, эки бутунан жана эки канатын буттарың менен катуу басып тур. Мурда тоок сойгон белең?

— Жок.

— Анда мен айткандай басып тур. Бычакты сабынан карма. Тайэнеси короздун башын кыбылага карап оңдоп, — биссимилла деп айт. Сол колуң менен башынан карма, оң колуң менен муузда.

— Тайэне, колум титиреп жатат.

— Азыр, уулум. Корозду, койду, малды эркектер гана соёт. Тайэнеси анын бычак кармаган колун кармап, короздун мойнуна бычак салды. Короздун мойнунан кан агып, Калдарбек корозду коюп жиберди. Башы шылкылдаган короз ары-бери урунуп, качып жөнөдү.

— Аа, айнанайыным. Колуң жеңил турбайбы. Башы жок, эч жакка качып бара албайт. Сен акырын барып кармап кел. Мен ысык суу алып келип, жүндөрүнөн тазалайын деп, тайэнеси очокто суусу кайнап жаткан кара чөөгүнгө жөнөдү. Ал арыктын жээгиндеги ачакай даракка тыгылып турган короздун денесин карап турду.

— Кармадыңбы? Алып кел, уулум. Тайэнеси кийизден жасалган туткуч менен кара чөөгүндү, тагараны алып келди.

— Коркуп жатам, тайэне, — деди ал дагы эле корозду карап.

— Эмнеге коркосуң? Сен деген короз сойгонго жарап калган жигит болуп калдың. Сен жигитсиң. Мындай иштерде кыздар коркот. Жигит адам баатыр болот. Сен корком десең аны уккан кыздар сени «коркок, коркок» деп шылдыңдашат. Алып келе бер.

Аңгыча үйдөн чоң энеси чыгып калды.

— Ой азаматым! Корозду Калдарбегим сойдубу? Ишке жарайт деген ушул. Жигит болуп калган турбайбы уулум, — деп чоң энеси анын кылган ишине ыраазы боло.

Калдарбек мууздалган корозду чарага салып, ага кайнаган сууну куюп жаткан тайэнесинин ар бир кыймылын карап турду. Короздун жылтылдаган жүндөрү суу тийгенде бири-бирине жабышып, сууга түшкөндөй болуп калды. Тайэнеси корозду экинчи капталына оодарды да калган сууну анын үстүнө чоргосунан чуурта куйду. Бармактары менен короздун жүндөрүн жула баштаганда Калдарбекке анча кызык көрүнбөй бакты карай басып кетти. Күн кечтеп, Ачы тараптан соккон сыдырым желге дарактардын баштары акырын ыргалып турганын кароо ал үчүн кызык болду. Бакка түркүн куштар келишип, ар бири өз тилдеринде чурулдашып, бүгүнкү көргөндөрү тууралуу сүйлөшүп жаткандай сезилди ага. Жерде жаткан алмалардан, өрүктөрдөн тандап, этеги байланган көйнөгүнө сала башталды. «Мен апам менен тайэнемди багам,» — деп ичинен кыңылдап, эңкейген сайын койнунан улам бир алмасы түшсө, бирде эзиле бышкан өрүктөр түшө берип жүдөп кетти.

— Калдарбек, каяктасың? — деген тайэнесинин үнү угулду.

— Азыр барам. Апам менен сизди багам деп алма, өрүк терип жүрөм, — деп көйнөгүнө толгон алма-өрүктөрдү араң көтөрүп бактан чыкты.

— Ой, айнананайым десе! Сен аябай берекелүү болот турбайсыңбы. Ушунчаны кантип көтөрүп жүрөсүң? Белиң ооруп калбасын. Жүр үйгө, тамак бышып калды, — деп тайэнеси анын көйнөгү толо алма-өрүккө көзү түштү.

Көйнөгүнүн байланган жерин чечип жиберип, дасторкондун үстүнө койнундагы алма-өрүктөрдүн бардыгын төгүп жиберди.

— Апа, силерди ушундай ширин өрүктөр менен багам, тайэнем экөөңөрдү, — деп мурдун «шуу» тартып койду.

— Ой, садагаң кетейиним десе. Сен гана бизди багасың. Тилегиңдей айланып, тегеренейин десе. Чоң энеси анын айтканына жетине албай, кызыл боордуу өрүктөн оозуна салды.

— Кудагый, мен супага жай кылайын. Кечки салкында, Ачы жактан келген шапатага бир сергип, тамак жейли. Короздун эти бышып калды. Нары кемпирлердин тамагы деп шавла кылдым, — деп тайэнеси, шыбак шыпыргыны алып эшикке чыкты.

Тайэнесинин артынан Калдарбек чыкты. Тайэнеси челекти алып, арыктагы суудан сузуп алып, челектеги сууга шыбак шыпыргыны малганда, шыбактын ачуу жыты буркурай түштү.

— Тайэне, чөптүн жыты жыттанып кетти, — деди ал мурдун «шуу» тарта.

— Мурдуңдан айланайын. Мунун жыт билгичтигин. Шыбак жыттанып жатпайбы. Азыр, мен сууну супага себейин. Ансайын сонун болуп жыттанат. Ушул жерге төшөк салам. Каалашыңча шыбактын жытынан жыттайсың. Шыбактын жыты өпкөнү тазалайт. Ушуерге жатабыз. Апаң экөөбүз сага жомокторду, Кожо Насирдиндин жоруктарынан айтып беребиз. Бүгүн зерикпей, сүйлөшүп, жыргап уктайбыз.

Тайэнеси челекти илгичинен кармап, суу себе баштады. Күнгө какталган супадан жердин жагымдуу жыты чыга баштады. Тайэнесинин ар бир кыймылын карап, челектеги суу түгөнгөндө Калдарбек:

— Тайэне, челекти мага бериңчи. Мен суу алып келейин, — деп челектин илгичинен кармады.

— Кой, сен али жашсың. Белиңди оорутуп аласың.

— Мен деген чоңойуп калдым. Апама жардам берип, дасторконун көтөрүшүп келдим.

Анда, жарым челек эле суу алып кел. Ошо жетет.

— Майли. Ал арыкка барып, челекти сууга матырды. Суу челекке толуп чыкты. Челекти сабынан тартты. Суу толгон челекке алы жетпей жатканда тайэнеси келип, илгичинен тартып чыкты.

— Ух, оор экен ээ, тайэне?

— Азыраактан сузуп ал дебедим беле. Белиңди оорутуп албадыңбы? Мындан кийин аз-аздан сузуп ал. Көтөргөнгө жеңил болот.

— Майли, тайэне.

Тайэнеси челектеги сууну супанын айланасына дагы бир ирет сээп чыкты да, кайрадан шыбак шыпыргы менен супаны шыпырып чыкты. Үйдөгү колго токулган гүлдүү шалчаны алып чыкты да супага салды.

— Тайэне, биздин үйдө дагы ушундай сонун шалча бар. Апам конок келгенде гана салат.

— Шалчаны апаңдын себине өзүм согуп бергем.

— Себи деген эмне?

— Апаң турмушка чыкканда менден эстелик болсун деп сокком. Апасынын кызына берген белеги.

— Аа, түшүнүктүү.

Тайэнеси шалчанын үстүнө койдун терисинен жасалган постектерди салды, алардын үстүнө жаздыктарды койду.

— Тайэне, ушуерге уктайбызбы?

— Тамак ичкенден кийин ушуерге уктайбыз. Апаң экөөбүз сага жомокторду айтып беребиз.

— Жомокпу?! «Чыпалак баланыбы?!»

— Манасты, сенин баатыр чоң аталарың тууралуу.

— Менин чоң аталарым баатыр болгонбу?

— Ооба. Сен баатырлардын тукумунансың.

— Атам дагы баатырбы?

— Ооба. Атаң дагы баатыр. Иш кылганын кара. Төрт-беш адамдын ишин кылат.

— Оо, менин атам баатыр! Мен баатырдын баласымын! Мен дагы баатыр болом.

— Тилегиңди кудай берсин. Сен да келечекте баатыр болосуң, чоң аталарыңды тартасың! Дасторконду шалчанын үстүнө жайып, үйдөн нандарды, пиалаларды, чайнекти көтөрүп келди.

— Кудагый, келиң тамакка, — жыгач табакка салынган бышкан короздун этинин жыты адамдын ичтейин ачып жиберди.

— Апа, менин көш жегим келип жатат, — деди Калдарбек.

— Азыр, балам. Биринчи апаң алсын. Тамакты жашы улуулар биринчи алышат, андан кийин кичинекейлер алат. Төштү алыңыз, сен дагы урматтуу меймандардансың уулум. Сен, санды ал. Сандарың жоон болуп, чоң аталарыңды тартып, баатыр бол.

— Саны кайсы болот?

— Короздун чуркагандагы буттарычы.

— Аа, мынабу буттары да? Ал кичинекей колдору менен санды кармады. — Ай-ий! Ыс-сык экен.

— Ээ, кудагый. Жаман күндөр да өтөт экен. Согуш болуп көрбөгөн күндөрүбүз калбады го, — деди Жумагүл байбиче. Нанга жетпей, талаада калган анча-мынча буудайдан, макадан калган машактарды терип, кышка деп сактап, жазда келемиштердин ийиндерин казып, алардын чогулткан буудайларын жеген күндөр да болду го. Бу келемиш деген дыйкандардай эле болот экен. Чогулткан буудайлары, макалари ийиндерде кургак сакталып, кыпкызыл тазалаганын айтпайсызбы. Ач курсак да тоюнат экен, барына шүгүр кылышыбыз керек тура.

— Туура айтасыз, кудагый. Эң негизгиси аманчылык болсун экен. Жаманчылыкты аманчылык жеңет деп элибиз бекер айтпайт экен.

Тайэнеси ордунан туруп, очокто чокто дем жеп жаткан чайнектин сабынан туткуч менен кармап, дасторконго алып келди. Чайнектеги кайнаган чайды пиалага куюп, кайра чайнекке кайтарып куйду. Чайнектин үстүнө чачыкты жаап койду. Калдарбек тайэнесинин ар бир кыймылына көңүл коюп карап отурду. Тайэнеси чайнектин үстүндө жабылган чачыкты акырын алып, пиалага наваттан салып үстүнө чай куюп, Айтолкун байбичеге сунду. Андан кийинки пиалага да наваттан салып чай куюп Калдарбекке сунду.

— Чай ысык, уулум. Этияттап ич, тилиң күйүп калбасын. Өзүнө да чайды куюп, пиланы акырын тегерете чайпай баштады. Чоң энеси да пиаланы акырын чайпап, экөө кеп-сөзгө киришишти. Алардын кыймылын көргөн Калдарбек да пиаланы алып тегерете баштады. — Ой! Ысык экен! Ал пиаланы дасторкондун үстүнө койгуча шашты. Эки кемпир чочуп кетишти.

— Колуң күйбөдүбү?!

— Жо-жок! Пиала ысык экен.

— Чай төгүлбөдүбү?

— Үф-үф! Калдарбек манжаларын үйлөп кирди. — Жок. Чай төгүлгөн жок. Пиала эле ысык экен.

— Өх, коркутуп ийбедиңби, садага кетейиним, — деди чоң энеси үшкүрө.

— Силер пиаланы тегереткениңерден, мен да тегеретейин дедим да. Чоң энеси менен тайэнеси күлүп жиберишти.

Акман айылдын аталышы. Аксакалдардын сөзү

— Кудагый, силердин айылыңардын аты эмнеге Акман аталып калган? Акман деген эмнени билдирет? — деп чайын чайпап Айтолкун байбиче сөздү баштады.

— Илгери биз ушу Калдарбектей болсок керек, Жолборс Казынын Катта-Арыгы деген арыкты бойлой отурукташкан биздин туугандар болот эле. Илгери Жолборс Казы деген абабыз акун тагаларына ушул катта арыкты каздырып анын боюна жалаң туугандарын отургузуп, «там салгыла, бак-дарак эккиле» деп айыл кылган экен. Убакым деген жерибиз башка жактарга караганда дөң болгондуктан туш тарап көрүнүп турат. Кыш кетип, күн жылып, айланага жан кирип, мал-жан көккө тоюп, эл да акка тоюп турган учуру.

Убакымдын үстүн көк чөп, түрдүү майда гүлдөр бажырайып каптап бүт адырлар жашылга оронуп жаратылыш адамдардын көңүлдөрүн көтөрүп, күндүн аптабынын алдында жондорун какташып, аңгемелешип отуруу адат болуп калган. Айылдын аксакалдары, сөзгө чечендери дөңгө жөнөшкөндө жигиттер, жаш келин-кыздар килемдерди, жумшак ийленген постектерди, төшөктөрдү алып чыгышып орун даярдашчу. Аксакалдар жаштарына, кадыр-барктарына жараша мандаш токуна отурушуп, узун кепке түшүшчү. Дасторкондор салынып, келин-кыздар жаңы боорсокторду сары майга бышырышып, дасторкондорго боорсокторду жайышып, жаш жигиттер койлордун семизинен кармап, бата тилешип, казандарда жаш токтулардын эттери кайнап, өзүнчө эле майрамга айланып кетчү. Аксакалдардын көбүнүн аттары эсимден чыгып кетти. Ошолор сөз кылышчу, — деп сөзүн баштады Жумагүл байбиче. — Балдарга деп аксакалдардан төмөнүрөөк жерге дасторкон салышчу. Аксакалдар сүйлөшүп жатышат, силер чурулдабай, аксакалдардын сөздөрүн тыңшап отургула дешип ата-энелерибиз, бизден улуулар, акаларибиз, эжелерибиз акырын айтышчу. Силер чурулдап жатсаңар, аксакалдардын сөздөрүн угузбай койсоңор ата-энелеринин тартиби начар экен деп биринчи сөз ата-энеңерге тийет, андан элинин тартиби жок экен деп элге сөз тийет. Улуу кишилердин алдында бизди уят кылбагыла деп эскертишет эле.

Ошондогу аксакалдардын узун сабак сөздөрүнө кулак салчубуз. Илгери Куу Уулдун үчүнчү уулу Мундуз болгон экен. Мундуз атабыздын үч байбичеси болуптур. Кыргыз байбичелеринен Зулум, Зуркай, Зултай, Шыгай, Лакай, Калдык деген уулдары болгон экен.

Ошол Зулумдан таркагандардан Каба баатыр болуптур. Кабанын Атакан, Акман, Дашман деген балдары болгон экен. Акман биздин чоң атабыз болот. Анын сөөгү Арстанбапка коюлуптур.

Акмандын тун уулу Абакан, экинчиси Алдозбай, үчүнчүсү Абышка деген аталарыбыз болгон экен. Абакан чоң атабыздын чоң байбичеси Шайдабүдөн Абык, Шыдыр, Кыйра, Дүрбөл, Көкайдар деген беш уулу болгон, алардын жылкылары көп болгондуктан бээлерин сааганда бээлерди байлабастан саашкандыктан «бээ байлабастын беш уулу» деген атка кондурушкан экен. Орунбү деген токолунан Көкчөгөз, Ожурай, Карагул деген уулдары болгон.

Биз аксакалдардын айтып жаткандарын анча түшүнчү эмеспиз. Бирок алардын айткандары эсте сакталаып калат экен. Калдарбек да биздин эмне сүйлөшүп жатканыбызды түшүнгөн жок. Бир кезде биздин айткандарыбызды эстейт. Ата-тегине көңүл бурса керек.

— Мен түшүндүм, — деди Калдарбек аларды карап.

— Сен минени түшүндүң? — деди чоң энеси аны кызыга карап.

— Баатырлардын тукумунанмын. Чон аталарым баатыр болгон. Мен да баатыр болом!

— Ой айланайын сөзүңдөн. Кудайым тилегиңе жеткизсин. Туура айтасыз, кудагый. Кыргызда заадине тартат деген сөз бар го. Алманын уругун эксең, өрүк өспөйт да.

— Сүйлөшүп отуруп, түн да бир оокум болуп кетиптир. Жылдыздардын жаадырап чыкканын карап жатып, Калдарбегиме жомоктордон айтып берип, анан уйкуга кетели, ээ кудагый, — деп тайэнеси Жумагүл кудагыйын карады.

— Дасторконго бата кылалы, — деди Айтолкун байбиче алакандарын жайып. –Оомийин кудайым! Дасторкондорубузду берекелүү кыл. Тапкан-туткандарыбызды адал эмгектен кыл. Бүгүн ата-бабаларыбыздын арбактары тууралуу сөз кылдык, алардын жаткан жерлерин жумшак жана жарык кыл. Аларга бейиштен орун бер. Ушул Калдарбегибизди калган бардык неберелерибиздин өмүрлөрүн берекелүү кыл. Тилеген тилектерине жеткире көр! Оомийин.

Жумагүл байбиче дасторконду жыйыштырып, арыктын жээгиндеги дарактын түбүнө дасторконду какты.

— Курт-кумурскалардын напсилери да кошулуп, алардын кылган дубалары да элге, эл ичинде бизге да кабыл болсун. Ал шыбак шыпыргы менен супанын үстүн шыпыра баштады. Шыбактын жыты мурундарды өрдөп кетти.

— Шыбактын жыты укмуш да, кудагый, — деди Айтолкун байбиче. Жайында шыбак бышкан кезде шыбакты аралап бассаңыз жыты буркурап, мурундардын ичи ачылып, таза аба туура эле өпкөгө барат.

— Азыр төшөк салам Калдарбек, тайэнең мен, чоң энең экөөбүздүн ортобузда жатасың. Биз сага жомокторду айтып беребиз.

— Жомокторуңар коркунучтуу эмеспи?

— Жок, баатырлар тууралуу. Насирдин апанди жөнүндө. Сен сураган жомокторду айтып беребиз, аа кудагый.

— Сага Манастын төрөлүшү тууралуу айтып беребиз. Манастын ким болгонун билесиңби? — деди Айтолкун энеси.

— Жок.

— Анда, көңүл коюп угуп тур. Балким кулагыңда калып калар, — деди чоң энеси. Илгери биздин ата-бабаларыбыздын тиричилиги мал менен болгон экен. Азыр деле мал менен. Жылкы, уй, кой, төө, эчки багышып, жаз келе баштаганда көчтөрүн айдап, алты айлык жолго айдап Алтайга барышчу экен. Ал жакта суук түшө баштаганда кайрадан азыркы биз жашап жаткан жактарга айдап келишчү. Кыргыздардын малдарынын көптүгү жапайы жаныбарлар менен кошо коңшу элдердин көздөрүн күйгүзө турган. Жолборс, аюу, илбирс, карышкырлардан баштап, калмак деген элдер кыргыздарга кол салып турган. Мал-жанын сактоо үчүн кыргыздар жоокерчиликке машыккан. Ордо оюнун билесиңби, уулум?

— Жанагы чүкө аткандардыбы? Чоң кишилер, балдар дагы ойношот. Ортосунан кесилген жарым чүкөнү коюшуп, «кан» деп коюшат. Мени ойнотушпайт, «сен кичинесиң» дешип.

— Кичине чоңойуп алгын, анан бардыгын утасың. Ошол «канды» ордонун ортосунан атып чыксаң, чоң мергенчи болосуң. Ошентип жаш балдарды жаш кезинен мергенчиликке оюн аркылуу үйрөтүшчү.

Күздүн күндөрдүн биринде кыргыздардын жигиттери малдарды айдап келе жатышкан. Токойдун четине жетишип, бардык малдарды топтошуп, кечинде тамакка отурушат. Кароолдорду мал четине коюшат. Чарчашкандыктанбы же тамактарына уйку дары кошуп коюшканбы, кароолчулардан башкалары көөшүп катуу уйкуга кетишет. Ошол маалда артынан аңдып келе жатышкан жоо кароолчуларды байкатпай мууздашып, уктап жаткандардын арасынан баатырларын издеп табышып, бардыгын өлтүрүшөт. Калгандарынын колу-буттарын байлашып, аттарга артышып, малдарды айтап кетишет. Ошондо жообашчысы берки өзүнүн шериктерине «кыргыздардын башчыларынын бардыгын жок кылдык. Башы жок эл айланбаш (көк мээ) болгон койдой алдыга баспай, бир орунда айлана беришет,» дейт.

Бир түндө элдин башына каран түн түшөт. Колго түшкөндөрдүн арасында Акбалта деген орто жаштагы палван жигит болот. Ал жылкыны ушунчалык жакшы көргөндөн, жылкыга бир да камчы чаппастан минген аттарын ышкырып же таңдайын такылдатып үн чыгарып башкарчу. Анын минген аттары да андан алыстабай жакын жерлерде отточу. Атка артылган, колу-буту катуу байланган Акбалта ичинен сүйүнүп, качып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экендигине сүйүнөт. Байланган колун акырын өтүгүнүн кончуна салса, эки миздүү канжары ордунда экен. Түн киришин күтөт. Күн ачык болуп, аптабы мээден өтүп кетет. Акбалта аябай чаңкайт. Суу бергиле деп калмактардан сураса, алар аны шылдыңдап күлүшөт. «Тиги булакта муздак сонун суу агып жатат. Аттан түшсөң курсагыңды жарып салабыз. Сууну көрдүңбү, суу ичкендей болосүң. Кул суу ичип эмне кылат экен. Сенин суу ичкенге укугуң жок. Биз уруксат берсек ичесиң, болбосо «жок!» Алардан эч кандай ырайым болбосун түшүнгөн Акбалта, аттын үстүндө байланган колдору менен башын салаңдатып, ат жылып оттогон сайын ичи эзилип, ооруп чыкты. Убакыт өтпөйт. Күн да батпайт. Эптеп кеч кирсе, колдору байланган аркандарды кантип кесип жиберүүнү ойлоп жатты.

Отко тойгон ат, шылдырап аккан сайга келип, суусун кандырды. Башын көтөрүп алдыңкы туяктары менен суу шапшылай баштады. Акбалтанын чаңкоосу улам күч алып, аттын шапшылоосунан чачыраган суунун тамчыларына оозун тосту. Бир-эки тамчы оозуна кирип, катып калган шилекейлерин жумшарткандай болду. Күн да акырын тоолордун арасына батып бара жатты. Атты тизеси менен акырын укуп койду. Ат ордунан козголуп, нары жакта оттоп жаткан аттарга кошулду. Акбалта өзүнүн атын карады. Ээри бир жак капталына ооп, аты чөптү тиштери менен кырча тиштеп улам Акбалта ээрге байланган атты карап коёт. Караңгы ире-шире кире баштады. Ал кончуна манжаларын сойлотуп үч манжалап, кончунан канжарын акырын сууруп алды. Канжардын мизин артына байланган колдорунун ортосуна коюп, аз-аздан ыйкалай баштады. Алы жок, бүт денесинен кара тер кетти. Аркандын «тырс» этип кесилген шыбырты угулду. «Өх!» — деди жеңилдене дем алып. Канжарды кайрадан кончуна тыгып, аркан өткөн колдорун ушалай баштады. Эми бутундагы аркандарды кесиш калды. Ээрден башын эңкейтип үзөңгүгө кошо байланган буттарын карады. Буттарын үзөңгүгө чырмай байлашыптыр. Канжарды кайрадан алып арканды кесе баштады. Мунусу жеңил болду. Эки бутун үзөңгүгө салып, аттын капталына далдалана, аты жакка бастырды. Атына жеткенде таңдайын такылдатып, атына ишаарат берди. Аты жакындап Акбалтаны жыттады. «Оо, жаныбарым, канатым. Эми Энесайыбызга аман-эсен жеткир. Кудай өзү жар болсун, — «деп атына шыбырады. Атынын ооп калган ээр-токумун оңдоп, басмайылын катуу тартып, атына минди да капталына эңкейип, жылкыларды акырын аралап, калың токойго бет алды. Караңгыдан жол көрүнбөйт. Акбалта асмандагы жылдыздарды карады. Саманчынын жолу быжырап асман бетин бербейт. Үркөр жылдызды көрдү. Андан ары Чоң жетиген жылдызы, Алтын казык жылдызы. Атынын башын түндүк тарапка бурду.

— Апа, апа дейм, — деди Калдарбек.

— Мине болду, тынччылыкпы? — деди чочуп кеткен чоң энеси.

— Жылдыз учту. Мен өз көзүм менен көрдүм.

— Тооба де. Дагы бир адамдын жаны учту да. Жанын жаннаттан берсин.

— Жылдыздар уча берет, уулум, — деди тайэнеси. Сөздү улантайын. Колу-буту байланып, аттын үстүндө жүрүп эзилип калганы эми сезилип уйкусу келе баштады. Тоолордун арасынан карышкырлардын улугандарын уккан аты эки кулагын тикчийте үн чыккан тарапты карады. Колунда жалгыз канжарынан башка куралы жок. Билектей болгон жаш карагайды караңгыда издеп келе жатты. Атынын башын бош койду. Урчуктан өтө бергенде далысы бир жаш карагайга тийип кетип, аты мүдүрүлө түштү. «Эми жыгылат окшойбуз» деген ой башына кылт эткенде чочуганынан карагайды кармай калды. Аты боюн түзөп, колундагы билектей жаш карагай түбү менен жулунуп ээрдин үстүнө артыла түштү. Карагайды такымына кысып, атка сүйрөтүп алды. Асманда жылдыздар суюлуп, чыгыштан күндүн шоолалары тоолордун беттерине тийип, айлана үлбүл көрүнө баштады. Таңга маалыкы уйку аны тартып, жерге бир аз болсо да жаткысы келип, ыңгайлуу жай караштыра баштады. «Азыр уктап калсам, жолдон калам. Нары каерде экенимди жакшылап карап албасам адашып кетишим мүмкүн» деген ой уйкусун нары карай айдагансыды. «Андан көрө, мынабу карагайдан найза менен чокмор баш жасап алайын, ат да бир аз эс алып курсагын кампайтып алсын деп» эки жагын жакшылап карай баштады. «Өзүм да токойдон бир нерсе карап, өзөк жалгап албасам, эки күндөн бери оозума эч нерсе ала элекмин» деп атын токтотуп, тоонун боорунан шылдырап аккан булакка токтоду. Аттан түшүп, басмайылын бошотуп, койдун жүнүнөн эшилген арканды чечип, ооздуругун чыгарып атты бош койду. Аты шылдыраган булактан суу ичип, аны карап турду. «Чү, жаныбарым. Менин канатым, курсагыңды кампайтып ал. Мен курал жасап алайын.» Атынын соорусуна алаканы менен чапты.

Булактын муздак суусунан кокучтап ууртап, булактын суусу менен бетин, мойнун жууп, сергий түштү. Уйкусу качып, кончундагы канжарды алып, карагайды ары бери карап, үч кулачтай ченеп, кыркы баштады. Карагайдын түбү жагын караса, тамырында муштумдай болгон бурчук бар экен. «Чокморго ылайык экен» деп ичинен сүйүнүп кетти. Канжары менен бутактарын тазалай баштады. Карагайдын башынан аягына чейин бутактардан тазалап болуп, төрт карыш өлчөп кести да салмактап көрдү. Сабынан кармап, чокмордун башы менен өзүнүн санын акырын чаап көрдү. «Аха, анча-мынча душман менен салышканга болот экен» деп кылган ишине ичинен корстон болуп койду. Карагайдын калган жагын тегиздеп бутактардан тазалап чыгып, үч кулачтай кыркып алып, уч жагын учтап кирди.

Аңгыча атынын бир нерсенин көргөндөй кошкурганын угуп, аты жакты карады. Аты эки кулагын тикчийтип токой тарапты карап туруптур. Акбалта ташка бекине калып, ат караган тарапка көз салды. Килейген боз карышкыр анын аты жакка карап акырын жортуп келе жатканын көрдү. «Карышкырдын сырттаны экен, оңойлук менен моюн бербейт» деп ойлоп, шырп алдырбай атына жакындай берди. Жанындагы кыл арканды сол билегине катуу ороп, канжарын кончуна салып, колуна чокморун кармап аты жакка жыла баштады. Аты кулагын жапырып, карышкырга капталын салып, анын кыймыл аракетин тиктеп турду. Акбалта жакындаганда аны байкап калган карышкыр атка эмес, Акбалтага карай бурулду. Акбалта карышкырдын көзүнө тике карады. Экөө көз ирмебей тиктешип калышты. Карышкырдын көздөрүнөн от жангансыйт. Токтогон бойдон кыйлага ордуларынан жылбай туруп калышты. Чыдамы кеттиби, карышкыр аны көздөй секирди. Акбалта колундагы чокмору менен аны как маңдайга урду. Карышкыр аны сезбегендей артка бир аз кетенчиктеп, кайрадан ага карай секирди. Акбалта аркан оролгон сол колун карышкырдын араандай ачылган оозуна сала берди. Дагы бир жолу чокмору менен башка салды. Колундагы чокморду таштап жиберип, кончундагы канжарды алып, карышкырдын колтугуна матырып, канжарды бир ирет толгоп жиберди. Карышкыр анын аркан менен байланган колун катуу тиштеген бойдон ары-бери жулкулдатып жатты. Акбалта канжарын сууруп алып анын оозун тилип жибергенде сол колу бошой түштү. Сол колу менен карышкырды муунтуп, анын кекиртегин кесип жиберди. Кекиртегинен шаркырап аккан кан саргая баштаган чөптөрдү заматта кызылга боёп салды. Акбалта ордунан туруп жылганда карышкыр андан он кадамча ары сүйрөлүп барып кыймылдабай калды.

Акбалта бир аз дем алган соң карышкырдын жанына барып анын денесин буту менен тээп көрдү. Денеси кыймылдабайт. Канжарын алып кекиртегинен чандырына чейин тилип, башын терисинен бөлбөй сыйрып бүттү. Терини боюна теңеп көрдү, тери анын боюнан узун болуп, куйругу жерге чубалып калды. «Кыргыздын катындары карышкырдын сырттаны менен жолборстун жүрөктөрүнө талгак болушчу эле. Акыркы учурларда сырттандардын жүрөгүнө талгак болдум деген аялдарды уга элекмин. Баатырларды тууй турган кыргыздын аялдары да чыгып калар. Мунун жүрөгүн алып, бака жалбыракка ороп сактап койойун» деп карышкырдын ичин жарып, жүрөгүн сууруп чыкты. Жүрөктүн жаны чыкпай, дагы эле согуп турган экен. «Жүрөгүн кара, дагы эле согуп турганын. Ошон үчүн сырттан да,» — деп өзүнчө сүйлөнүп, жүрөктү кош колдоп, алаканына салып карап турду. Булактын жээгинде булайып өскөн бака жалбырактын жалбырактарынан көп кылып терип алды да жүрөктү кабаттап ороп, белиндеги байланган чарчысына катуу байлап, белине тагып алды. Карышкырдын союлган денесин асканын боорунда турган таштар менен корумдап койду. «Бул карышкыр тарп жебеген таза жаныбар. Үйүрүн туура башкарат. Мунун денесин карга-кузгундар талап жебесин. Карышкырдын жытын алган башка жапайылар бул жерге келбейт,» — деди ичинен.

Курсагы кулдурай баштаганда, курсагынын ачканын эстеди. Булактын боюнда шиңгилдеп кыпкызыл болуп турган бүлдүркөндөрдү алаканына толтуруп, оозуна салды. Бүлдүркөндүн кычкыл даамы оозунун ичин дүүлүктүрүп жиберди. Кайрадан бүлдүркөндү терип оозуна салып жуткандан кийин, оозунан кара суу келе баштады. Бүлдүркөн курсагын ансайын ачырып, курсагына илине турган жей турган бир нерсе издеди. Аскага жогорулап чыга баштаганда кедр жаңгагы көрүнүп, анын алдынан тобурчактарды издеди. Жалбырактардын алдынан тобурчактарды таап, алакандары менен ушалап, данын оозуна салып чайнай баштады. Майлуу данектер ушунчалык таттуу болуп, жан дүйнөсү жай алып, курсагына тамак баргандан кийин, көздөрү бири-бирине жабышып, отурган жеринде уйку алып кетти.

Аттын кишинегени, жапайы жаныбардын күрүлдөгөн үнү чыкты. Уйкусунан чочуп ойгонуп, колундагы найзасын эки колдоп, башынан ойдо көтөрө бергенде чаар ала жолборс аны көздөй секирди. Найзасын жолборстун колтук тушуна тозо берди. Күү менен келген жолборстун салмагын көтөрө албай найза ортосунан тең бөлүнүп сынып калды. Найзанын учу жолборстун колтугуна сайылган бойдон калыптыр. Оң колу менен кончундагы канжарын сууруп алып, жолборс жакка акырын кадам шилтеди. Жолборс башын көтөрүп, ырылдады. Бирок ордунан козголбоду.

— Тайэне, жанагы киши жолборстон коркпойбу? Жолборс аны жеп койсо мине болот?! — деди Калдарбек көздөрүн бакырайтып.

— Баатырлар эч нерседен коркушпайт. Сен да чоңойгондо эч кимден коркпогон баатыр болосуң. Коркподуңбу, уулум, — деди тайэнеси анын төшөгүн кымтылап.

— Жок, мен эч нерседен коркпойм. Мен да ошол кишидей баатыр болом. Менин чоң аталарым, атам баатыр кишилер болушкан, — деп үнүн бийик көтөрө сүйлөдү.

— Оо, ананайыным десе. Чоң аталарыңды, атаңды тартып баатыр болосуң, — деди чоң энеси.

— Анан, Акбалта акырын жолборско жакындай баштады. Жолборс арткы аяктарына туруп аны көздөй секирди. Анын секириги мурдагыдай болбой Акбалтанын бутуна жакын келип түштү. Акбалта анын эки кулагынан кармап, жонуна шап минди да оң колундагы канжары менен жолборстун кекиртегинен мууздап жиберди.

Сол колу жолборстун кулагына жабышып, жолборсту минген бойдон анын жаны чыкканча ордунан козголо албай турду. Асканын боорунда агып жаткан жолборстун канын карап туруп, карышып калган сол колун оң колу менен укалап жазды.

Ордунан туруп, бир керилип алды да, жолборстун башын терисине чыгарып, мал союп жүргөндөгүдөй ыкмага салып терисин шыла баштады. Терисин муштумдап жиреп, башынан ылдыйга тартты, бирок күчү жетпеди. Колундагы арканды муздоодон өткөрүп, жогору жактагы даракка асып байлады да болгон күчү менен ылдыйга тартты. Тери жолборстун куйругуна келип токтоду. Куйругун бузбай бүтүн чыгарууга аракет кылып бир топко аны менен алпурушту. Терисин сыйрып бүтүп, ичин жарып жүрөктү бузбай кесип алды. Жүрөгү дагы эле согуп турган экен.

Булактын боюндагы бака жалбырактардан жулуп келип, кабат-кабат кылып жүрөктү алардын ичине салды да жеңишке жеткендей жеңилдей түштү. «Кудай кааласа, карышкырдын да жолборстун да жүрөгү бар. Оо, Кудай! Бир күндө эки сырттан олжо болуп берди. Элдин башын бириктире турган наристелериңен бере көр! Кимиси жолборстун жүрөгүнө же карышкырдын жүрөгүнө талгак болуптур десе берем. Кудай кааласа сырттан балдар төрөлөт. Бул бекеринен берилбеди мага». Ал өзүнчө кубанып, белгисиз жакшылыктан үмүт кыла кудайга ичинен жалынып, «бере көр» деп суранып жатты.

Акбалта сынган найзанын жарымын алып, карышкырдын терисин ээрге арта салды да жолборстун терисин үстүнө жамынып алды. Денеси жылый түштү. Аттын оозун бош коё берип, атына «үйдү көздөй кеттик» деди. Ат үстүндө термелип, жылуулук уйкуга алып баратты. Улам ойгонуп, айланага кулак төшөп коёт. Токойдогу куштардын анча-мынча кыйкыргандары гана угулуп, айлана мемиреп тыптынч. Ат акырын кадам таштап, таштардан этияттык менен өтүп жатты. Асманды карады. Жылдыздар суюлуп, асмандын бети көгөрө баштады. Өзүнө тааныш жайык көрүндү. «Оо, кудай! жериме жеттимби?!»­– деп ичинен кудайга жалынып жиберди.

— Апа-а! Апа-а! Калдарбектин бакырып чыккан үнү эки кудагыйды ордунан чочутуп тургузду.

— Калдарбек! Мине болду уулум?! — деп чоң энеси аны чекесинен сылап, жыттып койду.

Жолборсту минип алган бала

— Апа! Мен, мен жанагы жолборсту минип алдым! Ал мага карай секиргенде, кулагынан кармадым да минип алдым! Үстүнөн түшпөй койдум! Силер ойготуп ийдиңер да. Болбосо, аны минип алып аябай чабат элем.

— Көрдүңбү уулум, — деди тайэнеси, — жолборс минген адам эл керегине жараган адам болот. — Жолборс ар кимдин эле түшүнө кире бербейт! Кел эми уктайлы. Жакшы түштөрдөн көрүп жат, уулум, — деп тайэнеси анын төшөгүн кымтылап койду. –Түн да бир оокум болуп калыптыр, кудагый. Калганын кийинки бир келгениңерде айтып берем. Жакшы түш көрүп жатыңыз.

— Аябай жакшы айтасыз да өткөн-кеткендерди. Сиздин сөздөрүңүздү угуп эле отура бергиң келет. Калдарбегим экөөбүз дагы бир күн мейман болуп кетебиз. Азыркы айткандарыңызды улантып айтып бересиз, аа, кудагый, кызык жерине келдиңиз, — деди чоң энеси.

Саратандын чырылдаган үнүн угуп жатышып бардыгы уйкуга кетишти. Эртең мененки короздун кыйкырганы айлананы жаңыртып, жаңы күндүн башталганынан кабар берип, эки байбиче ордунан турушуп, даараттарын алышып, багымдат намазын окууга киришти. Жумагүл байбиче кара чөөгүнгө арыктан суу сузуп келип, очокко тезек калап, анын астына майда кургак бутактарды сындырып, күкүрт тамызды. Кургак бутактар чатырап күйүп, тезектер көктү карай түтүн булатты.

— Мен Калдарбекти ойготойун. Күн ысый электе жолго чыкпасак, бул саратандын ысыгында жол узатыш кыйын болуп калат, — деп Айтолкун байбиче супа тарапка басты. Калдарбек төшөктөн башын чыгарып, «апа, биз чоң тайатамдыкына барабызбы?» — деп сурады.

— Ооба, айланайын. Сен качан ойгондуң? Сени уктап жатат экен деп ойготкону келаттым эле.

— Мен, силер очокко от жага баштаганда эле ойгонгом.

— Оо, айнанайыным, сак кулагым. Тур, турагой. Бетиңди, колунду жуу. Чай ичип, жолго чыгабыз.

Чай ичип болушуп, алар жолго чыгышты. Каналды бойлой кеткен чаңы тизеге жеткен жолдо бала ээрчиткен байбиче менен күнгө күйгөн кичинекей кара тору келген бала чаңды буртулдата басышып, бала улам артын карап баскан издерине карап коёт.

— Апа, сенин буттарың меникине караганда чоң экен. Аа, балам. Сен да чоңойгондо буттарың чоң болот.

— Качан чоңойом?

— Аны өзүң да билбей каласың. Бир кезде биз да жаш кыздар элек.

— Силерби?! Жаш кыз болгонсуңарбы? Анан кантип чоңойуп кеттиңер?

— Сага окшоп чаң кечип, уй-кой кайтарып, топ таш ойночу элек.

— Жанагы, кыздар ойногон топ ташпы?

— Ооба. Аны бардык кыздар ойношчу. Азыр деле кыздар ойноп жүрүшөт. Апаларыбызга жүн тытып, отун терип келип жардам берчүбүз. Тандырга от коюп берчүбүз. Апаларыбыз кызарган сонун нандарды жабышчу. Нандын жыты ушундай жыттуу болчу! Алыстан эле буркурап, токчулук жыттанып турчу. Анан жыгач кесеге сары майдан куюп, жаңы жабылган нандан туурап, мыкчымай кылып берчү. Ушундай таттуу эле. Аны жеп алып кечке курсагыбыз ток жүрчү.

— Апа, мен мыкчымай жей элекмин. Качан мыкчымай кылып бересиң?

— Таятаңдыкынан келели. Үйгө келгенде жасап берем. Талканды каймакка көөлөп берчү. Аны жегенден кийин суу ичип жүрө берчүбүз. Кечке курсагыбыз аччуу эмес.

— Талкан жегим келип кетти! Мыкчы май да жегим келип жатат.

— Үйгө келели. Сен айткандын бардыгын жасап берем. Андан көрө тез-тез басалы, күн ысып кетсе, басышыбыз кыйындап калат. Чоң жолго аз калды. Сен эстүү баласың го.

Апа, чаңкадым. Суу ичким келип жатат.

— Тайэнең суу салып жаткандай болду эле. Карап көрөйүнчү. Чоң энеси түйүнчөгүн аңтарып жатып суу куюлган бөтөлкөнү алып чыкты. Бөтөлкөнүн оозуна тыгылган кагаздан жасалган тыгынды алып чыгып, — ме, тамагыңды суулап ал. Көп ичпе, — деп бөтөлкөнү ага сунду. Калдарбектин бөтөлкөдөгу сууну аптыгып жутканын көрүп, чоң энеси, — акырын ич, какап каласың. Автобуста дагы чаңкайсың, автобус токтогуча суу табыш кыйын болот. Шоопурга айтып түшүндүрө албайсың, орусча билгендер жок.

— Болуптур апа, мен аз эле ичем, — деди ал, бөтөлкөнү чоң энесине сунуп.

— Өх, жеттикпи?! Чоң энеси асфальт жолго чыгып, галошунун чаңдарын кетириш үчүн асфальтты буттары менен тээп койду. Аны көргөн Калдарбек да энесин кылгандарын туурап койду. Асфальтта калган издерин карап, чоң энесинин колунан кармап, жолдун аркы бетине өтүштү. Базар-Коргон тараптан келе турган автобустун жолун карап беш-алты адам турушуптур.

— Анаке, «маңка автобус» келе жатат, — деди чоң энеси. Бардыгы келе жаткан автобусту карап калышты. Бул автобус келгенге чейин мурдагы автобустар кичине болуп, моторлору алдында болчу. Алгач келгенде эле бул автобуска элдер «маңка автобус» деген атты коюп алышты. Алдында берки кичине автобустардай мотору алдында болбостон, анысы айдоочунун жанында болчу. Автобустун терезесинен адамдардын толтура экендиги көрүнүп турду.

Автобус аялдамага келип «быш» этип үн чыгарып токтоду. Шарактап ачылган эшиктеринен терлери маңдайларынан куюлуп, көйнөктөрү сыгып алма суу болгон адамдар түшө баштады. Ар бир түшкөн адам, «өх!» деп үшкүрүнө базардан алган коон-дарыбыздарын колтуктарына кысып түшүп жатса, аялдар алган помидорлорун баштарынан бийик көтөрүп алышкан.

— Бас бери Калдарбек! Автобуска батпай калбайлык. Энеси автобустун эшигинин алдында туруп аны алдына салып алды. Калдарбектин мурдуна автобустун ичиндеги адамдардын тер жыттанган жыты келди.

— Апа, автобус сасык экен. Көөнүм айланып кетти.

— Мындан калсак Ак-Башка жетпей калабыз. Терезенин жанына туруп аласың. Шамал киргенде көөнүң ачылат. Бол эми тезирээк. Адамдар күтүп калды, — деп чоң энеси анын колтугунан сүйөмөлөп автобуска алып кирди.

— Эне, бул жакка келиң. Небереңиз бар турбайбы. Оо, палван, айнекке жакын кел. Азыр автобус жүргөндө көңүлүң ачылып калат, — деп бир жигит аларга орун бошотту. Чоң энеси отургучтан жай алып, небересин алдына алып отурду.

— ­Апа, мен терезеге турайынчы. Чымчыктарды көргүм келип жатат. Чымчык-Жарга чейин бир топ бар. Буттарың чарчайт. Кел тиземе отуруп ал.

— Жок. Мен туруп барам. Чымчыктарды көргүм келип атат.

Автобус Турпак-Белге жармашып, мотордун күчүркөнө тартканы автобустун ичиндеги адамдардын сөздөрүн угузбай басып кетти.

— Апа, апа, анакей Чымчык-Жар көрүндү. Көк каргалар ооздоруна бирдемелерди тиштеп алыптыр. Уясына кирип кетти. Балапандарын багып жатат да.

— Ата-энелер да балдарын ушинтип багышат. Бардык жаныбарлар, куштар ооздоруна жемдерин тиштеп келишип балдарына беришет.

— Түшүндүм, апа. Аябай чырылдашат экен аа, чымчыктар.

— Ошон үчүн Чымчык-Жар деп аташат да бул жерди.

Калдарбек Чымчык-Жардан өткүчө чымчыктардын чырылдаганына таң кала карады. Автобус Турпак-Белден түшүп Созок тарапка бурулду. Созокко бурулганда сол тарапта калың камыш баскан талаа, жалпак тамдар көрүндү. Алар Жалал-Абадга кире бериштен түшүп калышты.

— Эми жөө кетебиз, уулум. Жолду баскан арбытат дейт элде. Кудайым бизге күч-кубат берсин. Сен палвандардын тукумунансың. Чарчабайсың! Мен сага жолдо жомокторду айтып берем. Сүйлөшсөк жолдун арбыганы билинбей калат.


— Чоң тайатамдыкына барабыз, аа, апа. Мен теректердеги чымчыктарды чозмо менен атам. Балапандарды балдар менен кармайбыз.

— Балапандар силер сыяктуу кичинекей да. Аларды кармабаш керек. Убал болот.

— Убал деген мине болот, апа?

— Силер чымчыктардын балапандарын алып, аларды өлтүрсөңөр алардын ата– энелери ыйлайт. Силер, бул кылыктарыңар менен аларды кыйнап жатасыңар. Балапандарга да алардын ата-энелерине убал кылып жатасыңар. Балапандарын кыйнап, алардын кыйналгандарын көргөн ата-энелери канаттарын каккылап, балапандарын бошотуп алгысы келгендерин көрүп жатсаңар керек. Экинчи балапандарына тийбегиле. • — Балапандардын апалары ыйлайбы?• Ыйлайт да. Балдарын жоготкон бардык апалар ыйлайт.

— Апа, мен балапандарга тийбейм! Балапандарын алсам апалары ыйлайт. Мен балапандарга тийбейм.

— Азаматсың, уулум. Сен акылдуу баласың. Экинчи балапандарга тийбей жүр. Экөө үнсүз бир топ жол басышты.

— Апа, суу ичким келип жатат.

— Ме. Бөтөлкөдөгү сууну ага берди.

— Апа, суу аз экен.

— Иче бер. Арыктагы суу тунук экен. Чаңкооң канбай калса арыктагы суудан ичип аласың. Калдарбек бөтөлкөдөгү сууну ичип бүтүп, арыкты карап койду.

— Чаңкооң канбай калдыбы? Азыр суу алып берем. Чоң энеси арыктагы суу менен колдорун чайкап, жоолугун түшүрө, чачтарына суу жүгүрттү. Алаканына кокучтап суудан алып, сууну акырын жутту. — Суу муздак экен. Азыр сага суу алып берем. Чоң энеси кокучуна суу алып анын оозуна тосту. Сууну шимире ичип дагы чоң энесине карады. Чоң энеси суудан дагы кокучуна толтуруп анын оозуна алып келди. Апа, сенин колуңдан бирөө мени карап турат. Ким экен ал, ботом? Чоң энеси кокучундагы сууну карады. –Бул сенин көлөкөң турбайбы?! Сууга чагылышып сенин жүзүң көрүнүп жатыптыр. — Өх, эмне болду деп чочуп кеткенимчи!

— Апа, ошол менби?! Калдарбек чоң энесинин алаканына кайрадан үңүлүп карады. Суудан чачы такыр алынган, топучан бала карап турду.

— Апа, машинанын гүрүлдөгөн үнү чыгып жатат. Каяктан чыгып жатат? Оногу айрипландын үнү окшойт. Тээтиги айрипландарды көрдүңбү? Асманга учат, адамдарды ташыйт экен. Мен көргөн эмесмин, элдер ошентип айтышканын укканмын. Асманга кантип учушат? Жерде чуркап барып учуп кетишет. Эки-үч жолу ошентип учканын көргөмүн. Жакшылап карап тургун. Жерде күүлөнүп жүгүрөт да анан асманга көтөрүлөт.

— Апа-а, апа, карасаң, айриплан жүгүрүп келе жатат. Катуу жүгүрөт экен. Учту-у, учту-у! Канаттары бар экен.

Калдарбек самолёттун учкан жагын карап көпкө турду.

— Апа, айриплан каякка учуп барат?

— Алыс жактарга.

— Айрипланды адам айдайбы? Ал адам кантип учат?

— Адам айдайт. Адамдын колунан бардыгы келет. Сенин атаң да учкуч болом деп окуганы жатканда мен ыйлап, окууга жөнөтпөй койгом. Согуш жаңы бүткөн, көптөгөн эр жигиттерди согушка алып кеткен. Көбү согуштан кайтпай калышты. Кээ биринин жалгыз баласын да алып кетип, согуштан келбей калган. Ата-энелердин көз жаштары агып, тез эле кайгынын айынан көптөгөн адамдар да кайтыш болуп кетишкен. Ошол согуштан жүрөктөрүбүз түшүп калбадыбы. Атаңды да аскерге алып кетеби деп жүрөгүм түшчү. Бир күнү келиптир, учкуч болом, дакүмүнттөрүмдү тапшырдым деп. Саратуп деген жерде окуйт экенбиз деп сүйүнүп алыптыр. Аскерге алып кетсе, жыйырма беш жыл кызмат кылса. Орус катын алып алса уругубуз бузулат. Же мен ал орус келиндин сөздөрүн түшүнсөм, же ал мени түшүнсө деп ойлоп коркуп кеттим. Атаңа катуу айттым, эгер ал жакка барып окусаң топурагымды түйүп берем дедим. Ошентип атаң окууга барбай калды. Атаңдын учкуч болуучу тилеги ишке ашпай калды. Эмдиги жылы сен мектепке барасың. Жакшы окусаң асманда учасың. Бардыгын үстүнөн көрөсүн. Асмандан бардыгы көрүнүп турат.

— Топурагымды түйүп берем деген мине?

— Мен өлүп калсам, атаң мага топурак сала албаса, өлгөнүмдү укса ошол жактан болсо да топурак салып коёт деген сөз да, уулум.

— Апа, сен өлбө. Мен жакшы окуйм. Мен учкуч болом! Жердин бардыгын көрөм! Апа, мен учкуч болом, аа?! — Калдарбек улам самолёттор турган жакты карап коёт.

— Оо, тилегиңден айланайын. Учкуч болосуң. Атаңдын тилегине сен жетесиң! Азаматым менин! Келчи бери! Маңдайыңдан өөп койойун. Маңдайың дайыма жарык болуп, элге кызмат кылган азаматтардан бол, ананайыным десе!

Күн ысып чыкты. Кемпир менен жаш бала тердеп-тепчип жолун улантты.

— Кел, эми жолду кыскарталы, уулум.

— Кантип кыскартабыз?

— Тээтиги үйлөрдү көрдүңбү? Чоң энеси дүпүйгөн бак оронгон жалпак тамдарды көрсөттү.

— Ооба.

— Ошол Жаллабад шаары. Бул жерлерде илгери камыш баскан жер болуп, камыштардын арасында жолборстор, арыстандар жашап, адамдардын малдарына кол салып турчу экен.

— Жолборстор азыр деле барбы?

— Адамдар бул жерлерге отурукташа баштаганда жолборстор тоо тарапка кетишкен дешчү илгерки аксакалдар. Илгери Жалалидин деген канзаада болгон экен. Күзгө маал жан-жөкөрлөрү, ашпозчулары менен аңчылыкка келишчү дешет. Камыштын ичинде чилдер, кыргоолдор, каз-өрдөктөр көп болчу экен. Жалалидин жан-жөкөрлөрү менен аларды атып келишсе, ашпоздор алардын атып келген илбээсиндеринен сонун тамактарды жасашып, кеч күзгө чейин ойношуп, аңчылыктан кылып чарчаганда үйлөрүнө кетишчү экен. Ошондо да кээ бир жан-жөкөрлөрүн «силер, ашка жүк, башка жүк болбой ушул жерде каласыңар» деп калтырып коюшкан экен. Ал кезде биерде эч ким жашаган эмес. Айланасы бүт камыш болуп, жапайы жаныбарлар жана камыштын ичи илбээсинге толо болчу экен. Кыш тез эле келип, кар жаап суук боло баштаганда калып калган адамдар жертөлөлөрдү казышып, кыштап чыгышат. Тамактарын болсо чилдерге, кыргоолдорго, каз-өрдөктөргө аңчылык кылышып, эттеринен сонун тамактарды жасашып жашап калышат. «Кой деген кожосу, айдаган эшени жок» эркин жашап, туулган жерлерине баргысы келбей ушул жерде жашай башташат.

— Жертөлө деген эмне?

— Жертөлө деген, ал кезде бул жерлерде тамдар болгон эмес. Кар жаап, айлана суук. Жашоо керек да. Жерди казышып, ичине камыштардан оруп келип, астыларына төшөп, анын үстүнө кургак жумшак чөптөрдөн салышып жашап калышат. Жертөлө аларды сууктан жана жолборстордон, карышкырлардан, арыстандардан коргогон.

— Арыстандар менен жолборстордон коркушчу эмеспи?

— Адамдардан бардык жаныбарлар коркушат. Илгери кудай бардык жаныбарларга айла-амалдарды бөлүштүрүп берет экен. Ташбака жолдо келе жатса алдынан сагызган жолугат. Ташбака сагызгандан сурайт, «илени кимге берди?» — деп. Сагызган шакылыктап, «илени адамга берди» –дейт. Анда ташбака, «адам асмандагы бүркүттү колго түшүргөн, суудагы балыкты кармап ала турган илеге ээ болуптур да. Адамдан эч нерсе качып кутулгус болуптур да деп үшкүрүнүптүр.» Ошондуктан бардык жаныбарлар, чоң-кичине дебей адамдардан коркушат.

— Жаныбарлар менден да коркушабы?

— Ооба, сен адамдын баласысың да. Азыр баласың, жашсың. Убагы келет, адамдардын керегине жараган азаматтардан болосуң.

— Апа-а, баскым келбей жатат. Бир аз дем алалы.

— Кел анда. Белиме көтөрүп алайын. Тээтиги дарактардын көлөкөсүнө барып эс алабыз. Күн да ысып кетти. Курсагың ачтыбы?

Азирети Айып булагы

— Ооба. Нан жегим келип жатат. Чоң энеси түйүнчөгүн ачып нандан сындырып берди. Көлөкөгө жеткиче чыдап барабыз аа, уулум. Аз эле калды. Оногу шаардын үстүндөгү адырларды көрдүңбү? Ошол жердеги жашыл болуп турган дарактарды көрдүңбү? Ошол жердин астынан булак чыгат. Булактын суусу ысык. Бардык кеселдерге дары экен суусу. Ошол жер Азирети Айып деп аталат. Илгери, илгери бир Айып деген пайгамбар жуунуп жатса, үстүнө алтын чегирткелер түшүптүр. Ошондо Азирети Айып аларды кармап, кийиминин ичине уучтап сала баштайт. Аны көргөн кудай, «эй, Айып! Сага жетишерлик байлык бердим го. Мал-мүлккө тойбодуңбу?» — деп сурайт. «Оо, жараткан кудуреттүү Кудайым! Сен мени мал-мүлккө, байлыкка тойгуздуң. Бирок сенин берип жаткан берекелериңе пенделериң эч тоё албайбыз», — дейт Азирети Айып. Кудай ага сыноолорду жөнөтүп, мал-мүлктөрүнөн, бала-чакасынан ажырайт. Жүрөгү менен тилинен башка бүт денесин жара басат. Денеси сасып кеткендиктен анын жанында адамдар чыдап тура албайт. Жаралары ириңдеп, курттап кетет. Даба болчу жер издеп ушул адырларга аялы экөө келип туруп калат. Жарасындагы курттар анын этин жеп тойгондо денесинен түшүп кетсе, ал курттарды жерден алып кайрадан мурдагы ордуна салып койчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде Азирети Айып ошол жердеги булактын жылуу суусуна жуунуп жатса, денесиндеги курттардын бардыгы тоголонуп түшүп жаралары карттанып, бир аздан кийин жаралары «сен көр, мен көр» болуп жок болуп кетет. Булактан бир уурттам суу ичет. Денеси мурдагы калыбына келип, эч качан оорубагандай болуп калат. Ал кайрадан бала-чакалуу, мал-мүлктүү болот. Ошол булак чыккан жер Азирети Айып деп аталат. Аердин атын уккан кеселмандар туш тараптан келишип, булактын суусуна ичип, жуунуп кеселдеринен айыгып кетишет.

— Мен ошол булакты көргүм келип жатат. Ошол жакка барбайлыбы?

— Биринчи тайатаңдардыкына баралы. Алар менен учурашып, аман-эсендигин билгенден кийин, ошол жакка жол болуп калса барып калабыз, уулум.

— Арыбаңыз эже. Алыс жолдон келе жатат окшойсуңар? Чарчаган түрүңөр бар. Каерге барасыңар?

Экөө аңгемеге алаксышып, атчан адамдын жанына келип калганын байкабай калышыптыр. Жадегенде аттын дүбүртүн да укпаптыр. Калпак кийген, муруту шаптай болгон жигит аларды күлүмсүрөп аттын үстүндө эңкейип карап туруптур.

— Ак-Башка, Таштак айылына айланайын. Акмандан келе жатабыз, — деди таенеси. Төркүндөрүмө баратам. Байжигит ажынын уулу Сайранбай акамдикина. Туугандар менен учурашып келели деп уулум экөөбүз эртең менен чыкканбыз. Жалал-Абаддан бери жөө келатабыз.

— Сайранбай акани тааныйм. Аябай кыйналганыңыздар жүзүңуздөрдөн көрүнүп турат. Эже, сиз атты миниңиз да бул азаматты учкаштырып алыңыз. Атым жоош, басыгы жакшы. Төркүндөрүңүзгө жеткенде ошол жерге байлап койсоңуз, мен барып андан ары минип кетем.

— Атыңды бизге берип, өзүң жөө кетесиңби? Андай болбойт, үка.

— Эже, мен жашмын. Бул жолдорду күндө басып жүрүп көнүп болуп калгам. Сиздер алыстан келе жатыпсыздар. Нары балаңыздын аябай чарчаганы көрүнүп турат. Сиздердин ушул абалыңызды көрүп туруп, мен кантип бастырып кетем? Көпчүктү оңдоп берейин. Эгэрге сиз миниңиз, балаңызды учкаштырып аласыз. Мен чылбырды чечип, балаңыздын белинен сизге байлап койойун. Чарчаган неме ат үстүндө уктап калбасын. Ал байбичени колтугунан сүйөп атка мингизди. Калдарбекти эки колтугунан көтөрүп учкаштырып койду да чылбырды Калдарбектин белинен байлап, чылбырдын эки учун байбичеге берди.

«Чылбырды белиңизге байлап алыңыз, эже. Жакшы жетип алыңыздар. Мен Таштакка барганда атты ошол жерден алып кетем.» Ал атты «чү, жаныбарым» деп сооруга алаканы менен чаап койду. Ат акырын ордунан жылды. Калдарбек чоң энесинин камзиринен бекем кармап анын далысын карап келе жатты.

— Апа, бул киши тууганыбызбы?

— Жакшы адамдардын баарысы тууган болот. Биздин кыйналганыбызды көрүп боору ооруп кетти да.

Калдарбек аттын басканына магдырап көздөрү жумулуп кетип жатты.

— Уулум уктап калба. Мени бекем карма. Аз калды тайатаңдын үйүнө. Тээтиги бийик өскөн теректерди көрдүңбү? Ошоерге жетсек, тайатаңдыкына жетебиз. Уктабай бас.

— Көздөрүм өзү эле жумулуп кетип атат.

— Айланаңды карасаң, дарактар жашыл, талаа сары. Дарактардын жашыл болгону алар дайыма суу ичип турат. Сары түс күздүн жакындап келе жатканынан кабар берет. Быйыл түшүмдөр жакшы. Эл дагы бир жакшы токчулукка жетет экен.


Чоң энеси бийик теректердин көлөкөсүн жамынган жалпак тамды көздөй аттын башын бурду. Эшиктин алдында беш алты бала ойноп жатыптыр. Аттын алардын үйүн көздөй бурулганын көрүшүп аттын алдына чуркап чыгышты.

— Чоң эжем келди, чоң эжем келди! — дешип балдар кубанганынан кыйкырып жатышты. Калдарбек дагы келиптир! Сени минеге байлап коюшкан? Сени эжем жыгылбасын деп байлап койдубу?

— Уктап калып аттан жыгылбасын деп байлап койду. Чоң энеси байланган чылбырды чечип, анын колтугунан кармады. Буттары чымырап жерге тийгенде ооруп кетти.

— Ой, бутум!

— Бутуңа мине болду? — Чоң энеси чочуп кетти. Бутуңду кайрып алдыңбы?

— Буттарым жерге тийгенде ооруп кетти.

— Аа, кокуй! Буттарың уктап калган турбайбы.

Калдарбек буттарын укалап туруп калды.

— Калдарбек, менин чозмом бар. Кел, чымчыктарды атып ойнойбуз. Мен кыйын атам.

— Жок. Мен ойнобойм.

— Оногу теректердин баштарында чымчыктардын уялары бар. Кел, анда балапан алып, куурутуп жейбиз.

— Балапандарды алсак апалары ыйлайт. Ал чоң энеси тарапты карап койду.

— Калдарбек туура айтат. Балапандарын жоготкон ата-энелери ыйлайт. Алардын деле жаны бар да, балдарым.

— Эже, алар кантип ыйлашат?

— Чымчыктын уяларына жыландардын жакындагандарын көрдүңөр беле? Балапандардын ата-энелери мине кылышат?

— Канаттары менен жыланды ургулашат, чырылдашат.

— Көрдүңөрбү?! Ата-энелер үчүн балдардын кандай кымбат экенин! Жыланга, өлүмгө өздөрүнүн жанын салып берип, балдарын сактап калганы жатышат. Силер ошол ата-энелерди кайгыга салып жатасыңар. Экинчи андай кылбагыла балдарым.

— Эже, оногу Кочкор тосток деген бала бар го. Биз чымчыктарды атпа, аларды өлтүрсөң убал болот десек деле болбой ата берет. Сиз «кой, атпа» деп коюңузчу. Эч кимди укпайт.

Жаш балдар чурулдашып, аларды үйгө киргизбей бир топко туруп калышты.

— Эй, мине эле чурулдап жатасыңар? Үйдөн чыга калган аял балдарды урушуп кирди. Апей, эжем келген турбайбы?! Мине эле чурулдашып жатат деп чыга калдым эле. Келиңиз эже. Үйгө кириңиз. Баргыла, ойной бергиле. Меймандарды үйгө киргизбей тургандарын кара. Үйгө киргиле. Жолдо кыйналып келгендирсиңер.

— Жолдо уулум экөөбүз чарчап, араң келе жатсак, бир боорукер жигит экөөбүздү айап, атынан түшүп, бизди мингизип, өзү жөө келе жатат. Силер барып атты жолдун боюна байлап койсоңор, андан ары минип кетем деп калды. Аты ким экенин деле сурабаптырбыз, — деди Айтолкун энеси.

— Бул ат тиги айылдагы Бөрүбай палвандын аты турбайбы, — деди үкасинин аялы терезеден карап. — Ал аябай март киши. Колундагы болгон нерсесин сураган адамга жөн эле кармата берет. Элдин баары аны жакшы көрөт. Улактан же эңиштен соорун алса колунда жокторго берип, мал кылып ал деп артын карабастан кете берген март киши. Жаш балдардын да көңүлүн калтырбайт. Келини меймандарга төшөк салып «Эже, төргө өтүң» деди.

— Оо, айнанайын Калдарбегим, чоң жигит болдуңбу? — деп Айтолкун энеси анын эки бетинен өптү. Былтыркыга караганда боюң өсүп кадырэсе жигит болуп калыпсың.

Чоң энеси төргө өтүп, орун алгандан кийин, — Оомийин, кудай жакшылыктарын берсин. Дайыма көрүшкөнгө насип кылсын, — деп чоң энеси бата кылды. — Өзүңөр кандай отурасыңар? Бала-чака, мал-жандарыңар аман-эсенби?»

— Кудайга шүгүр, эже. Бардыгыбыз тынчпыз. Бала-бакыра, мал жандар аман-эсен. Өзүңүздөр кыйналбай келдиңиздерби?

— Жолдон ошол жигит чыгып калып, ой-боюбузга койбой атына минип, өзү жөө келатса керек.

— Апа, мен балдар менен ойноп келейин? — Калдарбек чоң энесине карады.

— Чай ичип ал. Анан ойной бересиң.

— Курсагым ток. Ойной берейин.

— Курсагың ток болсо ойной бер. Балдар менен урушпай ойно. Чымчыктарды атпагыла. Эси жок балдар алсыз жаныбарларды кыйнайт. Балдарга да ошону айтып кой.

— Болуптур. Жакшы ойнойбуз.

— Эртең Осумбек чоң атамдын булагына Калдарбек менен барып келейин, — деди Айтолкун байбиче. — Акыркы учурларда Осумбек чоң атам түшүмө кире турган болду. Арбагына атап куран окуп койбосом болбойт.

— Анда, мен эртең менен туруп жети токоч кылып койойун.

— Кетменди алып алалы. Булактын тегерегин тазалап койолу.


Эртең менен короздордун кыйкыргандары менен чымчыктардын чырылдагандары Калдарбекти уйкудан тургузду. Төшөктөн башын чыгарып турганда эле майдын дакталган жыты келди. Көздөрүн ушалап ордунан турду.

— Аа, айнанайын Калдарбегим турдуңбу? — деди очоктун айланасында кепкир менен казанды көөлап жаткан таажеңеси.

— Апам кана?

— Апаң үйдө. Чай ичип жатат. Тур, турагой. Бети-колуңду жууп сен да чайга кир.

Ал арыкка барып бетине шапшып суу чачып жууду да үйгө кирди. Чоң энеси төрдө отуруп, чай ичип жаткан экен.

— Турдунбу айланайын. Чоң жигит болот деген ушу да. Бети-колуңду жууп келипсиң. Кел чайга отур. Чай ичкенден кийин атаңдын чоң тайатасынын булагына барабыз.

— Кечээги булакка барабызбы?

— Жок. Кечээги булак Жаллабадда калды. Бул Ак-Баштагы Осумбек-Булак деп атаңдын чоң тайатасынын булагы.

Тажеңеси токочторду дасторконго ороп, башына койду да, очоктун жанындагы оттон карайган чайнекти сол колуна алып, арыктын боюнда турган кетменди сабынан кармап желкесине салды. Эшикте ойноп жаткан балдар, «апа, каякка барасыңар?» — деп сурашты. — «Пахта чабышканы барасыңарбы? — деп аларга карады. «Жок бизде ушул жерде эле калабыз. Калдарбек да силерге пахта чабышабы?» — дешти. «Ооба. Үйдү жакшылап карагыла. Малдар кирип, бардыгын талкалабасын,» — деди апасы. «Болуптур апа, Айткандарыңызды так аткарабыз,» — деп жоокерлердей колун чекесине тийгизип койду.

Чаң жол. Бышкан топуракты кечип үчөө, алдында жоолугун ээгинен байлаган колдорун артына алган кемпир, артынан дасторконду башына коюп, сол колунда кара боор чайнекти кармаган, кетменди желкесине салган аял, алардын артынан беш-алты жашар бала бара жатты. Үчөө тең ойлуу. Ортодо сөз жок. Калдарбек чоң энеси менен таажеңесинин кадамдарын кадамдап келе жатып, таажеңесин карады. Дасторкондун анын башынан түшпөй келе жатканы ага кызык көрүндү. Дасторконду башына коюп, таажеңесине окшоп баскысы келди.

— Эже, — деди ал. — Мен дасторконду көтөрүп алайынбы? Сиз кетменди, чайнекти көтөрүп келе жатасыз.

— Оо, айнанайын. Боорукердигин кара. Мейли, ме, көтөрүп ал, — деди таажеңеси. Колундагыларды жерге койду.

— Башыма коюп бериңчи. Мен да сиз көтөргөндөй көтөрөйүн.

— Эки колуң менен кармап ал. Башыңан түшүп кетпесин.

— Мейли. Калдарбек табакты башына коюп, эки четинен кармап алды. Бир топ баскандан кийин колдору талып кетти. «Мен да эжеге окшоп башыма эле коюп көрөйүнчү» деп ойлоп колдорун түшүргөндө башындагы табак чаңга түшүп топурак «бурк» дей түштү.

— Аа, балам, жашсың да. Бул табакты башка коюшту үйрөнүш үчүн көп мээнетти талап кылат. Ушинтип үйрөнөсүң, — деп таажеңеси күлүп, дасторкондун чаңын күбүп, — дагы көтөрөсүңбү? — деди.

— Колдорум талып кетпедиби. Колдорумду эс алдырып алайын десем түшүп кетти. Көтөрөм. Ал эки колу менен табакты башына коюп катуу кармап алды.

— Оо, айланайын Ак-Терек аман-эсенсиңби? — деген чоң энесинин үнүн угуп чоң энесин таң кала карады. Чаң жолдо бет маңдайында дүпүйгөн, аппак болгон бака терек көрүндү. «Эмнеге, апам даракты айнанайын деп жатат?» — деп ойлоду.

— Апа, даракты минеге антип айтып жатасыз?

— Ээ, балам! Бул карт дарак минелерди башынан өткөрбөдү?! Канча замандарды, ар кандай адамдарды көрдү. Биздин жаштыгыбыз ушул ак теректин көлөкөсүндө калды. Ысыктан коргоду, жаан-чачын болгондо түбүнө бекинчүбүз. Аны чоңойгондо түшүнөсүң.

Чоң энесинин кадамдары тездей түштү. Таажеңеси да кадамын тездетти. Бака теректен беш кадам арыраакта булактын тунук суусунун төмөн карай акырын шылдырап аккан үнү угулду.

Чоң энеси бака теректи айланып, кыдырып, ар бир бутагын карап чыкты. Оор үшкүрүнө, «бака терек, сен да карыпсың. Биз жаш кезде сенин сөңгөгүңдөгү кабыктарың тегиз эле. Бырыштарың жок эле. Кабыгыңдын соо жери жок, бырыштарың көбөйүптүр. Эми мынтип шактарың чартайып, бутактарыңдын чирип сынгандары көбөйүптүр,» — деп сүйлөнүп, келинине «кел, табагыңдагылары алып чык. Дасторкон сал. Куран түшүрүп койолу. Бир кезде биз көргөн адамдардын көбү чын дүйнөгө кетишиптир. Нары апаат согуш канчалаган жигиттерибизди алып кетти». Келини дасторкон жайгыча булактын суусунан чайнекке алып, булактын четине чыгып, колдорун, бетин жууп, манжаларынан аккан сууну мойнуна тартты. Калдарбек чоң энесинин ар бир кыймылына бака теректин көлөкөсүндө отуруп көз салып турду. Чоң энеси ордунан турду да булактын суусунан кокучтап алды да акырын иче баштады. Ал ордунан ыргып турду да чоң энесинин жанына барып кокучуна суу толтуруп ичти. Суунун шириндиги жана муздактыгы анын чаңкоосун басып, экинчи кокучтап алган суунун жарымын ичти да ашканын булактын четине төктү.

Чоң энеси дасоромолу менен бети-башын аарчыды да дасторкондун четине келип отурду. Алакан жайып бата кылды да, куран окуй баштады. Бул жалган дүйнөдөн өткөндөрдүн бардыгынын аттарын атап, аларга бейиштен орун беришин тиледи. Бардыгы чогуу бата кылышты. Калдарбек, «адамдар мине үчүн бата кылышат?» — деп ойлоп ага түшүнбөдү.

— Илгери Осумбек чоң атамдын атасынын колунда бар киши болгон экен. Өлөргө жакын бардык балдарын чогултат экен да ар бирине мурастарын бөлүп берет экен. Ошондо Осумбек чоң атама мурастан эч нерсе тийбейт. Ал өзү да минеге мурастан ага тийбей калганына түшүнбөйт. Атамдын бир билгени болсо керек деп унчукпайт. Бир топтон кийин Осумбек чоң атама атасы айтат экен. «Эл башы болгуча суу башы бол» деп айткан элибизде. Бул сөз бекеринен эмес уулум. Сен аябай мээнеткечсиң, колуң тийген жер гүл бакчага айланат. Малдын душмандары көп. Карышкыр, жолборс кыскасын айтканда ит-куштун баары малга кас болот. Анын ичинде адам деген эки буттуу жырткычтар да бар. Сенин малга анча шыгың жок. Сага айылдын башындагы булакты мурас кылдым. Ошол жерден көгөрөсүң. Ошол жерди көгөртсөң ал жер сени да көгөртөт, сенин атыңды түбөлүк сактап калат. Кимдин булагы — Осумбектин булагы деп аталат. Ошентип Осумбек чоң атабыз энчиленген булактын айланасына бак-дарак эгип, ар жылы жазда эл чакырып, мал союп кудай өткөрүп, күзгө маал дагы кой союп элди «түшүм майрамына» чакырып, аты жок булак «Осумбектин булагы» деп атала баштайт. Андан бери канча замандар өттү. Дагы эле «Осумбектин булагы» деп аталат. Мээнет кылсаң акыбети кайтат экен. Канчалаган оор замандар өттү, элдин башына ачарчылык да түштү. Кар оор жаап, суук күндөр өттү. Ошол күндөрдө Осумбек чоң атабыз кап-кап кылып жыйган кактарды элге берип, ачарчылыктан сактаса, суук күндөрү дарактардын кургаган бутактарын жыйып, отунга берчү экен.

— Эже, мен чай кайната койойун, — деди келини. Ордунан туруп, кара чайнекке булактан суу алып.

— Калдарбек уулум, тур, турагой. Өзүңдөн чоң адамдар иш кылып жатканда ордуңдан туруп жардам бер. Кургак чырпыктардан жыйнап кел, от жакканы.

Калдарбек ордунан леп этип туруп, дарактардын кургаган бутактарынан чогултуп таажеңесинин жанына таштады.

— Ой азаматым десе! Чоң болуп ишке жарап калыпсың. Апаңа да жардам бересиңби?

— Ооба, апам иш кылганда алып кел деген нерселерин дароо алып келем.

— Акылдуу бала ушундай болот. Ата-энесине, өзүнөн чондорго дайым жардам берет.

Аңгыча нарыдагы бадалдардан куштун жагымдуу сайраганы угулду.

— Чымчык ырдап жатабы? — деп сурады ал таажеңесинен.

— Булбул деген боз чымчык. Ал бизди көргөнүнө сүйүнүп, сайрап жатат. Булбулдар сайрайт, каргалар каркылдайт, сагызгандар шакылыктайт. Ар бир куштун өзүнүн тили бар. Алар да адамдарга окшоп өз эне тилдеринде сүйлөшөт.

Чоң энеси, «Калдарбек, кетменди алып кел,» — деп калды.

— Азыр, апа.

Ал кетменди желкесине көтөрүп, «апа, алып келдим» деп үнүн бийик чыгара мактангансыды.

— Оо, азаматым! Ишке жарайсың. Менин кылган ишиме көз салып тур. Мен чарчаганда сен аткарасың. Үйрөнгөнүң өзүң үчүн, кылган ишиң мен үчүн.

Чоң энеси кетмен менен булактын четинде өсүп турган чөптөрдү чаап, жол жакка кеткен тарабына таштап жатты. Таажеңеси келип, — «эже, мага бериң кетменди. Аксакал башыңыз менен сизди иштетип койсом элдин бетин кантип карайм,» — деди.

— Бир аз тазалайын. Чарчаганда ансыз деле сага берем.

Калдарбек булактан чыккан тунук суунун ылайланганын карап турду. Азыр эле суу тунук эле. Чоң энеси чекесинен тыбырчыктап чыккан терлерин жоолугун учу менен аарчып, жоолугун чекесине түшүрө байлады да кайрадан кетменди батыра суунун четиндеги чымдарды омкоро чаап жатты. «Оо, апам күчтүү экен. Чоң-чоң ылайларды чарчабастан чаап жатат. Мен апама жардам берейинчи, чарчап калбасын деп» ойлоп, «апа, мен да чаап көрөйүнчү» — деди.

— Сенин белиң ката элек. Күчкө тол, анан чабасың. Али баласың, жашсың.

Таажеңеси чыдай албай эжесинин жанына келди.

— Эже кетменди мага бериң. Эл көрсө да уят.

18+

Книга предназначена
для читателей старше 18 лет

Бесплатный фрагмент закончился.

Купите книгу, чтобы продолжить чтение.