0+
Каакымдын балдарына

Бесплатный фрагмент - Каакымдын балдарына

Турмуш, анын баалуулуктары жана шамал жөнүндө

Объем: 10 бумажных стр.

Формат: epub, fb2, pdfRead, mobi

Подробнее
О книгеотзывыОглавлениеУ этой книги нет оглавленияЧитать фрагмент

Кеч кирип бара жаткан.

Күндүзгү аптаптын ордуна жайбаракат кечки салкын келип, бардык тирүү жандар жеңилдеп калышты.

Өсүмдүктөр жана жаныбарлар уйкуга даярданышып, быжыраган чымын-чиркейлер кечки сейилге чыгышты.

Ошол маалда карып калган Каакым чоң ата небере каакымдарга кеп айтмакчы болот:

— Илгерки каакымдар турмуштун эң башкы баалууулуктарынын бири — өз ыктыярың менен тандоо эркиндиги жана шамалдын оң багыты деп айтышкан, бирок мен аны шарттуу түрдө гана кабыл алам. Эң башкы баалуулук — жаныңда өсүп турган ата-энеңдин жалбырагы!

Небере каакымдар таң калып бири-бирин карап коюшту.

— Чоң ата, эмнеге ата-эненин жалбырагы башкы баалуулук? — деди небере каакымдардын бири.

— Азырынча сурабай эле койгула, убагы келгенде түшүнөсүңөр — деп, Каакым чоң ата күңкүлдөп койду, ичинен дагы «азырынча эрте, боюңар жете элек,» — деди. Анан үнүн жоон чыгарып, «жаткыла, кеч болуп калды,» — деп кошумчалады.

Каакым неберелердин бири чоң атасынын сөзүн эстеп, такыр уктай албай койду.

— Чоң ата, айткан сөзүңдү кайталап, түшүндүрүп берсең эмне болмок эле. Билгениң менен бөлүшүп койчу!

— Билгеним мененби? — деди чоң атасы, көзүн ачпай.

— Айтып бересиңби?

— Макул, ук анда — деди да, бир эстеп алып аңгемесин жайбаракат айта баштады.

Ажайып тоонун бир боорунда каакымдар жашаган экен. Ал боорукер жандар таза абада күндүн энелик мээриминде, талыкпас камкордугунда өсүшкөн экен.

Жаздын апрель айында карлар эрип, каакымдар жапырт өнүп, күндүн нурларында жайкалып турушту. Жаныбарлар, куштар жана ары-бери өткөн сейрек жолоочулар аларды таңыркап карашат. Каакымдар күнгө жүзүн буруп, ар бир күндөн ыракат алып, дүйнөгө күлүмсүрөп мээримин чачышат.

Күндүн биринчи нурлары менен каакымдар таттуу уйкудан ойгонушуп, биринин артынан бири керилип-чоюлуп, сары тебетейлерин жайкалтып кийишет. Күн батканда алар жорткон, учкан, сойлогон, жөрмөлөгөн бардык жандыктарга таттуу уйку, бейпил түн каалап, мемиреп уктап калышат эле.

Ошентип күндөр өтүп жаткан.

Апрель айынын артынан жылуу май айы келип, кичинекей каакымдар бойго жеткен каакым мырза жана каакым бийкеч болушту. Алар бири-бири менен сүйлөшүп, анан үй-бүлө куруп, бала-чака тууралуу ойлоно башташты. Июнь айындагы ысык келип-келбей, алар ата-эне болушуп, анын артынан июль аптабы да келип калды.

Күн июлдун келишине абдан кубанды. Мындан ары ал жердин бетине болгон энелик мээримин өз нурлары менен чачыратып, бардык жандыктарды жана өсүмдүктөрдү ысык кучагына алды.

Ошол чакта каакымдар жаратылыштагы өзгөрүүлөрдү байкабай, бардык көңүлүн балдарына бурушкан. Алар балдарына тоо боорундагы турмуштун мыйзамдары, коркунучтар, кошуна-колоңдорго болгон урмат-сый мамилелери тууралуу жана башка турмуштук тажрыйба жөнүндө билгендерин үйрөтүшү керек эле.

«Бардыгына үлгүрүш керек!» — деп, улуу каакымдар күнүмдүк ата-энелик милдетин аткарып жатышты.

Июль айындагы аптап толук өкүм сүрүп турган ысык күндөрдүн биринде тентек шамал каакымдарды кытыгылап сейилге чыкты. Көбүнчө шамал убактысын бир муздак тоо дарыясынын сайында өткөрөт эле. Каакымдар бири-бири менен ынак мамиледе, тынчтыкта өмүр сүрүп жатышты.

Бесплатный фрагмент закончился.

Купите книгу, чтобы продолжить чтение.